Главная » 2014 » Март » 15 »
22.25
  1. Элдин эсин оодарган адамдар

    Өзгөчө жөндөмү менен элди таң калтырып келген адамдар бардык учурда болуп келген. Табышмактуулук адамдардын кызыгуусун арттырат эмеспи. 
     

    Мишель де Нотрдам 1503-жылы Сен-Реми шаарында туулган. Аны сындагандар да, мактагандар да бар. Алдын ала айтууга мүмкүн болгон нерселерди айткан дешет (билим революциясы, Гитлердин төрөлүшү, СССРдин түптөлүшү жана кыйрашы, 2001-жылы 11-сентябрдагы теракт ж.б). Ал маалыматтарды жылдыздардан алган, астролог болгон. 
     

    Монах-алдын ала айтуучу Авель 1757-жылы туулган. Өзүнүн айтымында, асманга чыгып, эки китеп көргөн. Анын мазмунун жазып калтырган. 1787-жылдан баштап кандайдыр бир үн ага эмне кылышты айтып, буйрук берип турган экен. 
    Кантсе да  Екатерина II жана Павел I нин өлүмүн, Москванын француздар тарабынан өрттөлүшүн жана башка белгилүү окуяларды алдын ала айткан. 
     

     
    Белгилүү сыйкырчы Гарри Гудини 1874-жылы Будапештте туулган. Ал түрмөнүн камераларынан, жүк ташуучу кутудан, кагаздан жасалган мүшөктөн (жыртпай) чыккан, жада калса темир кутудан да чыга алган. 1918-жылы Нью-Йорктогу ипподромдо пилди жогото алган. 
     

    Во́льф Григо́рьевич Ме́ссинг 1899-жылы туулуп, 1974-жылы каза болгон. 11 жашында үйдөн качып, Берлинге барганда ал жерде профессор Абель анын өзгөчө жөндөмүн ачкан. 1937-жылы Польшада "Германия Польшага кол салса эмне болот?” деген суроого "Эгер Гитлер чыгышка бурулса, Германия өлөт” деп жооп берген. 1953-жылы Сталин еврей майрамында өлөт деп алдын ала айткан, ошондой болгон. 
     
    Ва́нга (Вангелия Пандева Гуштерова) 1011-жылы туулган. Ванга 16 жашынан тартып алдын ала айта баштаган. Көп окуяларды алдын ала айткан. 55 жыл ичинде Вангага миллиондон ашык адам кайрылганын математик Михаил Холмогоров эсептеген. Анын жолун жолдогондордун айтымында Ванга адамдын оорусун туура аныктап, келечегин айтып бере алган. Ал эми Москва атеисттер коомунун төрагасы Ю.Г. Горныйдын айтымында ал кадимки шарлотандардын ыкмасын колдонгон: Ванганын көп сандагы жардамчылары келген адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, керектүү маалыматты алып Вангага жеткиришкен. 
     

    Элдик дарыгер, табып Жуна Давиташвили 1949-жылы туулган. "Илимпоздордун айтымында Жунанын колу тийгенде жараттар айыгат, оору жоголот, табышмактуу жол менен толук айыгып кетишет”. Анан да ал картайбай жаш бойдон калгандыгы табышмактуу. Убагында Рим папасы Иоанн Павел II, Леонид Брежнев сыяктуу атактуу адамдарды дарылаган.   
     

    1956-жылы туулган Дэвид Копперфильд 18 жашында телевидениеге чакырылып, "Дэвид Копперфильддин сыйкыры” аттуу берүүнү алып барган. Белгилүү болуп калганда CBS телеканалынан чыга баштаган. Анын чоң иллюзияларынын алгачкысы – самолеттун жок болуп кетиши болгон. Андан кийин элдин көз алдында Эркиндик эстелигин жогото алган. Ошондой эле, Чоң Каньон аркылуу учуп өтүү, Улуу Кытай дубалдарынын арасынан өтүү, дүйнөдөгү эң катаал Алькатраса түрмөсүнөн качуу, Бермуд үч бурчтугуна саякаттоо, жарылып жаткан имараттан качып чыгуу, Ниагар шаркыратмасынан өзүн таштоо, көрүмчүлөр мекендеген үйдү изилдөө жана күйүп турган отто жашоо сыяктуу иллюзияларды аткарып элдин эсин оодарган. 
     

    Сыйкырчы, гипнозчу, йог жана музыкант Крисс Анжел 1967-жылы туулган. Ал акылга сыйбаган трюктарды жасайт. Ал дубалдарда басат, учат, күйөт, экиге бөлүнүп калат. 
     
    "Кыргыздын Вангасы” аталган Алмакан Бекованын алдын ала билүү жөндөмү жаш кезинде эле байкалган. Интернаттагы эжейин кырсык күтүп турганын сезгенби, айтор, "бүгүн кипятильникке суу ысытып кир жуубай эле коюңузчу” деген секелек кызга эжейи көңүл бурбай эле үйгө барып, кипятильникке суу ысытып жатып ток тартып каза болгон экен. 1997-жылы "Ордо” гезитине берген маегинде "Ак үйдүн алдынан өткөндө кан жыттанат, кан төгүлөт... Түштүктө кошуналарыбыз кайра көтөрүлүшөт...” деп айткандары архивде сакталуу. Мындай кагылышуунун алдын алуу керектигин бийлик башындагыларга дайыма айтып келгени менен эч ким ишенген эмес. 
    1997-жылдары КГБны жетектеген Бакаев жол кырсыгына учурап, жөн эле өлүп калбай көпкө комада жатып калаарын көрүп, Ак үйдүн алдына барып "ошол кишини сактап калыш керек. Мынчанчы күнү мынчанчы саатта эшикке чыкпасын. Айтып койгула!” деп 3 күн бою кыйкырып жүрөт, бирок Бакаевге маалымат жеткирчү адам болбойт. Тескерисинче, бул аял жинди болуп калды деп Чымкоргондогу психооруканага жеткирип салышкан. Андан кийин ал айткандай ошол күнү Бакаев автокырсыкка учурап, көпкө комада жатып жан берет. Ушундан кийин саясатчылар аны психооруканадан чыгарып, кызматынан пайдалана башташкан. Андан бери Кыргызстандагы эле эмес, башка өлкөлөрдөгү белгилүү саясатчылар да анын кызматынан пайдаланышат. 
     

    Даярдаган Назира Манас кызы
Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 905 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 1
1 Qlvbnq  
0
order lipitor 20mg online cheap <a href="https://lipiws.top/">atorvastatin 80mg cost</a> brand atorvastatin 80mg

Имя *:
Email *:
Код *: