Главная » 2014 » Март » 15 »
22.29

Дүйнө элдеринин таң калыштуу салттары: Чыныгы эркек

Аялдын ролун аткаргандар 
  
Көпчүлүк индейцтерде "үчүнчү жак” түшүнүгү тараган (бул аялдын жашоо образын алып жүргөн эркектерге карата айтылган). Антропологдор аларды "бердачи” деп коюшат, а азыркы адамдар "эки жандуу” дешет. Изилдөөчү  Рихард Дрекслер жазгандай, алар аялдын иштерин жасашкан. Анын үстүнө, уруунун башка эркектери "бердачилерди” аялдыкка алышкан. Табиятынан сулуу төрөлгөн уул балдар "бердачи” катары тарбияланышкан, анткени алардын сулуулугу эркектерди кызыктыраарынан үмүт болгон. 
 
Келин керек болсо жетип ал! 

Кыз ала качуу ырымы дин ишениминин жайылышы менен көп элдерде жоюлган. Бирок кээ бир элдерде азыркы күнгө чейин сакталып калган. Синай жарым аралында жашаган арабдар арасында мындай салт бар: кыз үйлөнүү той күнү канчалык канчалык каршылык көрсөтүп, канчалык көз жаш төккөнүнө жараша аруулук, жөнөкөйлүк статусун алат. Ирландия салтына ылайык келин качып кеткенге аракет кылып, күйөө жолдоштору аны кармап келбесе никени мыйзамдуу деп кабыл алуу кыйын. Уэльсте чиркөөнүн алдынан келинди анын туугандары алып качып кетиши керек, а күйөө жана анын жакындары кызды тапканда гана аны салтанаттуу түрдө күйөөгө беришет. Ага салыштырмалуу кыздын каршылыгына карабай бейтааныш адам ала качып кетип, кемпирлер босогого жатып алып, отургузуп коюшу алда канча таң калыштуу. 
 
Чыныгы эркек 
 
Түштүк Африканын Кхоса урууларында «абаквета» деп аталган баланы сүнөткө отургузуу ырымы жасалганга чейин бала адам катары эмес, буюм катары каралат. Бала өспүрүм курактан өткөндө же ага чейин бул ырым жасалат. Ырымды жасоо үчүн хирург-жрец таң атканда баланын үйүнө келатканын көргөн аялдар онтоп башташат. Жрец баланы көргөндө аны "ит”, "буюм” деп атап кыйкырат. Операция курч лезвия менен жасалат. Бала ыйлабай, онтобой туруп бериши керек. Жыныс мүчөсүнүн сырткы терисин алгандан кийин жрец "эми сен эркексиң” деп сыймыктануу менен айтып, терисин баланын алдына ыргытат. Бала аны колуна алып, бекем кысып, "мен эркекмин” деп кайталашы керек. Бала аны кумурсканын уюгуна көмүшү керек. Андан кийин жрец кумурсканын уюгунан топурак алып, ага суу кошуп, бул жижаны баланын бетине, көкүрөгүнө сүйкөйт. Акырында бул суу, топурак аралашмасын бала ууртайт. Андан соң баланын денесине ак ылай сүйкөп, жаңы жуурканга оройт. "Эркектин” атасы жрецке 50 тыйын төлөйт. Тилекке каршы, мындай ырымдан кийин көпчүлүк балдар сепсис, гангрен оорулары менен, суусуз кургап калгандыктан Чыгыш Кейптин ооруканасына түшүшөт. Көпчүлүгү андан толук айыгып кете алышпайт. 
 
Жыныстык мүчөсү менен саламдашышат 
 
Кээ бир эскимос урууларынын эркектери бейтааныш адам менен саламдашуу үчүн катарга тизилишет. Алардын бирөөсү чыгып, коноктун башына чапканда, конок тараптан да ошондой эле жооп күтүлөт. Ушинтип отуруп эки жактан (эскимостор же бактысыз конок) кимдир бирөө жыгылып калганга чейин сокку берүү улана берет. Ушинтип саламдашууну каалайт белеңиз?   Же Папуа Новая Гвинеядагы кээ бир уруулардын саламдашуу салтына кандай дейсиз? Ал жерде эркектер менен алардын жыныстык мүчөсүнүн учун кармап саламдашышат. Эркектер дээрлик жылаңач жүрүшөт. 
 
Бир жылда эки жолу жолудан ашык жуунбагыла 
 
Адамдын жылаңач денесин чиркөөлөр жактырбагандыктан орто кылымдагы Европада жуунуп-тазаланууну дээрлик унутуп калышкан. Жада калса колунда бар үй-бүлөлөр да бир жылда эки жолудан ашык жуунган эмес. Бир жылда эки жолу ысык суу толтурулган чоң ваннага алгач үй-бүлө башчысы түшкөн. Андан кийин балдары, туугандары катарлашып түшүшкөн. Эркектер эптеп кир-когун кетиргенден кийин ал сууга аялдар түшүшкөн. Жаш кыздарга эң акырында кезек жеткендиктен кир сууга түшүүгө аргасыз болушкан.  Акырында суу ушунчалык кара кир болуп калгандыктан наристени колдон түшүрбөй жуунтууну сунушташкан. Андыктан эркектер чачын кырып, жасалма чач кийип жүрүшкөнүнө таң калуунун кажети жок. Бирок жасалма чач кийгенге баарынын эле мүмкүнчүлүгү боло берген эмес. Жасалма чачты жуугандын ордуна нандын ичине салып, бышырышкан. Мештин ысык табы чачты борпоң кылып койгон. Көтөрүлгөн борпоң чач адамдын саламаттыгынын белгиси болгон. 
 
Ийгилик үчүн жубайын алмаштыруу 
 
Бир жылда жети жолу Пон деп аталган майрамда индонезиялыктар ийгилик алып келген ырым-жырымды жасоо үчүн Ява аралындагы ыйык тоого барып сыйынышат. Ийгиликке жетиш үчүн алар өздөрүнүн жубайынан башкасы менен түндү өткөрүшү керек. Алардын ишениминде 7 жолу бир эле адам менен жатса калоо-тилектери аткарылат. 
 
Сүйүүдөн күйүү 
 
Индияда 1829-жылы "сати” ырымына тыюу салынганына карабай мындан арылуу оңойго турган эмес. Эркек өлгөндө аялы от жагылчу жерди 7 жолу айланып, күйөөм менен бирге кетем деп сүйүнүп, күйөөсүнүн сөөгүнүн жанына жатышы керек. Андан кийин туугандары байкуш аялды байлап, отту жаккандан кийин отко кургак отундарды ташташкан. 
 
Садизмдин автору 
 
Маркиз де Сад 1768-жылы Роуз Келлер деген сойкуну көп убакытка камап, өзү каалагандай кыйнаган. "Садизм” – бирөөнү аёсуз кыйноо менен ишке ашырылган сексуалдык бузукулук. "Садизм” термини 1834-жылы де Сад өлгөндөн 20 жыл өткөндөн кийин сөздүккө киргизилген. Маркиз де Сад көптөгөн сексуалдык кылмыш кылганы үчүн айыпталып, 30 жылга эркинен ажыратылган. 
 
Креативдүү саламдашуулар 

Бетти жана Франц Баумлейдин жесттер сөздүгүнө ылайык адамдар өз ара пикир алышууда  дене мүчөлөрүн колдонушат. Мисалы, Тибетте тааныш адамы менен оң колунун бармагын көрсөтүү менен бирге тилин чыгарып учурашышат. Таитиде досунун келгенине кубанычын билдирүүнүн жолу үрөй учурат: өзүн акуланын тиши менен кесип, оорудан улам каңшылап жибериш керек. Филлипиндиктерде конокту кабыл алуунун белгиси катары алаканын же таманын (коноктун маанилүүлүгүнө жараша) өзүнүн бетине сүртүшү керек. 
 
Назира Тилекова

Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 1469 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 1
1 Srjykw  
0
order generic lipitor 10mg <a href="https://lipiws.top/">lipitor 10mg tablet</a> atorvastatin sale

Имя *:
Email *:
Код *: