Главная » 2014 » Март » 8 » Аялымды миллионго алмаштым
18.04
Аялымды миллионго алмаштым

Аялымды миллионго алмаштым

Эрте келген сүйүү... 
 
Биз Жазгүл экөөбүз үч жарым жыл мурда 9-класста окуп жүргөн кезден тартып кыз-жигит болуп жүрө баштадык. Экөөбүз бири-бирибизди катуу сүйгөндүктөн 11-классты бүтөөрүбүз менен баш кошуп алдык. Албетте ата-энелерибиз биздин мындай кадамыбызга жаш экендигибизди айтышып, азырынча эрте деп каршы чыгышты. Бирок, бизди эч ким, эч нерсе токтото алган жок. Үйлөнгөн соң өзүнчө жашоону көздөп дароо шаарга келип батирге чыгып алдык. Азырынча жогорку окуу жайды коё туруп, алгач иштейли дедик. Ошентип экөөбүз тең бир кымбат ресторанга официант болуп орношуп калдык. Жумушубуз аябай жакшы болуп чыкты. Тактап айтканда маянабыз батирге, тамак-ашка, кийим-кечек, баскан-турганыбызга кенен жетип жатты. 
Жаш болгонубуз үчүнбү, айтор эс алуу күндөрдү толугу менен сайрандоо жайларында көңүл ачып өткөрүүнү адатка айландырып алдык. Убакыт өтүп, Жазгүл экөөбүз чогуу бир үй-бүлө болуп жашап жатканыбызга жарым жыл болуптур. Бул убакыт аралыгында Жазгүлдүн боюнда болгон жок. Себеби, бутубузга туруп алмайын балалуу болууну коё туралы деп чечкенбиз. Анын үстүнө жашыбыз дагы араң он сегизге чыккан эле. 
Жазгүл экөөбүз бир жерде иштегендиктен, күнүнө жыйырма төрт саат, жумасына жети, айына отуз күн чогуу жүрөт элек. Экөөбүздүн минтип күнү-түнү дебей чогуу экендигибизди көргөндөр, «тажап кетпейсиңерби?» деп сурашчу. Бирок, биз бири-бирибизди аябай сүйгөндүктөн тажамак түгүл, ажырашпай туруп эле сагынышып кетчүбүз. Жазгүл мен үчүн дүйнөдөгү эң сулуу, эң кымбат жан эле. Ага билдирбесем да кызганамын. Жумушта кардарлар ага көп тийишет. Эркектердин баары Жазгүлдүн телефонун сурап, таанышууга аракет жасашат. Бул нерсе Жазгүлдүн жагымдуулугунан кабар берет. А менин жиним келет. Билбейм, эгер мен башка жерде иштесем эмне болмок?.. Жазгүлгө көз арткандарды көрүп олтуруп, башка жерде иштөө оюма дагы келбейт. Жада калса, бул нерсени элестетсем, жаман болуп кетем. 
 
«Үңкүр да болсо үйүң жакшы…» 
 
Туура бир жылдан кийин айылга Жазгүлдүн төркүнүнө барып келдик. Андан кийин эле менин үйүмө барып жүрүп келдик. Экөөбүздүн тең ата-эне, тууган-урук, жакын адамдарыбыз акчабызды чогултуп, жер тилкесин болсо да алып, там салып, өзүбүзчө үйлүү-жайлуу болушубузду айтышты.  Ойлоп көрсөм чын эле өзүбүздүн үйүбүз болсо жакшы болмок экен дедим. Бул туурасында мурда эмнеге ойлогон эмесмин? 
Биз иштеген ресторандын казиносу да ачылып, жакшынакай официант кыздарды казиного иштегенге которуп коюшту. Эмне деп ойлоп жатасыңар?.. Туура, албетте Жазгүлдү дагы казиного биринчи кезекте которушту. Жаман болдум, бирок айла жок. Каршы чыгайын десем жумуштан айдалып кетебиз. Ошентсе да, өзүмдү алаксытып, макул болууга өзүмдү мажбурладым. Анын үстүнө казинодо акчасы ресторандыкынан эки эсе көп экен. Бир жагынан Жазинин казиного которулушу жер алуубузга түрткү болду. Менин айылдагы үйүмдү залогго коюп 10 000 доллар кредитке алдык. Менин айлыгыма жашап турсак, Жазинин айлыгын кредитке төлөп, бир жылга жетпей кутулуп коёбуз деп ойлодук. 5 000 долларына жер алдык дагы, 5 000 долларына курулуш материалдарын алып, тамды сала баштадык. Алгачкы үч ай баары биз ойлогондой эле болуп жатты. Өтө чоң эмес болсо дагы үч бөлмөлүү үйүбүз салынып, кредит өз убагында төлөнүп жатты дегендей… Курулуш иштеринин акыркылары калганда кар жаап кыш да келип калгандыгына байланыштуу жумушту жазга чейин токтотуп турууга туура келди. 
Кышында бош убактыбыздын көбүн эс алуучу жайларга барбай үйдө өткөрүп калдык. Салынып жаткан үйүбүздү эстегенде кандайдыр бир турмушка болгон жоопкерчилик пайда болуп, өзүбүздү мурдагыдан бир аз да болсо чоң сезип калдык. Жазгүл экөөбүз сыр катпайбыз. Жази жумуштан келген сайын казинодогу кардарлары, алардын канча акча утуп же уттурганы туурасында айтып берет. 
 
Арты жаман сүйүнүч… 
 
«Эрнис, Эрнис, сүйүнчү» деп кыйкырып, сүйүнүп келди Жазгүл жумуштан. 
- Болсун! - дедим мен токтоо үн менен.
- Элестет, мени Америкага жумушка чакырып жатышат. Айлык акысы да көп экен. Жарым жыл иштеген акчаны чогултсак эле кабатту үйдөн батир алып алууга мүмкүн экен, - деп шашып кубанып жатты Жази.
- Жази, шашпай олтуруп, баарын түшүндүрүп айтчы. Эмне жумуш, ким чакырып жатат? – дедим мен.
- Биз миллионер болобуз! Казинодо биздин такай кардарыбыз бар эле. Ал көрсө Лас-Вегастагы казинолорго Кыргызстандан диллер, официант деген сыяктуу кызматкерлерди фирма аркылуу жумушка орноштурат экен. Бүгүн мага дагы ушундай жумуш сунуштады. Документтерим даяр болгон соң, бир айдай окуп, кетсем болот экен. Жатаканабыз, баары даяр, - деп оозу оозуна тийбей сүйлөп жатты Жази. Акчасы жакшы болгону менен Жазгүлдү жөнөткүм келген жок.
- Кой, ал жакты эмне кыласың. «Ач кулактан тынч кулак», бул жакта эле иштей берчи, - дедим жинденгенсип.
- Мен албетте сенин каалооңо каршы кетпейм, бирок жакшылап ойлонуп көрчү, - деп маанайы чөгө түштү Жазгүлдүн. 
Ошентип Америкага чакыруу туурасындагы сунуш жоопсуз калды. Арадан бир жума өтпөй биз иштеген ресторан менен казино өрттөнүп кетти. Эмне болуп өрттөнгөнү же бирөө өрттөгөнү белгисиз бойдон калган ресторан менен казинонун кызматкерлери жумушсуз калышты. Алар менен катар эле биз дагы жумушу жок калдык. Башка жумушка орношкуча ойлонуп жүрүп, Америка туурасындагы сунуш эсиме түшүп, Жазгүлгө ошол байкеге чалып көрүүсүн айттым. Ал дароо макул болуп чалды. Айтор, сунуш күчүндө экен. Ошентип макулдашышып, документтерди даярдап, бир айдан кийин Жазгүл Америкага учуп кетти. «Эгер жакпаса кайра бир айдан кийин келип калам» деген Жазгүлдөн үчүнчү ай кабар жок. Жөнөткөн фирмага барсам, ал эбак жабылып калыптыр. Өзүм кайра эстетип жөнөткөнүмө жиним келет. Ата-энесине сүйлөшүп жатам, жакшы жүрөт деп коём. Убакыт өткөн сайын жүрөгүм жаман нерсени сезгенсип тынчсызданам. Өзүмдү күнөөлөйм… Баарынан дайыны жок жоголгон жаман тура…
Аялымды миллионго алмаштырдым…

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1204 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 1.7/9
Всего комментариев: 1
1 Yckljw  
0
buy lipitor 80mg sale <a href="https://lipiws.top/">buy lipitor online cheap</a> order lipitor 80mg without prescription

Имя *:
Email *:
Код *: