Главная » 2013 » Май » 24 » Бул жашоо эмнеси менен кызык?
01.57
Бул жашоо эмнеси менен кызык?
Эмне үчүн адам баласы кыска гана өмүрдү сүрүп, андан кийин караңгыга кирип кетет? Сен, мен, баарыбыз бүгүн болбосо да кийин бул дүйнөдөн кайтабыз, бирок кайда? Эмне үчүн кудай жакшы адамдарды эрте алып кете берет? Жексурун, мыкаачы, ташбоор, кара жүздүү адамдарга эмне үчүн узак өмүр берилет да, жакшынакай, ак пейил, жумшак мүнөз адамдарга кыска гана өмүр берилет? Оо, кудай жакшы адамды алып кеттиң да, анын жакындарын эч ойлогон жоксуң. Эмнеге? Бизди ыйлатып, сыздатып, көрбөгөн көргүлүктү көрсөтүп, кыйналтып бир адамды аркы дүйнөгө алып кете бердиң.
Достор мен азыркы учурда ушунчалык буулугуп отурган кезим. Ыйлай берип көзүмдөн жаш да чыкпай калды. Кыйналып, ичимдеги буулугуп турган сырымды силерге баяндап бербесем болбос. Бул жашоого бири келсе бири кете берет экен, бири бактылуу болсо, бири бактысыз болот экен, бири байлыкка калкып жыргаса, бири байлыкка жетпей сыздайт экен, бири жакшы болсо, бири жаман болот, айтор бул жашоо ошонусу менен кызык турбайбы. Жакында бир адам бул дүйнө менен кошотошуп, алыска сапар аттанып кете берди. Жакындарын да ойлогон жок, аларды караңгы тунгуюкка камап кеткенсип, баарын таң калтыра берди, бул күтүүсүздөн келген өлүм. Өзү жапжаш, бир үй-бүлөөнүн мактана турган, сыймактана турган созолонгон келини эле. Турмушка чыкканына 5-6 жыл болсо да, бир адамга терс мунөз көргөзгөн жок. «Апа, апа» деп кайненесин өзүнүн апасынан да артык көрөр эле. Турмушка тың, өзүнө тыкан, орто бойлуу, сулууча келген келин, минтип бүгүнкү күнү топурак астына көмүлүп калаарын ким ойлоптур? Анын бул дүйнөдөн кайтканын уккан өзүнүн ата-энеси эмне болду дебейсинби?! Айла жок, кызынан ажырап, кимге күнөөнү коё турганын да билбей, акыркы сапарга келиндин кайын журту менен кошо узата беришти. Сүйгөн адамынан, жубайынан ушинтип эрте ажырап калаарын билди болду бекен, келиндин жолдошу?! Турмуштун тамашасын кара, өлө турганын билип тургансып көптөн бери башкача болуп жүргон экен, же ичинен сызып жүрдүбү, же бирөөгө таарындыбы, же жашоодон тажадыбы, айтор ал өз жанын өзү кыйды.
Эмнеге антип кете берди? Эч кимге сырын да айтпайт, кат жазып да калтырбайт, түшүнбөй эле отуруп калдык. Көп элдин айтуусу боюнча аны шайтан азгырдыбы? Билбейм, түшүнөбөйм, баарыбыз ыйлап-сыктап кала бердик. Андай болоорун ким билди? Баарынан да жүрөк оорута турганы, баарыбызды ойлонто турганы анын артында калган төрт баласы болуп жатпайбы. Кудайым, башканы ойлобосо да, ошол төрт баласын ойлобой алып кете бербедиби. Улуусу төрттөн ашып, кичүүсү алты айлык, али эмчектен чыга элек кезинен апасынан ажырайт деген эмне шумдук?! Чурулдашып, апасынан айрылып жатканын билишпей, кичинекей балдарга кошулуп ойноп жүрүшөт. Ар бирин көрүп, бооруң ооруйт, ичиң ачышат, ушул бир келген жашоодо балдарынын бактысына бөлөнуп жашай бербей, баарын сыздатып кете берди, эмне себептен? Энесинен эрте ажыраган балдарынын келечеги кимди гана ойлондурбайт?! Кудай аларда эмне күнөө, эмнеге ал байкуштарды энесинен ажыраттың? Эми алар чон апасы менен атасына гана карап отуруп калган кези. Дагы жакшы, чон апасына жакын болуп, өз апасынан айрылганын сезбей жүрүшөт. Кичүүсү гана энесинин жытын издеп, куса болбосо, калгандары эч нерсе болбогондой, ойносо оюнга тойбой, күлсө күлкүгө тойбой, балдарга кошулуп, бизди аз болсо да кубандырышат.
Эмнени гана көрбөйбүз, бул жашоодон?! Жада калса акырында өлүмгө да кадам таштайбыз
Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 2652 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 2.2/5
Всего комментариев: 1
1 Whbhiv  
0
atorvastatin 80mg pill <a href="https://lipiws.top/">lipitor oral</a> order lipitor 20mg online cheap

Имя *:
Email *:
Код *: