Главная » 2013 » Май » 24 » ЭГИЗДЕР ЖҮРӨГҮ
02.14
ЭГИЗДЕР ЖҮРӨГҮ


«Айшанын келининин ичи чоң, ушу эгиз төрөйт го, анан калса Асан калпанын түгөйү бар болчу дешет». Айылдагы кемпирлер сууга келген келинге карата ушинтип шыпшынып шыбырашып калышты. Жаш келин укту да, уялыңкы алар менен учурашып өтүп кетти.
– Ай, күйөөңдү айтпайсыңбы, оор көтөрбө, кокуй, биринчи балаңда эле...
Келиндин артынан калп кыйкырып кала беришти отурган коңшу аялдар. Эки чака сууну көтөрүп кирип эле ичим деп калды. Күйөөсү да жок эле, кайненеси төшөк көктөп отурган болчу, жарыктык. 
– Апа, апа, ичим...- деп араң сүйлөгөнүн аял укпады. Ушул учурда келиндин заманасы куурулду, үнү чыкпайт, ичин кармап дубалга сүйөнүп бозоруп турат. Кудай жалгап, ырдап отурган кайнене бери карай калбаспы.
– Алда балам, ай, оор көтөрбө деп айтпадым беле?!Арадан бир саат өтпөй жарыкка наристелер келишти. Күткөнүндөй эгиз экен, Батма, Зуура коюшту атын. Батмасы биринчи төрөлгөнү менен, бир аз кичинекей, Зуурасы чоң. Убакыт өтүп кыздар кериле бой жетишти. Булар эң көп уккан сөз«эгизсиңерби? Кимиңер Зуура? Кимиңер Батма?» Экөө тең куунак, шайыр мүнөз кыздар. Ата-эне кыздарын билимдүү болсун деп жогорку окуу жайга өткөрдү. Ээрчишип жүргөн экөө кесип тандоодо эки ойго кептелишти. «Дайыма эле ээрчишип жүрө берет белек, мен өзүм көксөгөн кесипти тандайм, сен медик боло бер» деди Зуура. Ошентип, Зуура филологияны тандады, Батма медучилищеде окуп жүрөт. Адаттагыдай окуудан чыгып Батма троллейбуска түштү. Кимдир бирөө сумкасын тарткылаганынан чөнтөкчүдөн жапа чегип көргөн жаны чочуп кетти. Катуу жулкуп сумкасын тартып алып, алдыга жүткүндү. Колу титиреп коркуп турган кызга карап Марат күлүп жиберди.
– Коркпоңуз, чөнтөкчү эмесмин, болгону сумкаңыздын темир боосу галстугума илинип калыптыр.
Кыз жигиттин өңүнө эми үңүлдү. Жай гана жылмайып, кайра ойго чөмүлдү. 
– Сабактан кайттыңбы? 
Жооп бергиси келбей турганын билсе деле улам суроо берген жигитти тиктеп туруп кандайдыр бир жакындыкты сездиби Батма, айтор, тартылды. Тамашалашып, тез эле таанышып
алышты. 
– Мен түшөм, кайыр.
– Мен да түшөм. Экөөбүз кошуна эмеспизби?.. 
Жигит эбак эле үйүнөн өтүп кетсе да, Батманын жанынан кете албай келаткан. Акыры телефонун алып, кайра артка жөнөдү. Арадан көп убакыт өткөнгө Батманын эсинен ал
таанышуу чыгып калган экен. Сырттан шуулдап кирип келген түгөйү:
– Адамдар кызык же мени бирөөгө окшоштурдубу, «Айзатсыңбы?» деп жанымды койбой ээрчип келди бир бала...- деп улам терезени шыкаалап карап «тигине турат, кетпей»
деген Зуураны карап эми эстеди.
– Аты Марат эмеспи?
– Ооба, сен кайдан тааныйсың? Во, токто, сен Айзат боло калмай адатың кармаган экен, ээ? 
Эгиздер каткырып күлүп калышты. 
– Чык анда, түшүндүр.  
– Шашпа, давай башын айлантабыз...
– Кантип? Жинди болдуңбу, жөн турчу, эй!
– Ушинтип эле, экөөбүз тең Айзат болобуз. Бир күнү мен чыгам жолугушууга, экинчи күнү сен. 
Тентек кыздар ушинтип план түзүп алышты. Ушул күндөн баштап, жолугушууга чыгып башташты. Бир күнү Зуура гүл көтөрүп кирет, кийинкиде Батма кубанат. Дал келбей калган
жерлерин айтып алышып, боору эзилгенче күлүшөт. Айтор, кыздарга даяр оюн табылды. Бирок убакыт өткөн сайын ал чалбай калса, күтүшүп «не болду экен?» деп санааркай
башташты. Бири-биринен сурап коюшат, «сен жаман сөз айтпадың беле?» деп. Жылуу сөз, ынак мамиле кыздарга жагып, жигитти жактырып калышканын эгиздер алгач аңдайалышпады. Кийинчерээк бири-биринен кызгана баштады, «бүгүн деле мен чыгайынчы» дегенге өтүштү. 
– Өзүм баштаган оюнду өзүм токтотом, болбойт мындай, Зуура!
– Сен мага караганда 15 мүнөт эрте төрөлгөнсүң, улуусуң. Токтотпо мамилени, улай бер. Мен кийлигишпейм болду. Сен бактылуу болсоң мен кубанам.
Зууранын мындай сөзү Батмага дем-күч берди, кубанып сыртка чыгып кетти. 
«Кызык, эмнегедир Мараттын чачы өскөнсүп турду эле, бүгүн кыркып койгонбу?» Батма жигитти карап калды.
– Таң калба, баарын бүгүн айтып берем, Батма, же сен Зуурасыңбы?
Кыздын көзү алая түштү, демек, билген экен да. Дендароо болуп турган Батманы колдон жетелей ары басты Марат. 
– Сени бир көргөндө эле байкагам, тамашакөй жан экениңди билгем. Балким, бул Жараткандын буйругудур. Балким, бул биздин...
– Мени кечир, жок, бизди кечир. Сенин сезимиң менен ойногонубуз үчүн...
– Бул жерде кечирим суроонун кажети жок, жаным. Силер да бизди кечиргиле!
Батма дале башын көтөрбөй шылкыйып турат. Марат ого бетер сөздүн гүлүн терип сүйлөп, аз жерден философ болуп кете жаздады. 
– Зуураны чакырсаң, анда да сөзүм бар.
– Мага айта бер, анын атынан да кечирим сурайм. 
– Биз Мурат экөөбүз силерден кечирим сурашыбыз керек кайра!
Батма ушул сөздөн кийин безге сайгансып чочуп кетти. 
– Мурат?
– Ооба, Мурат менин эгизим, сен Зуураны чакыр, мен Муратты. 
Арадан бир топ убакыттан соң төртөө өз жоруктарына күлүп отурушту. Көрсө, кыздар алдап жатабыз деп маашырланса, жигиттин да түгөйү бар тура. – Зуура с тамгасына басым жасап сүйлөйт, аны эртеси эле билип калгам. 
– Ой десе, анан?
Кыздар ого бетер кызыгып калышты.
– Анан үйгө барып Муратка «бир пери менен тааныштым, бирок эгиздер экен, тааный албай башы катты» деп айттым. Ушул жерден Мурат сөзгө кошулду. 
– Анан мен план «Бны» ойлоп таптым. Зуурага мен келчүмүн, а Батмага Марат. Жаштар ого бетер шаңдуу эле. Ошентип, тамашалуу таанышуу, жолугушуунун арты алардын бир
күндө үйлөнүп бактылуу болушу менен аяктады. Көрсө, тагдыр ар кимибизге ушундай белек тартуулайт экен. Эки жүрөк кантип табышып калганынын да убакыт-сааты, өз мерчеми
болот турбайбы. Азыр Батма, Зуура, Марат, Мурат 11.11.11. датасында үйлөнгөндөгү сүрөттөрүн карап жакшы күндөрүн баарына айтып берүүгө шашышат.

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1192 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 1
1 Qjpwkd  
0
lipitor 80mg cost <a href="https://lipiws.top/">buy lipitor 10mg without prescription</a> buy generic atorvastatin

Имя *:
Email *:
Код *: