Главная » 2014 » Март » 8 » Мүрзөдөн тирилген кыз
18.00
Мүрзөдөн тирилген кыз

Мүрзөдөн тирилген кыз

Мүрзөнү казып, кызды көтөрүп ийнине артканда, кыз чакап, ойгонуп кетти… 
 
Мен турмушка эрте чыккам. Бирок, жалгыз эле кыздуу болуп, андан кийин ден соолугума байланыштуу төрөй алган жокмун. Жашоо шартыбыз аябай эле жакшы эле. Жолдошум бир жерде жетекчи, а мен үйдө олтурам. Себеби, жолдошум мени кызганып иштеткен да жок. Бирок, мен үйдө жөн олтурбастан жалгыз кызыма татыктуу тарбия берүүгө жетиштим десем жаңылышпайм. Ошентип кызым дагы жетинчи класска келип калды. 
 
Бир күнү кызым экөөбүз үйдө олтурганбыз. Мен бир нерсе тигип жаткам, ал эми кызым Гулина кийимине топчу кадап жаткан. Бир маалда эле Гулина жипти ийнеге саптайм деп топчуну оозуна салып сүйлөп ийип, топчуну жутуп алды. Дем жетпей, кызарып жатып калды. Тез жардам чакырдык, бирок алар келип кечигип калышканын айтты. Тагдыр ушул экен, жалгыз кызымдан да айрылдык деп, ыйлап-ыйлап кала бердик. 
Гулини көмөөрдө анын эң жакшы көргөн көйнөгүн кийгизип, жакшы көргөн алтындан жасалган зер буюмдарынын баарын тагып койдук.
Ошентип Гулини көмгөндөн кийин эртеси күнү эле укмуштуу окуяга туш болдук. Ооруканадан үйгө чалышып, Гулинин тирүү экендигин айтышты. Мындай нерсени мүмкүн эмес экендигине таң калып, өзүмө келе албай жаттым. Эгер ушул нерсе чын болсо, анда дүйнөдө менден бактылуу адам болбос эле деп ойлонуп жаттым. Бирок, кантип мындай болушу мүмүн? Фантастика… 
Алгач мени менен тамашалашып жатышабы деп, жаман болдум. Ушундай нерсе менен да тамашалашышабы? Кан басымым жогорулап мен да дароо ошол күнү ооруканага жатып калдым. Бирок, мага ооруканадан баарын шашпай түшүндүрүп беришкен соң, өзүмө келип сүйүндүм. Ошол учурдагы менин абалымды сөз менен жеткирип бере албайм. 
 
Көрсө, кызымдын кымбат зер буюмдары менен көмүлгөнүн билген эки ууру жигит мүрзөнү казып, Гулинин зер буюмдарын уурдашмак экен. Булар мурда да ушундай иш менен алектенип келишиптир. Жерди казып, Гулини көтөрүп ийнине артканда кызым чакап, оозунан топчу учуп кетиптир. Көтөргөн баланын ээси ооп калса, экинчиси качып кетиптир. Алы жок Гули мүрзөнүн кароолчусуна эптеп жетип, кароолчу аны ооруканага жеткириптир. Бул нерсе врачтардын кайыр кош мамилесиненби, иши кылып Гули ошол топчунун эки тешиги аркылуу билинбей дем алып жаткан экен. Бул нерсени өлүм менен тирүүлүктүн ортосундагы жашоо деп аташат экен. Ошентип баягы эки ууру балдар уурулугун ташташып, менин кызымды да кайра жашоого алып келишти. Алардын уурулугу адамдын өмүрүн кайтарып жаткандыгы үчүн, мен аларды тескерисинче жакшы көрүп, ичимден ыраазы болуп жаттым. Эми баары жакшы, уурулар да оңолду, менин кызым да жаныбызда. 
 
Ким билет, мүмкүн ошол уурулар болбогондо кызым ошол бойдон кете бермекпи…

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1691 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 1.6/7
Всего комментариев: 1
1 Ltdhgz  
0
order lipitor 80mg generic <a href="https://lipiws.top/">buy lipitor medication</a> atorvastatin 20mg pill

Имя *:
Email *:
Код *: