«МЕНИН АПАМ – СОЙКУ» - 24 Мая 2013 - Кыргызча ырлар 2013


Главная » 2013 » Май » 24 » «МЕНИН АПАМ – СОЙКУ»
02.17
«МЕНИН АПАМ – СОЙКУ»


Редакциябызга бир кат келди. Ал катта 15 жаштагы баланын бугу, көөдөнгө батпаган көйгөйү экен, көрсө. Тогуз ай бел талытып көтөрүп төрөгөн апасына нааразычылыгын каарманыбыз төмөнкүчө кагаз бетине түшүргөн экен.

«АПАМ ҮЧҮН АЗАП ЧЕГИП, ЭЛДЕН УЯЛАМ»
«Урматтуу редакция! Ушул катты гезит бетине сөзсүз жарыялап койгулачы» деп суранган окурманыбыздын жан дүйнөсүндөгү көйгөйүн, азабын гезит бетине жарыялабай коё албадык. Белгилүү себептерден улам кат ээсинин аты өзгөртүлдү. Кат төмөнкүдөй жазылган экен, төкпөй-чачпай назарыңыздарга тартууладык:
– Менин атым – Нурбол, 15 жашка чыктым. Ичимде айтып бүткүс арман бар. Апам үчүн азап чегип, элден, курдаштарымдан уялып келем. Асынып же уу ичип өлгүм келет, бирок атамды жана күйөөгө тийген 2 эжемди гана аяйм. Дүйнөдө эң жек көргөн адамым – апам. Себеби менин апам – кадимки эле жийиркеничтүү сойку. Атамдын көзүнө чөп салып, көп жылдан бери ойноштук менен акча табат. Бул тууралуу атам эч нерсени билбейт. Себеби ал өзү таза, өтө түз жүргөн адам. Эч кимге жамандыгы жок, анан да апама абдан ишенет. 
Эсимде, мен анда кичинекей элем. Бир күнү апам мени сейил бакка жетелеп барды. Ал жактан бизди бир чоочун байке машинасы менен тосуп алды. Биз сейил бакта эс алып жүргөндө тиги байке мага түрдүү оюнчук, балмуздак сатып берди. «Бул ким?» деген суроомо апам «эч кимге айтпагын, атаңа да. Болбосо экинчи ээрчитпей коём» деп жооп берди. Кечинде тиги байкенин машинасы менен үйгө кайттык. Жолдо уктап калган экем, күшүлдөп-бышылдаган үндөрдөн чочуп ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачсам, ал киши менен апам дырдай жылаңач, бири-бирине жабышып алышыптыр. Аларды нес болуп тиктеп туруп калдым да, анан катуу кыйкырып ыйлап жибердим. Чоочун байке шашыла кийинип, машинасын караңгы бактын арасынан айдап чыкты. Анан бизди үйгө жеткирип койду да, апамдын колуна акча карматып, зуулдатып айдаган бойдон кетип калды. 
Кийин атам үйдө жок кезде ал байке ач калган бөрүдөй болуп далай жолу үйүбүздүн төрүнө чейин бөртүп келип жүрдү. Андан башка да далай-далай байкелер менен апам экөөбүз сауналарга, жаратылыш койнуна, бир түнгө берилүүчү батирлерге барып жүрдүк. Менин колума балмуздакты карматып кароолго коюп, анан апакем алардан көрсөткөн кызматы үчүн акча алчу. Ошондо бала экем да, энем сойкулук кылып жүргөнүн такыр түшүнбөгөн.

«АПА, ЭЧ КИМ ЭЧ НЕРСЕНИ КӨРБӨЙТ, УКПАЙТ ДЕБЕ!»
– Азыр мен чоң жигитмин. Баягы эч нерсеге түшүнбөгөн наристе эмесмин, акылым да токтолду. Ал эми менин шуркуя, шерменде апам дагы эле ошол бойдон. Ушул күндөрдө баягы аңги байкенин кол алдында жумушта иштейт. Эх... Эки жүздүү бетпактар! Тапкан экен жакшы жумушту. Бир ок менен эки коёнду атып, айлакер түлкүдөй болуп, сойкулук менен жумушту айкалыштырып... Билесиңерби, ушул күндөрү акырын барып тиги шефи экөөнү тең чоң бычак менен мууздап гана салгым келет. Чыдамым жетпей баратат, атамды гана аяйм. Апам – сулуу аялзаты, бирок сулуулук менен акыл төп келишпесе бекер экен. Сулуулугун сойкулук менен кор кылды. Сойку аялдын кадыр-баркы да жок болот тура. 
Апа! Эч ким эч нерсени көрбөйт, укпайт, байкабайт деп ойлойсуңбу?! Элдин баары «ушул кемчонтой аял карыса да таптакыр оңолбоду» деп артыңдан сая сүйлөгөндө мен уятымдан жерге кирип кетким келет. Бул жашоодо ата-энени балдары тандабайт экен да. Ушундай апам бар экенине өтө намыстанам, арданам. Досторумдун апаларына суктанып, ушунчалык көз артам. Сүйлөшкөн кызымдан да уялып, тартынам. Себеби анын ата-энеси ыймандуу, акыл-эстүү.

«ЭСИҢЕ КЕЛ, АПА!»
– Эх, апа! Жок дегенде күйөө балдарыңдан, неберелериңден, куда-сөөктөн, туугандарыңдан, теңтуштарыңдан уялсаң боло! Сага ушул арам акча менен дөөпөрөс аңги эркектер баарынан жогорубу? Шефиңдин 5 баласы, сенден акылдуу аялы бар экенин билесиң го... Мен да болочок келинчегимдин, досторумдун, элдин алдында башымды өйдө көтөрүп жүргүм келет.
Алтыным, апа! Мени түрдүү-түрдүү доктурларга көрсөтүп убара тартпа. Мени айыктырганга көп акчаңды коротуп, аракет кылбай эле койчу, суранам. Эгерде сен жакшынакай эле жүрсөң, сойкулугуңду токтотсоң, менин мээмди жеген кан басымым бат эле ылдыйлап, куландан соо болуп тез эле айыгып кетемин. Ошол аңги эркектер берген бир тыйынга тебеленбей, төшөк болуп төшөлбөй, арам акчага азгырылбай, жакшынакай жүрсөң боло. Шордуу апам, сулуу болгончо акылдуу болуп калбаптырсың да... Атамдын адал эмгек, маңдай тери менен тапкан акчасы баарыбызга кенен жетет го. Ачка, жылаңач калган жерибиз жок, шүгүрчүлүк кылсаң боло эми. «Бүкүрдү көр гана түзөйт» деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Эми качан акылыңа келесиң, апакем, алтыным. Бүгүнкү убактылуу жашоо менен жашабай, эртеңки күндү ойлоп койсоң боло!

Нурбол

Психологдун кеңеши
«АПАСЫ МЕНЕН АЧЫК СҮЙЛӨШСҮН»

Жогорудагы окуя тууралуу каарманыбызга психолог АЙГҮЛ КЫЗАЛАКОВА төмөнкүдөй кеңешин айтат:
– Көп учурда кыздар, аялдар сойкулукка сексуалдык зомбулукка учураганда барышат. Балким, баланын апасы менен атасынын ортосунда пикир келишпестиктер болуп келгендир. Балдар ата-энесинин туура эмес жоруктарынан уялат, аларга кыйын эле. Жогорудагы окуя тууралуу айта турган болсом, бала энесин баары бир жакшы көрөт, кээ бир учурда жек көрүшү да мүмкүн. Бирок бала «бул менин энем» деп энесинин тагдырын туура түшүнгөнгө аракет кылып көрүшү зарыл. Энеси бир нерседен жан дүйнөсү жабыркап, өзүн-өзү таба албай жүрсө керек. Эгер бала атасын аяса, чынчыл болуп энесинин жаман жоругун ага билдиргиси келбесе, анда ал жигитке айтар кеңешим, энеси менен ачык сүйлөшсүн. Апасынын бул кылыгы үчүн элден уяларын, баарын билерин ачык айтса, балким, апасы деле ойлонуп көрүп, туура эмес жакка барганын токтотот. Мындан тышкары бала психологго кайрылып, кантип энеси менен ачык сүйлөшүш керектиги тууралуу кеңеш алсын. Дагы айта кетчү нерсе, бул жигиттин апасы да психологго кайрылса жакшы болмок.


Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 982 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 1.3/3
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: