Главная » 2013 » Май » 24 » менин да айтып буткус сырларым бар, деп баштады создорун бир дос кыз,
01.55
менин да айтып буткус сырларым бар, деп баштады создорун бир дос кыз,
Кыскасын айтканда суйуунун кандай керемет жана кандай кучтуу сезим экенин баамдап, ошол эле учурда кандай башты катуу оорута турган сезим экенин да айта кетким келип жатат. Ооба замандаш, озун байкагандай эле мен суйуу туурасында, башкача айтканда менин башыман откон армандуу суйуунун баянын баштаганы турам.
Жай мезгили келип, мен 10-классты жаны аяктап, коптон куткон жайкы каникулга тарап кеттик. Чынында карап корсом, ошол мезгилге чейин эч жигит менен суйлошуп коргон эмес экенмин, себеби баардык сабактарды жакшы окуп, окууга гана конул болчумун. Бирок чын журоктон жактырган адамым бар болчу, менин аны жактыраарымды билчу да эмес. Ошентип каникул кундору да отуп жатты. Июль айларында бироолор аркылуу бир бала менен таанышып калдым. Менден 4-5 жаш улуурак, гитара чертип, жакшы ырдачу, кээде озу да обон чыгара коёт. Бир куну досторубуздун арасында отуруп «Оо, карындаш, карындаш» деген ырды мага арнап жаткансып, менин козумо тике карап, созолонто ырдап жиберсе болобу. Ошол кундон тартып, ал мени жактыраары озуно гана эмес, мага да дап-даана билинип турду. Мага да жагат ал адам, бирок баары бир ал экообуз бирге боло албай турганыбыз, 5 жаштагы балага да билинип тургансыйт. Бою меникинен кичирээк, озу айылдан келген, билими жок болсо да, озун эч качан кемсинтип, болбогон эле нерсеге конул боло бербеген, кен пейил адам катары анын мунозун баалап кетким келет. Бирок, замандаш, ал адам менин суйуум болгон жок, мен аны анын инисин суйгондой суйгон жокмун. Себеби, ал адам менен таанышкандан коп отпой иниси менен да таанышып калдым. Озуно караганда иниси бышык, жана адамды бат озуно тарта турган, сулуу, озунчо эле «романтик» экен. Мага жакындап, уйгактай жабышып, жанымды койбой журуп, менин конулумду озуно буруп алды. Байкесин болсо жанына да жолотпойт, кээде оз ара кыжылдаша да кетишет.
Ошентип менин каникулум аяктап, 11-класска жаны барып жургон учурда ал мага уйго келе баштады. Экообуз суйлошуп журуп кыз жигит да болдук. Болбогондо анан эмне, аны суйуп калсам, ал да мени суйооруно ишенсем. Экообуз башында жакшы эле суйлошуп журдук, келечекке пландарыбыз да бар болчу. Бирок ал мени алам деп эч айтчу эмес. Аны мен ушунчалык тунук сезимим менен суйдум, омур бою жанында журуп отом деген умутум да бар болчу. Уктасам тушумо кирип, отурсам оюман кетпей, суйлосом созумдун барктуу создору ошол гана адамга арнап жатканымдай сезилчу. Озумду бактылуу сезип, аны эч кимге бергим келбейт. Уч торт кун корбой калсам куса болуп, ыйлай да турган кундор болду. Бирок экообуздун мамилелерибиз келишпейт экенин кийин билип отурбайынбы. Ал экообуздун суйуубузго ким же эмне тоскоол болду билбейм, айтор экообуздун суйуубуз отко суу чачкандай эле очуп калды. Ал мага келбей, мен да аны издебей дегендей. Бирок мен аны кутуп журдум, же башканы таап алганбы, же мени жон гана алдап журдубу деген ойлор жаралды. Ал экообуз таанышканыбызга жыл айланып, мен мектепти жакшы аяктап, окууга тапшырып, мен да унутууга аракет кылып журдум. Корсо ал коп ичип, ичсе да чатагы жаман неме экен, коп адамдар мен аны унутушум керек экенин айта беришти. Андан алыстап, ал жонундо эл жаман кеп кылса, жиним келип, керек болсо апам менен да урушчу кундор болгон.
Азыр болсо ал кундор артта калган, ЖОЖда 3-курста окуйм. Былтыр чыныгы суйуумду жолуктуруп, ага турмушка чыктым, бактылуумун. Бирок баягы мен терен суйгон, ага ишенген, мени калтырып кеткен суйуум мени издеп келет деп эч куткон эмесмин. Мындан 3-4 ай мурун ал мени издеп, мага уйлонгусу келгенин айтып келиптир. Менин эми жолдошум бар дегенди угуп эле артына эч карабай кете берди. Замандаш мен бир нерседен коркконум, анын каргышына калган жокмунбу? Жашоо улана берет экен, ал да уйлонуп алган чыгар, уйлонбосо да аны башка адам бактылуу кылаар деген тилектер менен жашап келем. Суйууго коз салсан, кандай керемет, кандай таттуу, кандай жылуу, кандай даамдуу жана ширин, кандай бийик, кандай тунук!? Динаранын оч колу менен жазылып алынды.
Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1844 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 1.0/2
Всего комментариев: 1
1 Qftxny  
0
purchase atorvastatin <a href="https://lipiws.top/">order generic lipitor 40mg</a> buy lipitor generic

Имя *:
Email *:
Код *: