Ойнош - 8 Марта 2014 - Кыргызча ырлар 2013


Главная » 2014 » Март » 8 » Ойнош
17.44
Ойнош

Ойнош

Бото көз
Адаттагыдай эле досторум  менен бешинчи  күнү кечинде  түнкү клубдардын биринде  эс  алып жатканбыз.  Кызуу бийден кийин адатыбызча бий аянтынан кыздарга көзүбүз түшүп, аларды сынап, жаккандарын көзүбүз менен атып олтурганбыз. Ошентип бир убакта  бир топ кыз кирип келди.  Бардыгы биринен-бири  кычырап кийинип алышкан, кыргыздын сулуу кыздары экен. Мен жана менин досторум Эмур жана Тилек дароо эле ал кыздарды карап, кантип таанышсак деген ойго камалып калдык. Алар биринчи кабатка келип, орун алып олтуруп калышты. Бардыгынын маанайы жакшы болгондуктан, күлкүлөрү шаңга толуп, акактай тиштери менен жагымдуу күлүп олтурушту. Биз экинчи кабатта аларды  байкап олтурдук. Ыңгайы келсе тааныша калалы деп убакыт эле күтүп олтурдук. Анан алар бат эле бий аянтына чыгып, чимирилип бийлеп калышты. Бирок, бир кызы жалгыз калып, бийге чыккан жок. Ооба, мен аны жаңы кирип келе жатканда эле байкагам. Бою узун, бир аз толук, тармал чачтуу, бото көз кыз экен.  Аны караган боюнча ордуман турбай олтура бердим. Досторум болсо бийлегени кетишти. Ал башка курбуларынан айырмаланып ичимдик ичпей олтурду. Ага аябай тартылып, ичимен ысып да чыктым. Жүрөгүм башкача согуп кыйналып да кеттим. Канча убакыт өткөнүн билбейм, аны караган боюнча олтура бериптирмин. Бир маалда досторум тигил кыздардын экөөсүн биздин столго ээрчитип келип калышты. Ошондо эсиме келип, алар менен таанышып бака-шака боло түштүк. Алар бир топ убакыттан кийин кайра бийлегени кетишти. Мен болсо кыздардын столун карасам  мен жактырып калган кыз дагы деле бийлебей жалгыз калыптыр. Ошондо колумдагы мүмкүнчүлүгүмдү коё бергим келген жок. Дароо эле анын жанына барып, таанышууну көздөп уруксат сурап жанынан орун алдым. Ал мага сырдуу карап,  жылмайып койду. Мен ого бетер ичимен кыйналып, башкача сезимдерге кабылганымды байкап жаттым. Канча кыздар менен таанышып, канча деген чүрөктөрдүн башын айлантып, алар мени менен өздөрү таанышчу эле. Бирок, бул жолкусун баары башкача болду. Ал чүрөктүн жанында өзүмдү аябай алсыз сезип жаттым. Араң таанышып олтурдум. Аны кыйнап жатып араң дегенде бийге чакырдым. Шиш така  кийип алгангабы, менин боюм бир топ узун болгонуна карабай менден 2-3 сантиметр узун жана бир аз толугураак экенин байкадым.  Негизи мага кичинекей тыпыйган арык кыздар  башынан эле сулуу көрүнүп, ушундай кызды гана келечектеги келинчегим катары элестетчимин. Бирок, анын жүзүнөн  ушунча нур чачырап, бото көздөрү арбап туруп алды. Анан акырын сүйлөп, сырдуу күлүп кылыктанат десең кайра-кайра. Ошентип бардыгыбыз таанышып саат 3:30дар чамасында алар үйлөрүнө жөнөп калышты. Биз бардыгыбыз чогуу чыгып, кечени уланталы десек бардыгы макул болушканы менен мен жактырып калган бото көз Нури  болбой туруп алды. Ал Токмокто жашайт экен. Бир тууган байкеси  болсо шаардын четинде жашаганына  карабай такси кармап алып кетип калды. Жеткирип коёюн десем да макул болгон жок. Телефонунун номерин да бербей койду. Курбу кызымдыкын алып ал аркылуу байланышып калаарбыз деп, жылмайып, анан жүзүмөн сүйүп кетип калды. Ошол күндөн баштап Нури тууралуу ойлонгонумду токтоткон жокмун. 
 
Сауна 
Арадан ким менен гана таанышып, ким менен гана мамиле куруп көргөн жокмун. Бирок, баягы клубдан таанышкан узун кыздын сырдуу жылмайганы оюман кетпей туруп алды. Анын өтө эле кылыктанып, мага өзү жөнүндө эч нерсе айтпай туруп алганы, телефонунун номерин бербей койгонун эстеп жиним келип, намыстанып курбу кызына да чалбай  туруп алдым. Анан бир күнү дос балам туулган күнүн  саунадан белгилемей болуп, ал кыздарды чакырып калды. Нури  да келсе керек деп ичимен абдан сүйүнүп алдым. Бирок, ал келген жок. Анан ичимен жаман боло түшкөнүм менен билмексен болуп, акыры ыңгайы келгенде баягы жакын курбусунан ал тууралуу сурап калдым. Ал болсо күлүп: «ал ошондой өтө эле ыймандуу кыз. Баягыда менин туулган күнүм болуп, кыйнап атып алып баргам. Эки жакка биздей болуп бара бербейт. Анын тарбиясы ошондой» деп ого бетер кызыктырып салса болобу. Мен аны менен байланышайын десем, өзү анын уруксатын алып жолуктураарын айтты. Арадан 4 ай өтүп кеткен эле. Биз кыштын ызгаарында таанышкан болсок, арадан дагы эки ай өтүп, жай мезгил келип калды. Анын телефон чалуусун күтө берип тажап, унутуп бараткан элем. 
 
Мен күткөн жолугушуу
Бир күнү эле телефонум шыңгырап, тааныш үн сылык учурашты. Канча убакыт өтсө да үнүн дароо тааныдым. Ал мага маанайы жок экенин айтып, жолугушууну сунуштады. Мен болсо ошону эле күтүп тургандай  жасанып алып жетип бардым. Баягы узун кыз арыктап, бир аз кичирейе түшүптүр. Жапыз така да кийип алыптыр же курбусу менин оюмду айтып койсо керек. Иши кылып мурдагыдан он эсе сулуу көрүндү. Бул жолугушууну күтүп жүргөнүмдү тартынбай айтып салдым. Ал деле менин көздөрүмөн сүйүп калганымды байкап турду болуш керек. Экөөбүз ресторанга кирип тамактанып, шаңдуу олтурдук. Андан чыгып алып сейилдедик. Анан түн жарымы болуп калганын да байкабай калыппыз. Ал алыста турганы үчүн үйүнө барбай шаардагы эле мейманканалардын биринде түнөп калаарын айтып, мага жакшы мейманканадан жакшы номер таап бер деп суранды. Мен дароо эле ага жатакана таап берип, жетип бардык. Коштошуп жатып ал мени таң калыштуу көздөрү менен карап: «сен мени менен калбайсыңбы, анда мен деле үйгө эртерээк кетмекмин» деди. Адатта мен мындай иштерге мастер болгонум менен шалпайып эмне дээримди билбей дудук кишидей унчукпай туруп калдым. Аябай жагып калган кыздын аябай күтүүсүз сунушуна жооп бере албай же эмнени ойлоорумду билбей калдым. Ал болсо дагы сырдуу жылмайып, «анда макул, сенин мындай экениңди билгенде жолукпайт элем» деп жүзүмөн катуу сүйүп кетип калды. Мен болсо эч нерсени түшүнбөй дагы бир он мүнөт ойлонуп турдум. Артынан киргим келип турса да аны таарынткым келген жок. Экөөбүздүн мамилебизге, ыйык сезимдериме туруктуу болоюн дедим да  машинемди айдап кетип баратып, дагы ойго батып, тынчый албай кайра артка айдадым. Анын мага көпкө жолукпай кууратканына жиним келди. Боюн көтөрүп номерин бербей каадаланганын эстеп, эми маанайы түшүп көңүл ачкысы келгенде гана мага чалганын эстеп, өзүнө жараша мамиле кылайын деп кайра бардым. Ал менин келеримди билгендей эле шыңкылдап күлүп, иши кылып ал күнү экөөбүз бирге болуп, махабаттын таттуу даамын бирге таттык. Ошол күндөн баштап мен ага түбөлүк байланып калганымды түшүндүм. Ага кантип  байланып калганымды өзүм да байкабай калдым. Ал мага өзү жөнүндө эч нерсе айтып бербесе дагы, мага анын өзүнөн башка эч кимдин кереги жок болуп калды. Күндөн күнгө кубулуп көзүмө андан башка эч ким сулуу көрүнбөй калды. Экөөбүз үч жума тынымсыз күндө жолугушуп жаттык. 
 
Нуринин сыры
Ал шаардагы тайэжесиникинде убактылуу жашап, аны менен тааныштырып койду. Анан мен дагы Нури тууралуу апама айтып берсем, апам аны менен таанышкысы келип жатканын айтты. Мен апамдын сунушун ага айтсам, Нури мени башкача көздөрү менен карап, «эмне деп тантырап жатасың» деп кагып салды. Мен түшүнбөй калдым. Ызаалана кетип, «кандайча, сен өзү эмне деген адамсың, чынын айт» деп катуу сүйлөдүм. Ал бир аз ойлоно калып, «убагы келгенде баарын түшүнөсүң» деп кайра жылмайып мойнума асылып, «мени чындап эле сүйөсүңбү, мен сага чындап керекминби» деп кызыктай абалда калтырды. Мен анын мага башынан эле бир нерсе айта албай жүргөнүн түшүнгөм. Ал жөн гана мени менен кайгысы менен күрөшүү үчүн көңүл ачып жүргөнүн да байкагам. Чынында ал сонун адам эле. Мен эми андагы сапаттарды башка кыздардан таба албасам керек. 
 
Кубаныч 
Ал күн ошол бойдон калды. Мен дагы аны кыйнагым келген жок,  ал дагы унчуккан жок. Бирок, баарын билүүгө убакыт сааты да келип, акыры ал мага көз жашын төгүп атып менден боюна бүтүп калганын трагедия кылып айтып берди. Аябай жиним келди. «Кубанып ата болот экенмин деп ичимен жыргап турсам, ыйлап эмне кылганың» деп урушуп салып, ачуума чыдабай кетип калдым. Үйгө барып алып аябай кыжаалат болуп ойлондум. Эмне болушу мүмкүн, көйгөйү болсо ачык айтпайбы, чогуу  чечет элек деп ого бетер жиним келет. Анан эмнеси болсо да ал менден бала күтүп жаткандан кийин ачык сүйлөшөйүн, качанга чейин анын көңүлүн оорутуп алам деп коркум жүрө берем. Мен аны эч кимге бербейм, капа кылбайм, сүйүүм үчүн эмне болгон күндө да күрөшөйүн дедим. 
 
Той
Мен ойлонуп катуу чыгынып, анын колун сураш үчүн атайын алтын шакек алып, апама айтып  камданып барганча бир жума өтүп кетти. Ичимен кубанып, досторума да айтып абдан сүйүнүп алгам. 
Анан жакын досумду ээрчитип, колума шакегимди, гүлүмдү көтөрүп алып келсем, Нури тайэжеси, апасы менен олтуруптур. Мен ишенимдүү таанышып, алардын көзүнчө шакегимди салып, колун сурадым. Нури ыйлап жиберди. Апасы болсо жаңы эле келгенгеби орусча сүйлөп таң калып эле калды. Айтор, үчөө бири-бирин сырдуу карап алышты. Анан алар тамак жасап, апасы Нурини бөлөк бөлмөгө чакырып алып көпкө сүйлөшүп, анан биз менен коштошконго жарабай машинесин айдап алып кетип калды. Тамактанып, жашынакай чач ичип болгондон кийин Нури досумду жана тайэжесин кетирип жиберди. Мен белек кылган шакекти кайра-кайра карап, мени карап каткырып да алды. «Сени ушунча келесоо деп ойлогон эмесмин, бирок мага болгон сезимдериң чын болсо, мен сага турмушка чыгам» деп мойнума асылып, эркелеп кирди. Ичиндеги баласына жакшылап кам көрөөрүнө сөз берди. Ошентип менин да жүрөгүм тынчып, эч кандай деле маселе жок экен деп ичимен ойлонуп койдум. Апасы кычыраган машине айдаганына караганда бар жердин кызы, өзү да абдан билимдүү адам, эмне маселе болмок эле деп өзүмдү сооротуп койдум. Бирок анын мурдагы сөздөрүн эстеп, тынчый албай, «ачык сүйлөшөлү, сен менден эмнени жашырып жүрөсүң, эмнени айта албай жатасың» деп такып кирдим. Ал бир топ ойлонуп жатып анан: «эч кандай деле маселе жок. Болгону сенин сезимдериңдин чын экенин билгим келген. Мен дайыма жомоктогу сүйүүнү каалачумун. Сен мени кандай болсом ошондой кабыл алдың, чындап сүйдүң, мен дагы сенин сезимдериңе татыктуу болгонго, бактылуу кылганга  аракет кылам» деп эркелеген абалында кубанычтуу жүзү менен айтты. Менин ага  бир жума убакыт беришимди суранды. Жүрөгүм тынчып, той маселеси менен алек болуп калдым. 
Арадан бир жума бат эле өтүп, экөөбүз баш коштук. Эл катары чоң той кылалы дегенге болбой койгон Нуринин окуялары эми экөөбүз баш кошуп, бактылуу жашап, ата-эне болобуз деп жатканда чыга баштады... 
        
Жаңы гана баш кошкон Нури экөөбүздүн үйүбүздөн  бир жумага чейин конок үзүлгөн жок. Кубанычы койнуна батпай жаткан ата-энем улам конокторун тосуп, бата алып жатышты. Болгону эмнегедир Нуринин кабагы карыш түйүп, бир нерсеге ыраазы болбой жүргөнүн байкасам да, «бөлөк үйгө келгенге көнүшө албай жатса керек. Орус кыял болгондуктан чындап эле кыйналып кетти го» деп билмексен  болуп койдум.  Ошентип бактылуу жашап жатканбыз. Бир күнү жумуштан кийин үйгө келсем апамдын кабагы түйүлүп олтуруптур. Көрүп алып коркуп кеттим. «Эмне болду» деп сурасам, мага сүйлөбөй койду. Нуриден сурасам, ал дагы унчукпайт. Нури экөөбүз кечки тамакты  өзүнчө ичтик. Апам болсо атам жумуштан келери менен маанайы жок экенин айтып, тайэжемдикине кетип калышты. Алар кеткенден кийин Нури мага, "качан бөлүнөбүз” деп сурады. Мен үйдө кичүү бала болгондуктан атамдардан бөлүнүп кетүү да кыйын болчу. Бирок, Нури да "ата-энең менен жашабайм” деп талап коюп, мен ага сөзүмдү берип койгом. Ага да жалганчы болбоюн деп эптеп шылтоо таба баштадым. "Чыдап турсаң, квартирага акча топтойлу, анан бөлүнөбүз, атамдар да капа болушат го дароо бөлүнүп кетсек” дедим. 
«Квартирага качан акча топтойсуң эми, жүр андан көрө Москвага барып эл катары иштеп, кайра келип жакшы үй алабыз. Экөөбүз бат акча чогултабыз. Курбу кыздарым жакшы жерде иштейт го, мага жумуш таап коюшуптур» деп берилип айтып калды. Мен анын көңүлүн калтырбайын деп, "макул ойлонуп ата-энем менен сүйлөшөлү” десем, аябай сүйүнүп калды. Кечинде  апамдар кеч келишти. Биз болсо жатып алган элек. Эртеси жашынакай эле жумушка барып келдим. Келсем, Нури бөлмөбүздө көзү шишип, ыйлап жатыптыр. Апам болсо кабагын түйүп мени менен дагы учурашканга жарабай койду. Аябай коркуп кеттим. Экөө урушуп кетсе керек деп дароо эле Нуриге жиним келди. Бирок анын ыйлап жатканын көрүп эч нерсе дей албай апам менен сүйлөшөюн дедим. Нури орус кыял болгону менен баардык ишти балекеттей кылат. Тамакты түрлөп мыкты жасап, аябай таза, шамдагай кыймылдаган сулуу келин болуп, кошуна, туугандардын баардагы суктанып жатышкан. Андан ката кетпейт эле деп апама, «эмне эле кабагыңызды түйүп жактырбай жатасыз, жаңы эле келген келиниңизди ыйлатып койгонуңуз кандай, эмне болду айтпайсызбы» деп корсулдап алдым. Апам дароо эле жүрөгүн кармап, мага эч нерсе сүйлөбөй чыгып кетти. Эч нерсе түшүнбөй аябай ызаландым. Нуриден сурайын деп аны эркелетсем, ал дагы көз жашын көл кылып эч нерсе сүйлөй албай койду. Экөөнүн ортосунда чайналып, кыйналып, ыйлап жаткан сүйүктүүмдү эмне деп соороторумду билбей, «макул, Москвага сенин курбуларыңа кетели. Мен дагы жадап кеттим. Келгениңе бир ай болбой жатып , мындай болуп жатса же апам экөөңөр тил табыша албайт окшойсуңар» десем, Нури аябай сүйүнүп, ыйын токтотуп мойнума асылып, дагы ыйлады. Анан өзүнө келип, кудуңдап тамак даярдап баштады. Апам дагы ичпей койду. Мени болсо тамактан кийин атам бир жакка барып келели деп суранды. Экөөбүз машинаны айдап анын жумушун көздөй жөнөп калдык. Атам жолдон бир кафеге токтоп, олтуруп алып шарап ичип мага ар нерсенин башын айтып баштап, анан акыры, «мен сенин Нуриге болгон сезимиңди сыйлайм, ага дагы эч кандай каршылыгым жок, бирок экөөңөр тең туура эмес кылыптырсыңар, жок дегенде бизди ойлонбойт белеңер, эл караган бетибизди жер караттыңар. Мен го көтөрөм, бирок апаңды, эжелериңди ойлонсоң болмок экен. Сенден да, Нуриден да мындайды күткөн эмес элек. Такыр кыз калбай калгансып, күйөөсү бар аял менен жүрүп алганың кандай? Анан жөн турбай аны үй-бүлөсүнөн бузуп, үйлөнүп алганың кандай?  Анча болбой баратсаң, жок дегенде бир топ жылдан кийин баш кошпойт белеңер» деп аябай өкүнүчтүү сүйлөп, улам шарап уурттап, үшкүрүнүп жатты.  Мен уккан кулагыма ишене албай дендароо болуп, эмне дээримди билбей калдым. Унчукпай же ичимен ойлоно албай, атамдын андан кийинки сөздөрүн уккан жокмун. Бир маалда атам аябай кызуу болуп калып, «жалгыз баламдан мындайды күткөн жок элек, эмне кылганың, бир чети макул эми кеч болуп калды да. Апаң экөөбүз эптеп бир нерсе ойлоп табарбыз. Тиги кургурдун жүрөгү жарылып кетпесе болду эми. Менин да кулак мээмди жеп жатат» деп ыйлап кирди. Атамды машинеме салып алып, үйдү көздөй катуу айдап, кантип жеткенимди билбей калдым. Апамдын бетин карай албай  кызарып чыктым. Бөлмөмө кирсем Нури экөөбүздүн кийимдерди  салыштырып, Москвага эмитен эле даярданып алыптыр. Менин ачууланып киргенимди көрүп, баарын дароо түшүндү окшойт кайра мени беттен алып кирди, «Эмне болду, ачуу чындыкты билип алып кайгырып, өкүнүп жатасыңбы, мен үчүн баарына даярмын деп жанымды койбой баш кошкон сенсиңби же менминби же сезимдериң дароо өчүп калдыбы? Сен эми баарын билесиң. Ооба, мен сени менен таанышканда  үй-бүлөм бар болчу. Бирок күйөөм мени ала качып кеткен. Аны башынан эле сүйчү эмесмин. Сүйүүгө  зар болуп, кинодогу сүйүүнү каалоочумун. Качан ал экөөбүз таарынышып кеткенде, сени менен жолугуп көрөюн дедим. Жөн гана көңүл ачкым келген, мындай болуп кетет деп мен дагы ойлогон эмесмин. Сен мени чыныгы, тунук сүйүүң менен багындырып алдың. Ошондо деле сенден кол үзөйүн деп жаткам. Анткени, жолдошум Казакстандагы жумушу бүтүп келе турган убагы болуп калган. Башым айланып ортодо мен дагы сенсиз жашоону элестете албай, өзүмдү жемелеп кыйналып жатканда боюмда бар экенин билдим. Анан сен колумду сурадың. Мунун баары белги деп жолдошума баарын ачык айтып сага турмушка чыктым. Аны менен мыйзамдуу түрдө ажыраша элекпиз. Бирок, ал баарына макул болгон. Мындан кийин кайсы бети менен мени менен жашамак эле. Баланы ага калтырдым. Ошентип ал экөөбүз баарын чечип алганбыз. Бирок, сага мунун баарын айта алган жокмун. Анткени,  сен үчүн баарына даяр болуп, камкор жолдошумду, 3 жашар баламды таштап, сага турмушка чыктым. Эми сен дагы мени түшүнүшүң керек. Сүйгөнүң чын болсо, муну да, ичимдеги балаң үчүн кечиресиң. Эгер кечирбесең, ага да макулмун. Мен баары бир курбуларыма кетем. Бул жактан жоголом. Мени, балаңды экинчи көрбөйсүң. Апаңа биздин үй-бүлөнүн душмандары келип айтып кетишсе керек. Аны үчүн кечир. Бирок элдин биздин жашоо менен иши кандай, апаңдардан бөлөк эч ким деле билбейт да»  деп мостоюп туруп айтып салды. Мен эч нерсе дей албай  турган жеримде катып туруп калдым. « Эмне үчүн баарын сураштырып, билип алган жокмун» деп кайгырганга да кеч эле. Баарына өзүм күнөөлүү болчумун. Анын үстүнө менин ичимдеги сезимдер чындап эле күчтүү. Тескерисинче чындыкты билип алганыма жеңилдеп алдым. Бир топ убакыттан кийин кийимдерин салыштырып жаткан келинчегимди кучактап, «сага болгон сезимдерим чын. Сени кечирдим. Эми мындан ары баары жакшы болсун. Апамдарга баарын түшүндүрүп, эрте Москвага учуп кетели» деп кучагыма кысып эркелеттим. Чын жүрөгүмдөн эркелетип жатканым менен баары бир деле башкача болуп чыктым. Баары кеч болуп калган. Өткөнгө өкүнбөй келечектеги балам үчүн, сүйүүм үчүн күрөшөм деген сөзүмө турайын дедим. Нури болсо мага аябай ыраазы болду. "Сага жолукканыма Кудайга миң мертебе ыраазымын, сени бактылуу кылыш үчүн баарына даярмын” деп сөз берди. 
Бир жуманын ичинде эч кимге айтпай Москвага шашылыш учуп кеттик. Нури Токмокко өз жеринде аябай эле сөзгө калыптыр. Ал эми анын Москвадагы эки курбусу тең суйкайган сулуу, бутуна турган кыздар экен. Алар Нурини жумушка бат эле орноштуруп коюшту. Бала төрөгөнчө үйдө олтур десем болбой койду. Мен болсо көпкө чейин жакшы жумуш таба албай үйдө олтуруп калдым. Нури эч нерсе билгизбей, өзү кылып жатты. Акыры ал ай күнүнө жетип калганда уялганыман жакпаган жумушка деле кирип алдым. 
Арадан убакыт бат эле өтүп, балалуу болуп, ал бир жарым жашка чыгып, басып калды. Апамдар "неберебизди көрөбүз, силерди кечирдик” деп жаныбызды коюшкан жок. Кайра шаарга келүүнү туура көрдүк. Нури да бала менен үйдө олтургандыктан "барса барып, эки-үч ай жүрүп келели” деди. Анан шаарга келип жыргап жашап калдык. Биз болсо дагы деле үй ала алган жокпуз. Бирок, чогултуп койгон бир топ акчабыз бар эле. Биз шаарга келгенден бери эле апам менен Нури  такыр тил табыша албай коюшту. Ага да көңүл бурган жокмун. Бир күнү апам мага, «бизге акча керек болуп жатат, 13000 доллар берип тур, бирок Нуриге айтпай эле кой, ал баары бир макул болбойт, биз силер үй алаарда беребиз» деди. Мен ары ойлонуп бери ойлонуп жатып апамдын сунушунан баш тарта албай, келинчегиме айтпай аларга баардыгын берип койдум. Ошондон бир жума өтпөй кайын энемдикине конокко барып, алар бизге 32000 долларга үч  бөлмөлүү жакшы үй  чыгып жатканын, аны кайын энемдин жакын курбусу сатып жатканын, алар бизге кошумча 2 миң доллар берип, анан калганын анын апасы карызга берип турарын айтып сүйүндүрүп салышты. Нури экөөбүз ойлонбой туруп эле алып алалы дедик.  Калганын кайра Москвага барганда иштеп кутулабыз деген элек. Бирок апамдар мен берген акчанын баарын жок  кылып салышканын, 2000 доллар гана таап бере алаарын айтты. Мен Нуриге айтсам ал чалкасынан түшүп, алар атайын жасап жатышат деп ыйлап кирди. Ошентип бир топ чырдаштык. Бир чети анын апасы киришкен жок, бирок атамдар «сен ушул каяктагы бир бузукуга үйлөнүп, ага баш ийип калдың» деп баш көтөртпөй Нуринин өткөн жашоосуна кайрылып мени кашайтышты. Аябай кыйналып кеттим. Анан алар "Москвага кайра кетпейсиң, аялың өзү кете берсин. Улуу баласын деле таштап коюптур го. Баланы да бербейбиз, өзү кете берсин же биз айткандай болуп жашасын” деп талап коюшту. Бирок бул жакта калсак апам келинчегим байкушка тынчтык бере турган көрүнбөйт. Аны да туура түшүнүп эмне кылаарымды билбей жүдөп кеттим. Бир күнү үйгө келсем, апамдын бети сыйрылып калыптыр. Колдору кичине көгөрүп кетиптир. Менин алдыман тосуп алып, "келинчегиң мени уруп салды” деп ыйлап сыктап кирди. Ал болсо баламды көтөрүп алып  апасыныкына кетип калыптыр. Сотко берем деп арызданып да кирди. Мен көргөн көзүмө ишенбей жиним келип машинаны катуу айдап үйүнө бардым. Кайын энем тосуп алып бат эле ачуумду басты. Апам мен жокто аны аябай жемелеп, акчаны бербейбиз деп жинине тийиптир. Өткөндү айтып, мазактаптыр. Анан чыдабай кетип Нури дагы тил кайрып, уруша кетишип апам аны бетке чапканда, ал апамды  түртүп жиберген экен.  Баары бир Нури экөөбүз таарынышып кеттик. Ал баламды алып бат эле кайра Москвага учуп кетти. Мен болсо аны сагынып жүдөп кеттим. Апамдардын табасы канып мага татынакай жаш кызды алып беришти. Бирок, ал Нуринин ордун баса алган жок. Бир жылдай жашап, такыр тил табыша албай, ажырашып, Нурисиз жашай албашымды түшүнүп, артынан бардым. Баламды да сагындым.  Жалдырап ыйлап жаттым, ал мени кайра кабыл алды. Бирок, экинчи шаарга келбесин айтат, бул жактан болсо ата-энем ыйлап сыктап кыйнайт. Иши кылып эки жактын тең мени түшүнбөй кыйнаганына абдан нааразы болуп, эмне кылаарымды билбей олтурам. Эмне үчүн менин жашоом мындай болуп калды деп кайра-кайра Кудайга суроо берип же өзүм жооп таба албай чүнчүп, ичимен ойго батып көп кыйналчу болдум. Балким, Нури мага башынан чындыкты айтса баары башкача болот беле. Анткени, апамдар муну өмүр бою айта турган болду. Бир чети аларды түшүнсөм, бир чети Нурини да түшүнөм. Эң негизгиси мен ага түбөлүк байланып калдым.  
    
Акыл

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 784 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 2.3/6
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: