Главная » 2014 » Март » 8 » Сүйгөнүмдүн атасына кор болуп..
17.46
Сүйгөнүмдүн атасына кор болуп..

Сүйгөнүмдүн атасына кор болуп..

Бул окуя мындан эки жыл мурун башталып, ушул убакка чейин уланып келет. Угуп көрсөк жаңы жыл тууралуу аянычтуу нерселер бар экен. Ошондуктан атайын Жаңы жылда чыксын деп катып отурганбыз. 
 
Жоголуп кеткен Олег
Олег мага он бир күндөн бери чалган жок. Мен өзүм кабар алайын деп чалсам, телефону иштебейт. Кыжаалат болгонум менен бир чети кайра өзүмдү өзүм сооротуп койдум. Ал биринчи жолу мындай кылган жок. Иши көп болгондуктан телефонун атайын иштетпей, кабар да албай жоголуп кетчи адаты бар. Бирок,  ашып кетсе  беш күнгө жоголчу эле. Кайра ойлонуп, көп сарсанаа боло турган болдум. Алдыда да Жаңы жыл майрамы келе жаткандыктан ал баары бир келип куттуктап кетсе керек же мени .. Жок андай болушу мүмкүн эмес. Ошентип өзүмдү алаксытып жүрө бердим. Бир күнүн кесиптештерим менен түштө тамактанып жатсам, "жаңы жыл күнү көрүшөлү” деген смс келди. Сагынып калганга сүйүнүп кеттим, сарсанаа болбой жүрөгүм тынчып калды. Бир чети ал эч качан мага минтип кыска СМС жазчу эмес эле. Дайыма эркелетип, ыр чыгарып смс жазчу Олегге жин тийгенби деп таң калып койдум. Башка эч нерсени ойлонгум келген жок. Баары түшүнүктүү эле, демек кандайдыр бир маселе чыкты. Ал болсо менмин. Мага болгон сүйүүсү муздап баратса керек же башканы таап алды, ким билет? Ошондуктан жаңы жыл күнү жакшылап тосуп алайын деп, ичимен ойлонуп койдум. 
 
Жүрөк ооруткан жаңы жыл
Эки күн кечке даярдандым. Чанда кезикчү татаал тамактарды жасап, ал жакшы көрүп ичкен ичимдиктерди алып, атайын жаңы жылдык белек да камдап койдум. Ал келгенден кийин түбөлүк кетпегендей кылып кармап калгым келди. Ошондуктан баардык күчүмдү жасап эки жума жоголуп кеткен сүйүктүүмдү чыдамсыздык менен күттүм. Үйдү да башкача кылып жасалгалап, сүйүү шамдарынан акчамды аябай көп кылып сатып келип, жүрөкчө түрүндө жасап алып анын жанына дасторкон даярдадым. Өзүм болсо экөөбүз барып сатып алган япон халатын кийип чачымды атайын сулуулук борборуна барып жасатып, бетиме макияж кылдырып келдим. Келишип эле супсулуу болуп, аны күтүп олтурам. Ал болсо беш күн мурун жазган СМСинен кийин бир да жолу чалган жок. Ошентсе да күтө бердим. Анткени, анын келээрин сөзсүз билет элем. Ал өтө так киши. Айткан сөзүнө сөзсүз турат. 
Саат он болуп калган. Жасанып алып сүйүктүүмдү күткөн жаным курбуларым менен да эч жакка барган жокмун. Анан алар таарынып калышпасын деп бардыгына жылуу сөздөр менен куттуктоо жиберип жаттым. Турмушка чыккан жакын курбумду өзгөчө куттуктап жатып экөөбүз узун ушакка кирип кеткенбиз. Олегди күтүп жатканымды деле унутуп, берилип алып ушак айтышып жаткам. Бир маалда үйдүн коңгуроосу басылып калды. Жүрөгүм башкача согуп чыкты. Бир жарым жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Олегди жүрөгүм минтип эч качан тосуп алган жок эле. Сүйүнүп эле, күзгүдөн чала-була көрүнүп алып эшикти ачтым. Бирок, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Ал атасы менен келиптир. Башкача айтканда өзүнө окшош улуу курактагы киши менен турат маңдайымда. Атасы экенин айттырбай билдим. Эмне кылаарымды, эмне деп айтаарымды билбей ден дароо болуп туруп калдым. Алар болсо өздөрү билип эле чала учурашып ичке киришти. Олег болсо учурашканга да жараган жок. Тостоюп күнөөлү кишидей башын жерге салып атасынын жанында турат. Атасы болсо дасторкондун жанына барып салаттан, анан мен өзүм жасаган торттон менден сурабай эле ооз тийип чыкты. "Булардын баарын Олегге даярдап күтүп олтурасың да ээ” деп мени карап жылмайды. Мен баш ийкедим. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй тикемен тик тура бердим. Ал киши кайра, "Сен тамакты жакшы жасайт экенисиң, бирок баары бир корейлердин ашканасын үйрөнө албайсың го.. Кел эми тик турбай олтур үчөөбүз бирге сүйлөшөлү” деди. Мен эсиме келген немедей олтура калдым. Араң гана, "тамактан алып олтургула” дегенге жетиштим. Анан Олегдин атасы сөз баштады.
"Гүлмира сен кичинекей кыз эмессиң. Жашың жыйырма беште экен. Жогорку билимиң, кебете десе кебетең, өң десе өңүң бар экен. Өзүң болсо көп кыйынчылыктарды башыңдан өткөрүпсүң. Атаң менен апаң кичине чагыңда эле каза болушуптур. Сени агаларың чоңойтуптур. Ой эмне эле көп сүйлөп жатам акылдуу болуп. Иши кылып сен бизди жакшы түшүнөт болушуң керек. Ошондуктан сөздүн ток этээр жерин айтканда, бүгүндөн баштап Олег экөөңөр чогуу болбойсуңар. Эч кандай үмүт кылба. Мен балама сендей кызды алып бере албайм. Эмне үчүн алып бере албайм? Аны да түшүндүрүп олтурбайм. Балам сенин жашап жаткан квартираңдын акчасын төлөп, азык-түлүгүңө чейин алып келип берип, кийим кечеңди сатып берип, ар түрдүү кымбат белектерди белек кылып жакшы эле караптыр. Мындан кийин мындай бейиштин төрүндө жашабай каласың. Жакшы эле колдонупсуң, ошондуктан өкүнө турган арманың деле болбосо керек.. Анын баарын Олег менин акчама кылып жүргөн. Өзүнүн тапкан акчасы өзүнөн артпайт же кайдан билем сага берип жаткан чыгаар да.. Жакшы эле жерде иштейт эмеспи. Эми сен менин баламды да, баламдын акчасын да унут. Сыйың мен балам берген алтын-күмүштөрдүн жана башка белектеринин баарын кайрып бер” деди. Мен уккан кулагыма ишенген жокмун. Далдырап эмне деп айтаарымды билбей, өңүмдө же түшүмдө болуп жатканына ишенбей, сүйлөй албай тостойгон боюнча тура бериптирмин. Анан качан гана тиги каардуу киши өзү тура калып бир бөлмөлүү үйүмдү тентип издеп киргенде эсиме келдим. Олег болсо жерди карап бир сөз сүйлөп койгонго жараган жок. Мен эмне дээримди билбей өзүм тура калып анын атасына баласы бир жылдын ичинде белек кылган эки күмүш сөйкө, күмүш чынжыр, үч алтын шакек, бир күмүш алтын аралашкан билерик, жибек  көйнөк, жылуу жемпир, кымбат баалуу кооз сумка, эки кружка, жөнөкөй бужитерия шакектер жана моюнга таккан чынжырлардын бардыгын бердим. Иши кылып колума тийген эстеген баардык белектерин чогултуп берип чыктым. Ал уялбай-этпей бардыгын баштыгына салып, баласын ээрчитип кетип калды. Мен болсо тостойгон боюнча көргөн көзүмө ишене албай калып калдым. 
Ошол күн жаман түш болуп калса жакшы болмок. Бирок, андай болгон жок. Жалгыз бөлмөдө ден дароо болуп эмнени ойлоноорумду билбей олтурдум. Анан мурдагы Олег экөөбүз таанышкан күндөн баштап, бардыгын эстей баштадым. 
 
Күчтүү сезимдерге баш ийип
Жаңы гана жогорку окуу жайын аяктап, жаңы гана жумушка орношком. Атам мен экинчи класста окуп жатканда рак оорусуна чалдыгып каза болсо, кийин апам ошол эле оору менен сегизинчи классымда каза болуп калды. Ошол менен эки байкем менин түйшүгүмдү тартып, эч нерседен кем кылбай чоңойтушту. Улуу агам эрте эле орус кызга үйлөнүп Англияга иштегени кетип калган. Ал эми экинчи агам жана анын келинчеги болуп борбор калаабызда жашап калдык.
Студент кезимде байкем каржылап, кенен эки жакка баса алчу эмесмин. Эми жумуштуу болуп, ойдогудай акча таап, жакшы кийинип, кенен басып калдым. Ошентип курбу кыздарым менен бир күнү түнкү клубда туулган күн өткөрүп жатып, көздөрү сулуу корей улутундагы жигит менен таанышып калдым. Анын мени дароо жактырып калганы көздөрүнөн байкалып турду. Абдан сылык бала экен. Экөөбүз таанышып, чогуу бийлеп, ал мени жандап жүрдү. Курбу кызымдын туулган күнү экенин билип алып, атайын торт, шампан заказ кылды. Анан аны өзүбүздүн столго чакырдык. Ал эки досу менен келип биз менен кеч улантышты. Олег экөөбүз бат эле тил табышып, эски тааныштардай жакшы сүйлөшүп кеттик. Клубдан кийин ал башка жакка олтуруп кененирээк таанышууну сунуш кылды. Мен абдан чарчап калганга эртең жумушка чыгарымды айтып, жөн гана телефонумдун номурун таштап койдум. Эртеси жумуштан түшкү тамакты кесиптеш эки курбу кыздарыма мага жагып калган корей улутундагы жигитти айтып берип жатсам, ал мага ошол учурда  чалып калды. Бүгүн кечинде жолугуп, кинотеатрга барып келүүнү сунуш кылды. Мен ойлонбой туруп эле макул дедим. Ошол күндөн баштап экөөбүздүн ортобузда күчтүү сезимдер пайда болгонун сездим. Арадан көп убакыт өтпөй, экөөбүз бири-бирибизден ажырай албаган сүйүшкөндөргө айландык. Сүйүүбүз күчтүү болуп, бир күн көрүшпөй калсак кыйналып кетчүбүз. Ал эми менин агам заманбап киши болгону менен, мүнөзү оор адам эле. Ошондуктан кечкисин үйдөн көпкө жоголуп кетүү да кыйын эле. Ал эми Олег да, мен да иштегендиктен экөөбүз тең кечинде гана жолугуша алчубуз. Ошентип Олег экөөбүз тең агамдын айынан көп кезигише албай кыйналчу болдук. Анан ал бир күнү мага ”сен эми кичинекей кыз эмесиң да, квартирага эле чыгып албайсыңбы, мен каржылап турам” деди. Мен дароо эле ”каяктан, мага байкем уруксат бермек беле” дегеним менен ичимен ойлонуп калдым. 
 
Квартира же эркин жашоо
Жеңем экөөбүз көп жакшы тил табыша албагандыктан өзүм деле бул тууралуу акыркы күндөрү ойлонуп жүргөм. Олег айткандан кийин дароо эле чечим чыгарып, кечки тамакта байкеме бап эттирип оюмду ортого салып айтып салдым. Жеңем сүйүнүп кеткендей болду. Бирок, байкемдин кабагы карыш түйүлүп, "дагы эмне кылайын деп жатасың, эркин жүргүң келип калыптыр, аа… Чоңойгондо жөн жүрсөңчү же жакшы жигит таап эрге тийбейсиңби” деп маселени жаап койду. Ошондо агамдын уруксат бербешин түшүнүп, эптеп шылтоо таап квартирага чыгууну көздөп туруп алдым. Анан кудай жалгап жеңем бир күнү көйнөгүмдү бир кечеге уруксат сурабай кийип кетип калыптыр. Ал мурда деле менин кийимдеримди сурап, мен аныкын сурап кийип, акыркы күндөрү сурабай деле кийип жүрө берчү адатка өтүп кеткенбиз. Ошого карабай бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргым келген жок. 
Алар түндө кечеден кайтып келишти. Мен болсо мостоюп уктабай аларды тосуп алдым. Жеңеме байкем төркү үйгө кирип кеткенде жинине тийип катуу сүйлөп салдым. Анын мүнөзү чорт, оңою менен эч нерсени көтөрө албаганын билип атайын ошенттим. Ал мага дароо эле атырылып кирди. Экөөбүз айтышып, урушуп кеттик. Байкем бөлмөсүнөн дароо чыкты. Мен калп эле көз жашымды төгүп ыйлап кирдим. Ал дагы менден кем калбай ыйлап кирди. "Сен мага түркүн кооз кийимдерди сатып берип турсаң, ушул шумпай карындашыңдын көйнөгүн кийбейт элем го” деп, арманын да айтып алды. Байкем биздин урушубузду көрүп, башын жерге салып өзүн күнөөлүү сезип кимибизге болушаарын билбей туруп калды. Ошондо мен, "болду, мен бул жерде жашай албайм, сиздин кордугуңузду качанга чейин көрүп жүрө бермек элем, кетем. Кудайга шүгүр жакшы эле акча табам. Байке сизге ыраазымын, эми мени жөн коюңузчу” дедим. Жеңем сүйүнүп кетти. «Ооба ошент, үйдөн кетсин сый болобуз» - деди. Байкемдин башка аргасы жок эле, айла жок макул деди. 
Түнкү саат эки жарым болуп калганына карабай, Олегге чалып, жакшы кабарымды айттым. Ал эртеси күнү эле шыпылдап мага квартира таап коюптур. Эки күндөн кийин күндүзү көчүрүп кетти. Анан бардыгын өз мойнуна алып, квартирамдын да акчасын төлөп, кымбат белектерди да берип, каалагандай кенен жолугушуп калдык. Акыры бир ай өтпөй мен ага кыздык намысымды да арнадым. Квартирага чыгаарымда ушундай болоорун билгем, Олегди абдан сүйүп калгандыктан мен баарына макул болчумун. Бирок аягы мындай азаптуу болуп калаарын каяктан билейин. 
 
Атасына өчөшүп кечирдим
Олегдин атасынын кылган жоругунан кийин көпкө чейин эсиме келе албай жүрсөм, бир күнү үйдө Олег мени тамак жасап алып күтүп олтуруптур. Кучактап алып аябай ыйлады. Сагынганын сүйөөрүн айтты. Эми сен менен болом, чогуу жашайбыз деди. Мен анын атасына жиним келип, аны кечирдим. Эмнеге андай кылды десем, "сага үйлөнөм деп, сен тууралуу атама баарын айтып бердим. Анан ал каршы болуп туруп алды. Жаңы жылда тааныштыр деген. Бирок мындай кылат деп ойлогон эмесмин. Өзүм да түшүнбөй калдым” дейт. Мен үчүн бардыгын кылып жүргөн жүрөгүмдү ээсине ишендим, кечирдим. Бирок арадан аз күн өтпөй атасы кайра баласын издеп келип, кошуналарымдын көзүнчө шермендемди чыгарып кетти. Олег кайра үйүнө кетти. Мурдагыдай болуп каалаганда гана келчи болду. Баары бир экөөбүздү атасы бир кылбашын түшүнүп кайра агамдыкына кетип калдым. Олег экөөбүз үч айдай көрүшкөн жокпуз. Бирок ал кайра сагындыбы, мени ордума койбой эми жумушума издеп келчи болду. Мен ага, ал мага көнүп калгангабы, кайра жигит кыз болуп, айтор, ажыраша албай койдук. Кийин кандай болот ким билет? Мүмкүн ал мага чын эле үйлөнөт. А мүмкүн атасы ага башка кызды алып берет чыгаар. Кандай болгон күндө да  азыр мага баары бир болуп калды. Олег мени сүйбөсө ордума коюп, такыр жоголуп кетет эле. Бир чети мурдагыдай болбой экөөбүз азыр бир айда 4-5 жолу гана жолукчу болдук. 
 
Гүлмира  

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1499 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 2
1 Wcvsde  
0
buy lipitor 40mg without prescription <a href="https://lipiws.top/">generic atorvastatin 80mg</a> atorvastatin 20mg oral

2 Jdepkd  
0
lipitor 10mg uk <a href="https://lipiws.top/">lipitor 10mg pills</a> lipitor 40mg pills

Имя *:
Email *:
Код *: