«СЕН ООРУП КАЛСАҢ, МЕН ЭЧ КАЧАН ТАШТАБАЙТ ЭЛЕМ» - 24 Мая 2013 - Кыргызча ырлар 2013


Главная » 2013 » Май » 24 » «СЕН ООРУП КАЛСАҢ, МЕН ЭЧ КАЧАН ТАШТАБАЙТ ЭЛЕМ»
02.18
«СЕН ООРУП КАЛСАҢ, МЕН ЭЧ КАЧАН ТАШТАБАЙТ ЭЛЕМ»


«Жакында үйлөнүү тоюбуз болот деп бактылуу болуп жүргөн күндөрдүн биринде мен тагдырдын күтүлбөгөн сыноосуна жолуктум. Ошол нерсе болбогондо мага түбөлүк жар болчу адамдын чыныгы жүзүн эч качан билбей калмак экем. Бул сыноо үчүн тагдырга рахмат айтышымды же наалат айтышымды билбей, жүрөгүм букка толуп жүргөн кезим» деп өзүнүн окуясын баштады Азема.

«ЧЫН ЭЛЕ МЕН ЖАҢЫЛДЫМБЫ?» 
Экөөбүз оорукананын алдынан жолуктук. Шалдайган мени ал көрөрү менен бооруна кыса кучактап, машинасына салды да, үйүмө алып келди. Кучагы ушунчалык жылуу эле, мени кандай тагдырдын бороонунан болсо да тосчудай сезилди.  
– Кубат?
– Ов.
– Анализ тапшырдым. 
– Анан? 
– Анализим... Мен ак кан оорусу менен ооруйт экем. 
Кучактап турган колдор бошоп, жылан чаккандай селдее мени тиктеди. Сумкамдагы анализдердин жыйынтыгын араң ага 
сундум. Көз жүгүртүп туруп, өңү кубара түшкөнүн байкадым. Мени кучактап турган колун акырын сууруп алды да, столдун аркы бурчуна барып отурду. 
– Мен да анализ тапшырышым керек...- деди ал өзүнчө күбүрөп. 
– Бул жугуштуу оору эмес, коркпо. 
Буулугуп, «баа» деп ыйлап жиберчү абалда элем. Анын кубарган өңүн, столдун аркы бетине качканын таңыркап тиктеп отуруп ыйлаганды да унуттум. Көз жашым да кургады. 
– Баары бир. Туура эмес кылдың сен, алдын ала айтыш керек болчу, мен ушундай оору менен ооруганы жатам деп... 
Мен оңураңдап жаткан Кубаттын жүзүн биринчи жолу көргөндөй карадым да, катып калдым. Ушундай оору менен оорурумду билсем, ага айтып убакыт кетирбей эле алдын ала
дарыланып, бул нерсени болтурбай койбойт белем. Колундагы баракты столдун ортосуна таштап, «мындан ары мени күтпө, мен оору дегенден өлөрчө корком» деди да, сыртты көздөй басты. 
Кеткенден кийин өксүп ыйладым. Өзүмдүн сүйүүмө, намысыма эмес, эркектин ушунчалык коркоктугунан кор болуп ыйладым. Коён жүрөк адамды арстан кылып көргөнүмө ыйладым. Чын эле жаңылдымбы? Мен үчүн Кубат чындыгында көп курмандыктарга барган эле. Ал тургай ата-энесинин каршы болгонуна карабай мага үйлөнө турган болуп үйүнөн чыгып кеткен. Кайда кечээги жалындаган албуут махабаты?

«ЭРКЕК КЭЭДЕ МЕКЕН БОЛО АЛБАЙТ ЭКЕН»
Ал түнү өмүрүмдө болуп өткөн окуяларды эстегенге мажбур болдум. Кыз болуп жаралганыма өкүнүп да кетем. Үч эркектин арасында жалгыз кыз болуп эрке болгондуктан, эч кимди теңиме албаган өткүр, тайбас жагым да бир топ болчу. Турмушка кеч чыгып, эрте ажырашып кеттим. Карьера жасап жүрө берип көп убакыт өтүп кетиптир. Карасам эле курбуларымдын балдары мектепке барып калган экен. Эне болгум келди, эмнегедир. Кызыгы, күйөөгө тийүүнү эмес, балалуу болууну эңседим. Сүйүү-күйүү эмес, «ушу мага болот окшойт» деген ой менен эле турмушка чыктым. Жолдошум билимдүү, жакшы кызматта иштеген жигит эле. Кайындарым да мен каалагандай болчу. Мына, жашоонун ырахатына батып жашай бер. Бирок... Жан отумду жолдошума төгүп бере албадым. Тек гана жубайлык милдетти аткарып жашоо мага оор болду. «Мага эркек керек эмес экен. Мен бул нерсеге ылайыкталып жаралбаптырмын» деп бүтүм чыгардым. Урушпай-талашпай, маданияттуу түрдө 
кийимдеримди алып чыгып кеттим.
Жылдар өтүп, Кубатка жолуккандан кийин өзүмдүн муздак аял эмес экенимди билдим. Менде деле башка аялдардагы жылуулук, кумар, эңсөө бар экен. Сүйө ала турган, сүйдүрө ала турган кудурет бар экенин билдим.  
Акыркы убактарда өзүмдү алсыз сезчү болдум. Көңүлүм эч нерсеге чаппайт. Тааныштардын айтуусу боюнча анализге кан тапшырдым. Эч нерсе оюмда жок анализдин жыйынтыгын алганы барган мени жаман кабар тосуп алды. Мындай учурда көзүңө биринчи эле таяна турган, коргоочум деп билген адам тартылат эмеспи. Ал жолугушуунун жыйынтыгын жогоруда окудуңуз.

«ООРУКАНАДАГЫ «ЛЯП»
Кубат кеткенден кийин ыйлап жатып алып, доктурга ал күнү барбай койдум. Үйлөнүү тоюбузга кишилер да чакырылган эле, алардын баарын токтотконго аргасыз болдук. Баарынан оор учур ушул болду. Кубат өз жагына кантип түшүндүрдү билбейм, мен ата-энемдин алдында кубарып, эч сөз айтпай отуруп бердим. Эки күндөн кийин тааныштарымдын кийлигишүүсү менен орус улутундагы, жашы улгайган профессордун кашында отурдум. Ал мага ар кандай суроолорду берип, анализиме улам-улам көз жүгүрткөндөн кийин башка борборго кайталоо анализден өтүшүмдү айтты. Анан менин тагдырым чечилди! Кийинки анализдин жыйынтыгы менин оорум ак кан эмес, кандын курамындагы гемоглобиндин кескин ылдыйлап кеткендиги экенин аныктады. 
Бактылуу болуш үчүн биринчи коркунучтуу кабарды угуп, андан соң анын калп экенин билүүнүн өзү жетиштүү экен. Мен ошондо жөн гана басып, эртең менен күндүн көзүн көрүп жүргөнүмө кубандым. Оозум күлкүдөн жыйылбай жүргөндө Кубаттан СМС келди: «Куттуктайм, жаным! Сени сүйөм!» 
Айлана-чөйрөмдөгү адамдар мага күчтүүсүң деп айтышат. Ооба, мен күчтүүмүн, бирок күчтүү аял да коргоого муктаж, жанында чыныгы күчтүү эркек болуусун, өйдө-төмөндө, оору-кубанычта бир болууну каалайт. Бир чындык бар, Кубат. Эгерде сен ушундай ооруга чалдыкканыңда сени таштамак тургай бир карыш да жаныңдан чыкмак эмесмин. Керек болсо сени ажалдын оозунан сүйрөп чыгып, эч нерсеге карабай чогуу болмокмун. Сенин өмүрүң үчүн күрөшүүнү бакыт деп ойломокмун. А сен... Эч нерсеге өкүнбөйм, анткени баары бир биз кура турган үйүбүз сырты жылтырак болгону менен, ичи муздак болмок экен. Өкүнгөнүм, өксүгөнүм, сага 
капа болуп жүрүп, жүрөгүмдүн алдында бүчүр байлап келе жаткан жаңы өмүрдү кыйганым болду...

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 470 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: