Главная » 2014 » Март » 8 » Сезимдер сересиндеги сентябрь
18.02
Сезимдер сересиндеги сентябрь

Сезимдер сересиндеги сентябрь

Сентябрь. Быйыл мен 11-класска көчтүм. Ошондуктан мектепти бүтүрүп жаткандыгыма байланыштуу сентябрда мектепке жакшынакай кийинип барышым керек. Себеби, биздин мектепте көбүнчө кийимге карап мамиле жасашат, өзгөчө окуучу кыздар. Биздин мектепте жалаң байлардын балдары окугандыктан, алардын кийингендери акыркы модада эле. Мен дагы өтө бай үй-бүлөнүн кызы болбосом да классташтарымдан кем калышпай кийинип жүрүүгө аракет жасайм. Менин оюмча жакшынакай кийиниш үчүн өтө деле көп акча керек эмес. Эң башкысы, акылың болсо, табитиң жакшы болсо, жакшы кийинүүгө мүмкүн. Дал ушундай ой менен мен өтө жогорку баада болбосо да, кийим аркылуу табитимдин мыкты экендигин көрсөтүүгө аракет кылаар элем. Бирок, быйыл онунчу классты аяктаганда мен жай айы ичи иштеп, бир топ эле акча топтоп койгом. Ошол акчамдын жарымын үйгө бердим дагы, калганына сонун кийимдерди, мектепке керектүүлөрдү алып, 1-сентябрда койкоюп мектепке барып калдым. 
 
Баары ак-кара формачан. Жүздөрүндө жылмаюу. Айтор, мектептеги атмосфера мага жагып жатты. Эң башкысы элдин баары мени карап жатышты. Алар мени эмнеге мынча карап жактандыгы да мага белгилүү эле. Алар менин кийингенимди карап, суктанып жатышты. «Адамдын көркү – чүпүрөк» дегендей, ошол күнү мага үч жигит сөз айтып, жүрүп алууну сунушташты. Кызыгы, ал жигиттер мурда мени менен такыр сүйлөшүшпөчү. Азыр болсо сүйлөшмөк түгүл, мени менен мамиле курууну каалап жатышат. Мен үчөөнүн тең сунушун четке каккан жокмун, бирок, макулдугумду да айткан жокмун, а бир жума ойлонуп көрүүнү айттым. Үчөө тең мектептеги эң атактуу, жакшынакай жигиттер. Сабакты да жакшы окушат. Кимисин тандаарымды билбейм. Биринен-бири ашат. Эрмек, Азамат, Керим же башкача айтканда Эрма, Аза жана Керри. 
 
Бир жума ойлоном деп коюп, бир ай эч кимисине жооп айтпай жүрө бердим. Алар ансайын бири-бирине атаандашып, мага жакшы мамиле жасап, менин назарымды ар ким өзүнө бурдурууга аракет кылып жатышты. Ошол сентябрь айында мени эң жагымдуу сезимдер курчап жүрдү. Эрма, Аза, Керриден сырткары башка балдар дагы сезимдерин билдирип, сунуштарды жасай башташты. А мен ансайын болбойм. Ошентип Жаңы жыл да келип калды. А мен дагы деле жалгыз, элестетикиле. 
Жаңы жылдагы каникулдан кийин мектепке барсам, баягы балдардын мага болгон мурунку мамилелери басаңдай баштаптыр. Башында эмнеге мындай болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Мен үчүн ат салышкан балдардын баары сүйлөшүп алышкандай баары мени карабай да башташты. Жакшылап ойлонуп көрсөм көөп кеткен экенмин. Алар деле тажашкан го артымдан чуркай бериштен. Айтор, мени менен мамиле курууну каалагандардын саны кескин түрдө азайды. 
Жазында кошуна жигит жүрүп алууга сунуш кылды эле, ага дароо макул дедим дагы, аны менен сүйлөшүп калдым. Чынын айтсам ал бала мага башында жакчу деле эмес, бирок жакпачу дештен да алысмын, мен ага маани деле берчү эмесмин. А азыр ал экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө үч жыл болду, бир жарым жашта уулубуз бар. Эң башкысы мен аны жакшы көрөм! Бирок, ошондогу, сентябрь айындагы артымдан баары чуркап жүргөн кездеги сезимдер эстен кетпейт…
Сезимдер сересиндеги сентябрь…

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1019 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 3.0/2
Всего комментариев: 1
1 Hpfznn  
0
lipitor 40mg price <a href="https://lipiws.top/">order atorvastatin 10mg pills</a> atorvastatin 20mg price

Имя *:
Email *:
Код *: