Главная » 2013 » Май » 24 » Супер инфодон алдым!
01.56
Супер инфодон алдым!
Мен сиздер менен ичимдеги оргуп жаткан арманымды, журок тупкурундо ыйлап турган сырларымды ортого салып, ой болушсом деп турам. Жашоодо адам баласы жараткандын буйругуна жараша баш ийип жашап келет тура. Менин абалымды туура тушунгон замандаштарым туура кенеш берет го деп ойлойм. Мумкун ушул кайрылуум менен оз бактымды табаармын. Анда соз башынан болсун.
Быйыл мен 19 жашка толдум. Жаш болсом да башыман откон кыйын тагдырыма кимди куноолой турганымды билбейм. Же…. Бала чагымдагы шок кезим, тентектигим куноолубу?
Мындан алты-жети жыл мурда 5-класста окуп жургон убагым эле. Кундо тентуш кыздар чогулуп, топ ойночубуз. Бир куну топ байланып турган аттын алдына кирип кетти. Жоош болгондуктан кээде жем-суу берип койчумун. Курбу кыздар “Эй, тебет” десе болбой “Бул жоош ат” деп топту алып бурула бергенде ат табарсык тушка тээп жиберди. Коп отпой оорубастан эле шишик пайда болду. Апам байкуш куйполоктоп, “муздак басса шишиги тарайт” деп муздак басып журуп, айыккандай болгон.
Кийин айызым келе баштаганда абдан кыйналып, торт буктолуп жатып калчу болдум. 11-класста окуп жургондо айызым келген учурда козум тунарып, адамдын элесин ажырата албай калган учурларым болгон. Акыркы экзаменге бара жатканымда апам “Нуржан, онун кумсарып турат. Бир жерин ооруган жокпу? Барбай эле койсончу” деген созун укпай кетип калгам. Мектепке жетпей жолдо жыгылып калган жеримден ооруканага жеткиришет. Кийин шаардагы ооруканага которушту. Ал жерде жатып дарыланганым мен учун туш сымал корунуш болуп калды.
Апам “Кызым, апендицит болдун” деп койгон. Бирок, ичимде уч тырык калган. Тынчыраак журо турсун деп апам мени шаардагы эжемдин уйуно таштап кетти.
Бир куну Азамат аттуу жигит менен таанышып калдым. Ак конул болгондуктан конулумо жакты. Коп отпой мени Таласка ала качып кетти. Артымдан кууп барган ата-энем да алып кете алышкан жок. Жаны уйбулого да кондум. Жалгыз келин болгондуктан баары козумду карап сыйлашат. Куйоом козумдун карасы менен айлангандыктан суйуум кундон-кунго кучоп, бактылуу жашап журдук. Жолдошум “Нуржан, коросун го, экообуздун балдарыбыз сулуу болушат” деп максат кылат. Кээде озун куноолойт. “Эмнеге бизде бала жаралбай жатат, же ооруканага барып корунсомбу?” деп озунон кумон саноочу болду. Бир куну ичим туйулуп ооруп калдым. Апам ооруканага алып барды. Ошондо мен эн жаман кабарды уктум. Омурумдо эч качан балалуу боло албашымды, эки трубамдын жок экендигин билдим. Муну уккан сайын энем:
-Нуржан, сен жакшы келин элен. Бирок, айла жок, баламдын башын бошот.Билесин, Азамат козго басар жалгыз уул. Ал артына туяк калтырышы керек. Силерге ажырашканга туура келет”-деди.
Кичине кезимдеги ат тепкенден пайда болгон дарттын кесепетинен ал мончоктой жолдошум менен ажырашууга туура келди. Азамат экообуздун чогуу жашообузга тез арада озгорулгон ата-энесинин, эжелеринин мамилелери жолтоо болду.Уй-булону бала бекемдейт деген туура экен. Ортобузда балабыз жок болгондуктан Азамат бир келип менден кабар алган жок. Ошентип, артта калган бактылуу кундорум ыйга, арманга айланды. Кээ бир кундору ойлонуп кирпик какпай тан атырам. Ызаланам. Жолдошумду сагынып, эстеп кутом. Журогум алып учуп, канат байлап жетип барсам дейт. Барган менен пайда жок, колуман эч нерсе келбейт.
Кийинки кундору апам да озун куноолуу сезип, менин дарттымды жашыргандыгына окунуп ыйлайт. Эгерде омурумдо балалуу боло албашымды эрте билгенимде турмушка чыкпай эле оз абийир, ар намысым менен журо бербейт белем. Мынчалык журок сыздаткан абалда калбайт элем да. Кочодо кетип бара жатып боюнда бар же бала которгон жаш келиндерди коргондо козумон жаш кылгырып, бул жашоодо мага орун жоктой сезилип жанымды коерго жер таппай кетем. Балдарын эркелетип, кылыктарын айтып олтурушканда ичим эзилип жаным сыздайт. Жашоодо жалгыз калыштан корком. Бала багып алсамбы дейм, бирок, жаштык кылып, татыктуу тарбия бере албай каламбы деп чоочулайм. Баланы тарбиялоодо атанын ролу чон эмеспи. “Эне болуп, ак сутумду элжиреп эмизе албагандан кийин мени менен турмуш курам деген жигиттин чыгышы кыйын” деген ойлор пайда болот. Сырымды сиздер менен болушуп, ички бугумду чыгарып алдым. Эми менин тагдырыма конул кош эместер оз кенештерин айтаар. Мумкун менин абалымды туура тушунгон жигиттер арасынан оз бактымды табаармын.
Нуржан
Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1189 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: