Главная » 2014 » Март » 8 » Сырты жалтырак, ичи калтырак сүйүү
17.28
Сырты жалтырак, ичи калтырак сүйүү

Сырты жалтырак, ичи калтырак сүйүү

Бою узун, татынакай, мүчө-келбети келишкен жигит… Бул менин кыялымдагы мырза… Ушундай адамга турмушка чыксам кандай сонун болмок!.. 
 
21 жашка чейин жогоруда сүрөттөлгөн адамды күтүп жүрдүм. Буга чейин көп эле балдар менен сүйлөшүп көрдүм. Бирөөнүн көзү жакса, мурду жакпай, мурду жакса буту жакпай калып эле, алардан бат эле кол үзүүгө туура келчү. Ошентип жүрүп июнь айынын күндөрүнүн биринде кайсыл бир майрамга байланыштуу кесиптештерим менен кафеге барып калдык. Ойнодук, күлдүк, бийледик дегендей… Кафедеги музыканы бир бою узун мырза коюп жаткан экен. Бир карап койгонум менен ага деле өтө көңүл бура берген эмесмин. Бир маалда жанымда олтурган кыз тигил ди-джей бала менден көзүн албай карап жаткандыгын айтты. Карасам чын эле мени тиктеп туруптур. Караса карап жаткандыр да, анын эмнеси бар деп бийлеп кирдим. Көп өтпөй эле ал бала мени карап "узун чачтуу, ак шым кийген бийкечке арналат” деп мага жай ыргактагы музыканы тартуулады. Аны карап башымды ийкеп ыраазычылыгымды билдиргиче эле жаныма басып келип, мени вальска тартты. Экөөбүз музыканын коштоосунда бийлеп жаттык. 
- Сен абдан сулуу экенсиң, – деди ал шыбыраган үнү менен.
- Комплиментиңизге рахмат, -  деп койдум мен жылмая.
- Атың ким? – деди ал.
- Алина, - деп жооп бердим мен.
- А менин атым Сапар, – деди дагы мени сүйкүмдүү көздөрү менен тике карады. Ошондо ал мага идеалдуу адамдай көрүндү. Бою узун, арык эмес, семиз эмес, айтор көзүмө Апполондой эле көрүндү. Ушул учурда анын эмне деп сүйлөп жатканын укпай анын сулуулугуна суктана бердим. Ал экөөбүздүн көл жээгинде эс алып жүргөнүбүздү элестетип атып, музыканын токтоп калганын да байкабай калыптырмын.
- Мен ордума барайын, башка музыка коюш керек, анан эшиктин алдынан жолугушабыз, – деген Сапардын айтканынан кыялым бөлүнүп ойгонуп кеткендей эле болдум. Ал өз ордуна баратып мага көз кысып койду. Башка бир ырды коюп, эшикти көздөй чыкты. Артынан мен дагы жөнөдүм. Сыртка чыксам тамеки чегип мени күтүп туруптур... Ошол жерден экөөбүз жакындан таанышып, телефон номурларыбыз менен алмашып, сүйлөшө баштадык. Арадан жарым ай өтпөй ал мага кыз-жигит болууга сунушун киргизди, мен макул болдум. Ошентип экөөбүз романтикалуу күндөрдү баштан өткөрүп, бактылуу болуп жүрдүк. Бир күнү Сапар мени кечинде жолугушууга чакырды. Белгиленген убакытта белгиленген жерге барсам, ал бир таксинин жанында туруптур. Мени көрөрү менен эле жанындагы турган таксинин эшигин ачып, мени олтур деди. Нес болгон немедей мен дагы эмнеге деп сурабастан кызыл түстөгү машинага олтуруп алдым. Өзү айдоочунун жанына олтуруп ага жолду көрсөтүп баратты. Кайда, эмнеге баратканыбызды деле билген жокмун, бирок мен аны сүйүп калганымды билдим. Анын ушунчалык сулуулугунан анын эмне кылып жатканына да көңүл бөлбөй калдым. Азыр ала качып кетсе деле макул элем. Мен мурда көрбөгөн шаардын четиндеги кооз бир жерге келдик. 
Бак-дарактар, таза аба, бирин-серин салынган үйлөр, деги эле ажайып керемет жер экен. Сапар айдоочуга акчаны берип жөнөттү дагы, экөөбүз ал жерде калып калдык.
- Бул жакка эмнеге келдик? – деп сурадым мен жылмая.
- Бул жерде досумдун үйү бар, бул жак мага аябай жагат. Мен ар дайым чарчаганда ушул жерге келип эс алып кетем. Тигил үйдө досум жашайт, жана келебиз деп чалып айтып койгонмун, – деп ары жакта турган бир үйдү көрсөттү.
- Чын эле кооз жер экен, мага да аябай жакты. А досуң ким менен жашайт? – деп сурадым.
- Болочок жубайы менен, – деп жооп берди ал.
- Кандайча болочок? – деп таң кала сурадым.
- Кадимки эле болочок, азыр алар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшөт, буйруса күзүндө үйлөнүшөт, – деди Сапар бейгапар.
- Түшүнүктүү. А ата энелери кайда турушат? – деп сурадым кайра.
- Ата энеси шаарда жашашат, а Адил менен Гүлмира бул жакта мал багышат. Жүрү, андан көрө тезирээк аларга барып сүт-айран ичели, – деди ал менин колумдан тарта.
- Жүрү, – деген бойдон экөөбүз кол кармашып жүгүрүп бараттык. Анын колдору абдан күчтүү экен. Мени кай жакка куласам да колу менен тосуп алчудай. Кафеде калган кесиптештерим жөнүндө унутуп калыпмын, телефон чалышканынан мени күтпөй кете берүүлөрүн айттым. Ошентип Адил менен Гүлмиранын да үйүнө келдик. Карасак светтери өчүрүлүү экен. Уктап калышкан окшойт деген максатта кыйкыра баштадык. Бирок канчалык аракет кылбайлы, үйдөн эч ким чыккан жок. Телефон чалсак, телефондору өчүрүлүү экен.  "Куру убара, эс алганы башка эле жакка барсак болмок экен. Бул жакта эч кимди тааныбасак кайда барабыз. Таксини да жөнөтүп койдук” деп ойлоп, коркуп кеттим дагы кайра Сапар менен экенимди эстеп, бир аз эс алып калдым. Аңгыча Сапар Адилдин дарбазасынан ашып, аны ачып мени короонун ичине киргизди.
- Апей, бирөөнүн үйүнө уруксатсыз кирген болбойт го… - дедим мен акырын үн менен.
- А бул бирөөнүн үйү эмес, досумдун үйү, – деди Сапар.
- Бары бир, сеники эмес болгондон кийин, – дегенимче болбой эле Сапар үйдүн эшигин тартса, эмнегедир эшик ачылып кетти. Жүрөгүм жаман бир нерсени сезгендей шуу эле дей түштү. Үйдүн ичи капкараңгы жана жымжырт. Сапардын артынан төркү бөлмөнү көздөй акырын "Ким бар?” деп сурап коюп бараттык. Эч бир үн жок. Бир маалда артыбыздан бир нерсе жүгүрүп эле сыртка чыгып кетти. 
- Сапар, үйдө ким жүрөт? – деп ыйлай баштадым.
- Адил, Гүлмира, силерсиңерби? – деп Сапар дагы калчылдай баштады. Аңгыча үйдөн бирөөнүн басып жүргөнү угулуп калды. Же сыртка чыга албайм же ордумда тура албай,
- Сапар, мен коркуп жатам, кетеличи, – дедим.
- Кайда кетебиз? Тигил неме сыртка жүгүрүп чыгып кетпедиби, бизди күтүп жаткан болуш керек. Терезеден чыгабыз, – деп алаңдаган Сапар терезеден чыгып короонун арты жагынан ашып, жүгүрүп эле мени таштап кетип калды. Эшикте айдын шооласы жарык берип турган экен. Бирок мен арткы жагындагы короодон аша албай койдум. Сапарга кыйкырсам да артын карабай кетип калды. Өлөт деген ушул экен деп эле олтуруп калдым. Эмне болсо ошо болсун деп короонун алдыңкы тарабына келсем, кире бериштен бирөөлөр светти күйгүзүшүп "Сюрприз” деп жатышпайбы. Байкашымча алар Адил менен Гүлмира окшойт.
- Апей, Сапар кайда? – деп мени томсоруп эле карап калышты. Мен күлөөрүмдү же ыйларымды билбей туруп калдым.
- Биз атайын светти счетчиктен өчүрүп коюп, силерди тамашага салалы дегенбиз.
- Сапарыңар коркконунан качып кетти, – дедим мен шалдырап.
- Сапар эр жүрөк эле го, – деди Гүлмира. Ошол жерден экөө тең каткырып күлө башташты.
- Сапар коркунучтуу тасмаларды көп көрүп койгон го, – деп Адил күлкүсүн токтото албайт. Сапар качып кеткен тамдын артына бардык, жымжырт. Телефон чалалы десек жаныбыздан шыңгырап жатпайбы, көрсө телефону дагы терезенин түбүнө түшүп калыптыр.
Мен ошол бойдон телефон номурумду алмаштырдым. Себеби, Сапар менен такыр сүйлөшкүм келбей калды. Ушул бойдон ортобуздагы мамиле үзүлсүн, жада калса ортодогу мамиле такыр болбогондой болсун дедим дагы, кетирген катамдын үстүндө ойлонуп, Сапардын жооругун эсте алып, бир топ күлүп жүрдүм.
Эмнеге бир көргөн адамга ишендим? Анын кандай экенин билбей туруп сүйүп калууга да жетиштим? Жеңил ойлуулук деген ушу да… Бир аз сабырдуураак болсом, балким мындай болбос беле?.. Эмнеси болсо дагы мага сабак болду. Сырты жалтырак, ичи калтырак сүйүү деген ушу тура!.. 
 
Эмнеге сүйдүм шашылып?
Эмнеге сүйдүм ашыгып?
Сүйөм деп өзүң баштадың,
Жүрсөм да сенден жашынып. 
 
Эмнеге сүйдүм көзүңдү?
Мааниге албай сөзүңдү.
Сулуулукка арбалган,
Жек көрөмүн өзүмдү. 
 
Ишенем дароо эмнеге?
Пендемин го мен деле.
Жараткан акыл берегөр,
Мага окшогон пендеңе!

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1007 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 1
1 Kwxiqa  
0
buy atorvastatin 10mg sale <a href="https://lipiws.top/">buy lipitor</a> order generic atorvastatin

Имя *:
Email *:
Код *: