Главная » 2013 » Май » 24 » УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУН ОПЕРАТИВДИК СИСТЕМДЕРИНИН КАЙСЫНЫСЫ МЫКТЫ?
01.03
УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУН ОПЕРАТИВДИК СИСТЕМДЕРИНИН КАЙСЫНЫСЫ МЫКТЫ?


Учурда жаш баладан тарта карыларга чейин уюлдук телефонду колдонууну мыкты өздөштүрүп, добуштук байланыш, СМС-билдирүү жиберүү, оюн ойноо, интернетке кирүү сыяктуу кызматтарын пайдаланып калышты. Мына ушул кызматтардын баары оперативдик системдин аркасы менен ишке ашат. Бул эмне деген сөз экенин техниканы түшүнгөн адамдар гана айырмалап билбесе, көпчүлүк биле бербейт. Андыктан бүгүнкү сөзүбүз ушул оперативдик систем жөнүндө болмокчу.
Оперативдик систем (ОС) – компьютер, коммуникатор (телефондун кызматтары кошулган кичинекей компьютер), уюлдук "акылдуу телефондор” (смартфон), GPS-навигатор жана башка түзүлүштөрдүн программаларын камсыздап, алардын иштөөсүн жөнгө салат. 
Учурда көптөгөн оперативдик системдер бар. Алардын ичинен уюлдук жана "акылдуу телефондорго” ылайыкталгандарынын негизгилери: Symbian, Windows Mobile, Android жана iOS. Булардын айырмачылыктары эмнеде?

ANDROID
Бул оперативдик систем 2012-жылдын 
экинчи 3 айлыгынын жыйынтыгы менен дүйнөлүк базардын алдыңкы сабына чыга алды. Артыкчылыктары алда канча көп экендиги кардарлардын санын арттырган.

Артыкчылыктары: 
• Көптөгөн интернет түйүндөрүнүн кызматтарына кошулган.
• Бул оперативдик системдин үчүнчү тараптан каалаган программаларды, оюндарды жүктөп алууга, өзүндөгүлөрдү өчүрүп салууга мүмкүнчүлүгү бар. Алардын саны 200 миңден ашык.
• Картадан жүргөн дарегиңизди, ошол аймактын аба ырайын аныктап, жергиликтүү ресурс, сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. 
• Видеобайланышты камсыздайт.
• Үн аркылуу текст жазууга болот.
• Программаларды аткарууда тез иштейт.
• Мультимедиялык Flash платформасы бар. Бул интернеттен онлайн режимде видео көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
• Эсин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар. 
• Каражаты үнөмдүү телефондорго орнотулат да, баасы арзаныраак болот.
• Оперативдик системди жаңылоого мүмкүн.

Кемчиликтери:
• Зарядды көп сарптайт. Анткени интернетке ылайыкталгандыктан, дайыма иштеп турат. Мисалы, интернетти өчүрүп салбасаңыз, аба ырайы, кайсы жерде жүргөндүгүңүз тууралуу маалыматтар өз алдынча жаңылана берет.
• Техникалык жактан көп түшүнүгү жок колдонуучуга кызматтарды колдонууда кыйынчылык жаратат.
• Вирустарга көп кабылат.

SYMBIAN
Эгер уюлдук телефондон көп сүйлөшүп, ал эми интернетке кирүү, башка программа, оюндарды жүктөөнү жактырбасаңыз, анда бул оперативдик систем сизге ыңгайлуу. Колдонуу да жөнөкөй. Зарядды үнөмдүү сарптайт. Көп убакыт сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Java программасын толугу менен окуй алат. Бирок программаларды иштетүүдө жай иш алып баргандыктан жана колдонууда түшүнүүгө оор болгондуктан, учурда уюлдук телефон чыгаруучу компаниялар бул системден баш тартып коюшкан. Эске салсак, буга чейин "Нокиа” компаниясы телефондоруна Symbian оперативдик системин орнотуп келген. 

APPLE IOS
Электрондук техникаларды өндүргөн "Apple” корпорациясынын өздүк оперативдик системи. Бул оперативдик систем аталган корпорациянын гана техникаларына орнотулат.

Артыкчылыктары:
• Колдонууга оңой жана түшүнүктүү. Ичиндеги кызматтарды колдонуу ашыкча түйшүктү талап кылбайт. 
• Интернетке кирүү жогорку ылдамдыкта.
• Программалардын иштөөсүн тез аткарат.
• Программа, оюн жана башкаларды жүктөөдө вирус кирип кетүү коркунучу жокко эсе.
• Оюндары, программалары сапаттуу.
• Android’ге салыштырмалуу энергияны аз сарптайт.
• Оперативдик системди жаңылоого мүмкүн.
• Картадан жүргөн дарегиңизди, ошол аймактын аба ырайын аныктап, жергиликтүү ресурс, сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. 
• Видеобайланышты камсыздайт.

Кемчиликтери:
• Аталган оперативдик систем бир гана "Apple” корпорациясынын телефондоруна орнотулат.
• Программа, оюн жана башкаларды жүктөө үчүн корпорациянын өндүргөн продуктыларын гана жүктөөгө болот, ошондой эле алардын баасы башкаларга салыштырганда кымбат турат.
• FM радио жок.
• Видеолордун көпчүлүк форматын окуйт. Ал эми flv форматындагы видеону көрсөтө албайт. Бул үчүн атайын программа орнотуу зарыл.
• Блютузду иштетүү үчүн да атайын программа орнотуу талап кылынат.
• Кошумча эс (флешка) туташтырууга мүмкүн эмес.
• Кошумча интернет түйүндөрүнүн кызматтары туташтырылган эмес.

WINDOWS MOBILE
Бул кадимки компьютерге орнотулуучу Windows программасынын телефонго ылайыкталган оперативдик системи.

Артыкчылыктары:
• Интернеттен тартып, офистик Word, Excel, PowerPoint программаларында кадимкидей иштөөгө болот. 
• Негизги бетке бардык ярлыктарды коюуга болот. Бул керектүү маалыматтарга кирүүнү тездетет. 
• Мультимедиалык Windows Media Player менен жабдылган.

Кемчиликтери:
• Бул оперативдик системге ылайыкталган программалардын саны аз.
• Кошумча интернет түйүндөрүнүн кызматтары туташтырылган эмес.


Просмотров: 972 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: