Главная » 2014 » Март » 10 » ЖАШООМ ГАРЕМДЕГИДЕЙ,А БИРОК КҮҢ ЭМЕСМИН
05.15
ЖАШООМ ГАРЕМДЕГИДЕЙ,А БИРОК КҮҢ ЭМЕСМИН
Мен түшүнбөй калдым. Сени түшүнүп турам, өзүмдү да
түшүнөм, жылтылдап жаныбыздан өтүп бараткан абал да дайын. Бирок сени
менен кантип күрөшүүнү билбейм. Мен ал үйгө жаңы жашоо башташ үчүн
кайткам. Эскилерди унутуп, таарынычтарды түртүп таштап, cага деген
сезимге баш ийип барган элем. А бирок cенин үйүң жаңы жашоо баштоого
даяр эмес экен. Дубалдар келип-кеткен белгисиз, көп сандаган аялдардын
жыттарын сиңирип алыптыр. Күзгүнү тиктөөдөн корктум. Ар бир аялдын элеси
кезектешип көрүнө калчудай сезилип, ансыз да эзилип турган жүрөгүмдү
кыйнабасын дедим. Көрбөйүн, билбейин, мага белгисиз бойдон калсын...

Кайдан,
шыпыргыны колума аларым менен дивандын, столдун, отургучтун алдынан,
жуунуучу жайдан, уктоочу бөлмөдөн, төшөк, жаздык алдынан чачтар чыга
баштады. Кызгылты, саргычы, карасы, узун-кыскасы да бар. Ар бир чач
көзүмө тикен болуп сайылып жатканын ал билген жок. Ар бир талы моюнума
оролуп, дем жеткирбей бууп жатканын да билбеди. Жанымда туруп да
билбеди.
– Кыздарыңа айтып кой, чачтарын өздөрү менен көтөрө кетип жүрүшсүн,- дедим.
Айлам
кеткендеги кеп да. Алкымыңды бууп, арманыңды, таарынычыңды кылт эттире
күч менен ичке жутуп салгандан өткөн азап жоктур. Башка нерсеге өтө
албадым, анткени мен сени менен тартыша берип чарчадым. Сенин
кылыктарыңа, балким, татыктуумун, анткени мурун жакшы адамдын көңүлүн
тепсегеним үчүн, жакшы адамдын жолунан кайчы кеткеним үчүн тагдыр мага
СЕНИ берди. Жөн бербей жан илебимди алды, көңүлүмдү оодарды. Мына, эми
бир ооз таарынычыңды айтууга укугуң жок болуп жашай бер...
– Макул.
Андан
ушул гана сөз чыгат. Аны айтсаң да, муну айтсаң да макул. Ыйласаң да,
таарынсаң да, ал турмак терс бурулуп басып кетсең да, кайра кайтып
келсең да макул. Макул көкүрөктү өрттөп жаткан отко бир чыны суудай да
болуп бере албасын билер бекенсиң?..
Дилге шек кеткени жаман. Кучактап жатып да, эркелеп, эркелетип жатып да ойлоно бердим. «Кечээ, мурдагы күнү, бир ай мурда ким кучактады бул адамды? Ким өптү?»
Мен
сенин жалгызың болгум келген. Канчалык каалаба, канчалык кыялданба,
эркектин эч убакта жалгызы боло албайсың. Жүрбөгөн, тескери баспаган
эркек барбы? Эркек Африкада да, Сингапурда да эркек. А бирок тескери
жолдорун бирине экинчисин чаташтырбай, бирин экинчисине кайчы келтирбей,
камырдан кыл сууругандай ишке ашырууга деле болот го. Кечээ күнкү бура
басканынан кабарың жок, анын жалгызы экениңе ишенип жашоо, берегидей
түйдөк чачтарды тутамдап тапкандан көрө алда канча өйдө эмеспи.
Мен сурандым. Бардык күчүмдү жыйып, көз жаштын ордуна жылмаюу жаратып сурандым. (Ыйлай турган убакта жылмайган кандай оор экенин билер бекен?!)
– Оюнуңду токтотчу, мага туруктуу болбосоң да, ошол кызга туруктуу болуш үчүн алгач мени менен мамилени жокко чыгар.
Ал макул болду. Бир жумага айрылыштык. Бир жумадан кийин жолдон тосуп алды.
– Разборка кылбайбыз, ээ?- деди учурашарыбыз менен.
– Кылбайбыз,- дедим.
– Ким кылса эмне болсун?
– Таз болсун,- деп койдум.
Бул
сапар да астанадан белгисиз аялзатынын жыты тосуп алды. Мен кийчү
тапичкеден башка аялдын буту көрүнгөнсүдү. Артынан ээрчий уктоочу
бөлмөгө кирдим.
– Сен залга барып, телевизор коюп турчу,- деди.
Телевизор
коюп жатып уктоочу бөлмөдө кандайдыр бир кыймыл-аракет боло баштаганын
туюп калдым. Эмненидир бекиттиби же оңдодубу... Зырп этти жүрөгүм...
Суранычтан кийин, убададан кийин да алмашылдымбы? Түртө салып, бейтааныш
аялды үстүмдөн тебелетип өткөрдүбү? Ыза алкымыма келди. Тула боюмду
дүрт эткен өрт каптады. Бутумдан башталган өрт алоолонуп өйдө көздөй
жылып келе жатты. Бутумду күйгүздү, жан кеткенсип теңселе диванга
отурдум. Ичимди өрдөдү, бүктөлө калдым. Жүрөгүмө келди, көкүрөгүмдү
каптады. Суудан кургакка чыгып калган балыктай аба жетпей оозумду ачып,
аптыгып алдым. Көз алдымда дагы бир жолу ишеничим урады.
Бул жолу эркелеп да, эркелете да албай ортобузда дубал тургандай сезиле берди.
– Сен эмнени айтсаң баарына макул болоюн, болгону мени башкага алмаштырбачы,- дедим акырын.
Бул
талапка караганда суранычка, жалбарууга көбүрөөк окшошту. Көзүмдү
жумган боюнча бир ооз сөз менен түпкүргө түшүп баратканымды көрүп
турдум. Бирок башка арга да жок болчу. Мен сени менен акыркы демим
чыккыча, өмүрүмдүн акыркы саатын жашагыча бирге болгум келген.
Түшүнгөнгө да аракеттенем, жаштыктын оту денеңде оюн салып жүрсө, бир
аял сага тегеренүүгө мүмкүн болбогон тар бөлмөдөй туюлуп, ааламды
кичинекей терезеден караганга жүрөгүң моюн сунбай жатса керек. Жаштыгың
да кетер, от да азаяр, андан кийин эмне болот?
– Макул,- деди.
Дагы макул. Ордунан туруп баратып эңкейип полдон бир нерсе алып, аны колума кармата берди.
– Сеникиби? Полго түшүп калыптыр.
Аялдын чачка таккычы. Күрөң түстөгү.
– Бул меники эмес!
– Сеники-и...- мени карап турат.
Көзүнөн
адашып алганына бушайманданган, бирок абалдан билмексендикке, балким,
бет тырмоочулукка салса да кутулуп кетүүгө болгон каалоосун окуп калдым.
Чачка таккычты жүрөгүнө матырып салгым келди. Мына, жүрөгүң жарадар
болуп, ушул чачка таккычтын ээсинин артынан мен сен үчүн кандай азап
тартсам, так ошондой азап тартып ээрчип жүрө бер... Кызганычтан жүрөгүң
күйсүн, күндөрүң мунарыкка чулгансын. Ар бир түндү «ал азыр ким менен болду экен?» деген түпөйүл санаа менен өткөрө бер. Ар бир сааттан ал сени башкага алмаштыргандай коркунучту сезе бер...
– Чынын айтчы, бирөө барбы?- дедим.
Ой,
келесоо, ай, бирөө болсо жыргабайсыңбы? Сен жаткан төшөктүн тили болсо,
канча дене кыналганын сайрап бермек. Ак дене, кара дене. Толугу да,
арыгы да бар. Баары бар. Коллекция. Аялдардан куралган коллекция. Сен
ошол коллекциянын бир бүктөмүсүң.
– Разборка кылбайбыз дебедик беле. Эми таз болосуң,- тамашалады.
Андан
аркы сөздөр кулагыма кирген жок. Эмне деп актанды,  билбейм. Дилимди
өйүтүп бир гана нерсе турду, ал – аялдык ар-намысым. Мен – аялмын! Аял
болгондон кийин, жылуулугумду, мээримимди тартуулап жаткандан кийин
эркектин сүйүүсүнө ээлик кылууга да акым бар. Бул разборка эмес. Бул –
кызганыч. Бул – сүйүү. Бул – жактыруу. Түшүнбөйсүң... Түшүнсөң жок
дегенде полго түшкөн чач таккычты акырын бутуң менен дивандын түбүн
көздөй сүрүп салмаксың. Түшүнсөң жок дегенде эки адамдык идиш-аякты
шкафтын ичине бекитмексиң. Сен кимсиң? Мени мынчалык азапка салгыдай сен
кимсиң? Мээрим көрдүмбү сенден? Сүйүүнүн илебин сездимби? Оорумду
колдон, жеңилимди жерден алдыңбы? Бир мүнөт, бир секундга болсо да
таяныч болуп бердиңби? Сага жолукканга чейин кандай жалгыз болсом, дагы
да ошондой жалгызмын. Дагы да арманым менен азабымды бир гана жаздыгыма
айтам. Түнү көз жаш төгүп, а күндүз тагдыр менен кармашам. Дагы да
жүрөгүм жарты, кучагым бош. Болгону жүрөгүм бош эмес.
Менин таз болгонум качан. Сенин укмуштуу жоруктарыңдан улам көңүлүм күбүлө берип жылмакай болуп баратат.
Мен
сени менен күрөшүүнүн жолун таппай калдым. Балким, чын дилимден жакшы
көрбөсөм, көптөгөн аялдар санаа жарата алмак эмес. Көптүн бириндей мен
деле бирин аттап, бирине аттатып жашай берет белем... Менин жашоом
гаремдегидей экенин мойнума алам, а өзүм күң эмесмин. Мен сени сүйгөн
эркин аялмын. Аттиң, сен ошону түшүнбөдүң...


Майрам

Категория: Жан дүйнө | Просмотров: 535 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 2.5/2
Всего комментариев: 1
1  
cupid

Имя *:
Email *:
Код *: