ЭНЕМ АЙКАНГА - Сагынуу - Ыр жазуу - Кыргызча ырлар 2013


Главная » Статьи » Сагынуу

ЭНЕМ АЙКАНГА


Билем, эне, мен мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы,
Аял болуу андан кыйын, куруп кал…


Тилегиң, ай, байлык, бала, көшөгө,
Өмүрлүк жар ичпеген да, чекпеген…
Күткөнүбүз үчүн, балким, экөөлөп,
Бүгүн, эне, мен бакытты жек көрөм…


Сурабачы, неге, кантип, кандай деп,
Өмүрүмдүн сен түшүнбөс бул жагын.
Ансыз деле каталарым канды жеп,
Ооруга оору, ойго ой кошот, муңга муң.


Биз мезгилди бирге жашап жатабыз,
Эки башка дүйнө менен, ой менен.
Жарыктыгым, сенин батаң катасыз,
Мен чамасы жаңылганды оң көрөм.
Мен чамасы жаңылганды оң көрөм…

Категория: Сагынуу | Добавил: kubaaika88 (10.Март.2014)
Просмотров: 517 | Рейтинг: 1.0/1
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: