"Ак шоокум" - Ыр - Ыр жазуу - Кыргызча ырлар 2013


Главная » Статьи » Ыр

"Ак шоокум"



Өтөбөй уйку неченин,

Дайрасын ойдун кечемин.

Ажарың жүрөк жандырган,

Ак шоокум сен деп сеземин.



Көздөрүң алоо жаккандай,

Каректе көп сыр жаткандай.

Таасириң мынча сүйкүмдүү,

Жайлоодон аткан ак таңдай.



Сен турган кыштак жаркырап,

Көңүлдө элес калтырат.

Эзбесең боло жүрөктү,

Эчаккы өчүң барчылап.



Көрбөсөм көөнүм жайланбай,

Көп ишим унут калгандай.

Он минут турсам жаныңда,

Ошол күн мага майраллдай.
Категория: Ыр | Добавил: kubaaika88 (10.Март.2014) | Автор: А.Айталиевдики
Просмотров: 527 | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: