Главная » 2014 » Март » 8 » Тагдырлары окшош Катя эже жана квартирант казак кыз
17.42
Тагдырлары окшош Катя эже жана квартирант казак кыз

Тагдырлары окшош Катя эже жана квартирант казак кыз

Бул окуя мындан 7 жыл мурун болду эле. Ошентсе да ал окуя тууралуу  сиздер менен бөлүшкүм келди. 
 
Катя эже
Мен анда биринчи курста окуучумун. Улуу эжем иштечү. Экөөбүз Аламүдүн – 1 районунда атамдын агасынын квартирасында жашап калдык.  Анан "Катя” деген кошуна эже менен тааныштык. Татынакай, өзүнө тың Катя эженин жашы 50дөн ашып калган. Анын бир кызы гана бар экен. Бирок, анысы дагы  Германияга кетип, ошол бойдон келбептир. Апасына кээде эле акча салып турганы болбосо, мындан 15 жыл мурун кеткен боюнча басып келбептир. Ошондон бери Катя эже квартиранттар менен жашап, ар кандай окуялардын үстүнөн эле чыгып жүрөт экен. Кошуналардын арасынан ал биз менен жакшы сүйлөшкөндүктөн дайыма квартиранттарынын жаңы окуяларын, жоруктарын айтып келип калат. Биз ал келбей калса кадимкидей анын романдарын, окуяларын сагынып калабыз десең. Эжени бат-бат тамакка да чакырып турчубуз. Ал башка кошуналар менен сүйлөшпөйт деле. Көрсө анын да чоң себеби бар экен. Аны кийин эже менен абдан жакшы болуп кеткенде, уялбай эле жаштыгын, мастыгын эстеп айтып берди. Биздин бул районго көчүп келгенибизге 2 жыл гана болсо дагы, эжем экөөбүз Катя кошунабыз  менен бат тил табышып кеттик. Ал башында бизге манты казан, ар кандай зарыл буюмдарын бере калып, күлүп –жайнап учурашып жүрүп, акыры жакшы сүйлөшүп калдык. Анан квартиранттарынын жоруктарын айтып берип жүрүп, абдан жакын болуп кеткенбиз. Эже бир топ жашка барып калса дагы өзүн абдан жакшы карап, жалаң жаш квартиранттарды гана алат. Кийин ал бир казак кызды квартирант кылып алып, экөө абдан жакшы болуп кетишти. Эже мурдагыдай да биздикине көп кирбей калды. Эми ал кечки тамагын ал кызы менен ичип калгандай. Ошентип биз дагы аны кыйнабайлы деп, көп чакырбай калдык. Кээде гана эжем экөөбүз тең абдан чарчап келгенде, "Катя эженин квартиранттарынын жоруктарынан бир угуп, эс алсак болот эле” деп аны кадимкидей сагынып калганыбызды сезип калчыбыз. 
 
Катя эженин кубанычы 
 
Бир күнү кечинде Катя эже абдан сүйүнүп, торт  көтөрүп алып биздикине келип, неберелүү болгонун, Германияга бир айга кызыныкына конокко кетип жатканын айтып, бизден "квартирама, Аселге көз салып тургула, силерге ишенейин” деп, аларын бизге дайындап кетти.   
 
Квартирант кыздын жигиттери 
 
Катя эженин квартиранты Асел чындап эле абдан шайыр, кичи пейил, эң негизгиси татынакай кыз экен. Мурда биз эртеден кечке бирибиз жумушта, бирибиз окууда болуп, аны көп деле байкачу эмеспиз. Эжем болсо анын атын эле укканы болбосо, мурда такыр көрбөптүр.  Мен сабактан  эртерээк келгендиктен, анын дайыма ар түрдүү  машинадан түшүп калганын көп көрчүмүн. Ошентип Асел менен жакындан тааныштык. Анан арадан бир күн өтпөй жатып квартирага бир топ кыз балдардын кирип келе жатканын байкап калдым. Кечинде эжем келгенде айтсам, "макул эми жаш болгондон кийин бардыгы боло берет да, киришпей эле кой, билгенин кыла берсин, Асел акылдуу эле кыз көрүнөт. Сенин квартираң болуп кетсе да эмне болуптур, ишиң болбосун, ал бекер жашап жатыптырбы” деп мага катуу сүйлөп койду. 
Ошол күнү алар бизге түнү бою шарактап  уйку беришкен жок. Анан күндө кечинде анын ар кандай балдар менен келгенин байкап калчу болдум. Дагы деле тилимди тыя албай эжеме айтып калам. Ошондо эжем Аселге барып, "жигиттериңди элге көргөзбөй алып келбейсиңби! Катя эжеге эмне дейм, мен көрбөсөм да, алар көрөт да, айтып коюшу мүмкүн” деп айтты. Асел дагы Катя эженин башка кошуналар менен жакшы сүйлөшпөсүн билет экен. Эжеме "макул” деп башын ийкегени менен, жактырбаган көздөрү менен карап кирип кетти.   
Арадан эки күн өтпөй түн ортосунда кошунанын эшигин бирөө катуу каккылап жатканын угуп, чоочуп ойгонуп кеттик. Карасак эле, бир орус улутундагы мырза "Асел, шалава, ач эшикти” деп кыйкырып, эшигин жулуп салчудай бакырып, тепкилеп жатты. Биз ойлонгуча эле, башка кошуналар чыгып, "эгер азыр кетпесең, милиция чакыртабыз” деп эскертип калышты. Тиги көп ичип алганбы, уга турган кейпи жок. Анан милицияларды чакыртып, алар аны алып кетишти. Ал кеткенден кийин кошуналар Катя эжени ушактап, анын квартирантын да ушактап, "өзүнө окшош квартирант алып алган турбайбы” деп сүйлөнүп калышты. Ошондо биз Алима эже менен таанышып калып, эртеси ал бизге чайга кирип, Катя эженин жаш кезиндеги араб ойношун айтып берип калды.
 
Алдап кеткен араб ойношу 
 
Катя эже 16 жашында боюна бүтүп, апасы менен катуу урушуп, ушул жакка өзү бир кемпирдин үйүнө квартирант болуп келиптир. Анан баласы өлүк төрөлүп, ошол бойдон 10 жыл турмушка да чыкпаптыр. Ойноштору абдан көп болчу экен. Кийин тиги карыган орус эне каза болоордун алдында квартирасын Катя эжеге жаздырып бериптир. Алима кошуна, "Катя аябай жакшы аял болгону менен ойноштору көп эле, ошондуктан кошуналар менен тил табыша албай калган” дейт. Ошентип жүрүп ал капкара араб менен жүрүп алыптыр. Ал Бишкекке кээде ага келчү экен да, эженин үйүндө эки жумадай жашап кайра кетип калчу экен. Ошентип ал Катя эжени өз жерине алып кетем деп жүрүп, эженин квартирасын саттырып, акчасын алып, ошол бойдон келбептир. Бул учурда анын боюнда бар болуп, ойношуна айтканга үлгүрбөй калыптыр. 
 
Кордоп жүргөн корей ойношу 
 
Эженин үйүн сатып алган адамдар өзүнүн тааныштары болгондуктан, бир эки жылдай жалдырап жашап жүрүп,  корей улутундагы улгайган киши менен жүрүп, анысы квартирасын кайра кайрып, сатып алып  бериптир.
"Ошол күндөн баштап ал каалаган убагында келип, 40ка чыгып калган эженин жанын койбой, кээде кошуналардын көзүнчө уруп-сабап, каалаганын кылчу, кошуналарга тынчтык берчи эмес. Ошентип жүрүп бардыгыбыз аны менен сүйлөшпөй калдык. Кийин ал корей көпкө чейин аларга да, бизге да тынчтык бербей жүрүп жоголду” дейт Алима эже. Бирок, Катя эже ал араб ойношун бизге абдан жылуу эскерүү  менен айтып берген эле. "Анын мени алдап кетиши жийиркеничтүү дечи, бирок менин андан кызым бар, ал мага өчүп калган үмүтүмдү кайтарып берди, ошондуктан таарынбайм” деген эле. Ал эми корей ойношу тууралуу сөз кылган эмес.  Өткөндөгү жагымсыз окуясын эстегиси келбесе керек. Эми эң кызыгы квартирант кызынын да өзүнө окшош окуяга кабылып жатканына таң калдык. 
Эртеси эжем Асел менен олуттуу сүйлөшүүнү чечип, кечинде мени чакырып кел деп жиберди. Бирок, Асел үйүндө жок экен.  Аны менен биз 3 күндөй сүйлөшө алган жокпуз. Дайыма кечинде чыгып кетет. Таңга маал келет. Мен аны көргөнүм менен эжем бул учурда үйдө жок болуп, такыр жолугуп сүйлөшө албай жатты. 
 
Аселди энеден туума жылаңач чечиндирип кеткен жигиттер 
 
Таң заар эле. Ишемби күнү мен окубайм. Ошондуктан бейкапар уктап жаткам. Бир маалда  эжем жумушуна чыгып кеткенине 10 мүнөт болбой жатып кайра Аселдин үстүнө  костюмун жаап алып кирип келди. Чырайлуу Асел тубаса жылаңач экен. Мен ишенип ишенбей уктап жаткан жеримен так секирип турдум. Эжем да таң калып, эмне дээрин билбей, кайсы кийимин берерин билбей, кыйналып жатканын байкадым. Ал болсо тоңуп калыптыр. Башын жерге салып, ыйлап олтурат. Мен дендароо болуп карап тура бердим. Анан эжем чакырып калды. Берки бөлмөдөн ал мага "кереги жок кийимдериңди берип, ысык чай бер. Мен жумушка кетишим керек. Асел менен кечинде келгенде сүйлөшөм”  деп кетип калды.  Мен Аселге кийим берип, ысык чай ичип олтуруп калдык. Аябай тоңуп, ачка да экен. Үйүнө барайын десе, анын эч нерсесин калтырбай алып кетишиптир. Ал тургай үстүндөгү кийимин, ич кийимине чейин калтырбай чечиндирип, подьездге таштап кеткен таш боор балдарды түшүнө албай турдум. Асел мага башында ошону гана айтып берген. Анан кечке чейин үйдө уктап, кечкисин тамактанып, эжемди күтүп олтурганда мага ыраазы болуп, "эжең келгенде баарын айтып берем, мындай акыбалга туш болгонума өзүмдү жек көрүп жатам, алардан сөзсүз өчүмдү алам, шашпа”  деп ойлуу олтуруп калды. Кеч кирери менен эжем келип, ал баарын айтып берди. 
 
Көп жигиттин алдында кор болгон Асел 
 
"Менин ата-энем Казакстанда турат. Бул жакта арзанчылыка карап, борборубуздагы ЖОЖдордун бирине тапшырып, атайын бул жакта окуп калдым. Бул жакка келээрим менен жакын курбуларды күттүм. Баардыгы мага окшош акчасы көп кыздар. Жаштыкка салып, оюн зоокко бат берилип, улам сөз айткан сулуу жана бай жигиттердин торуна илинип, күндө түнкү клуб, кафе жана башка көңүл ачуучу жерлерден башыбыз чыкпай, улам жигиттен жигит алмаштырып калдык. Ошол жигиттердин арасында кыргыздары да, корейи да, орусу да башкасы да баардыгы эле болду. Анан Алекс менен эмнегедир олуттуу мамиле куруп калганбыз. Кийин ал мени башка балдар менен көп кармачы болду, анан урушуп кетип абдан мазактады. Ошондо мен анын намысына тийип, кыздардын көзүнчө "сен эркексиңби, сенин төшөктө кандай экениңди айтып берейинби же кыздарга ” деп, айтор, көп нерсени айтып андан кем калышкан эмесмин. Кечээ кечинде кыздар болуп чогуу клубга бардык. Ал жактан чоочун балдар менен таанышып, чогуу көңүл ачып калдык. Клубдан кийин  бир квартирага бардык. Биз ичкен спирт ичимдиктерине эмне кошуп салышканын билбейм, андан аркысы жакшы эсимде жок. Курбуларымдын да каякка кетип калышканын билбейм. Иши кылып, элес булас бир нерселерди билгеним менен, көп эркектин алдында улам кор болуп жатканымды жакшы сездим. Бирок, алардан кутулганга башка амалым же абалым жок эле. Арам иштери бүткөндөн кийин менин эч нерсемди калтырбай чечиндирип, жылаңач боюнча таштап кетишти. Мен бир сааттай тоңуп олтуруп эсиме келдим, анан дагы жакшы эч ким көрө электе Ажара эже сиз көрүп аман калдым. Ушунун баарын Алекс эле кылды болуш керек өчөшүп, ” деп шолоктоп ыйлап кирди. 
 
Банги болуп кеткен  Асел 
 
Албетте, биз ал балдарды сотко берүүнү туура көрдүк, бирок Асел уялып жатты. Акыры эжем таанышына айтып, алар эки күндөн кийин  Алексти суракка алып, иштин жайын билишти. Чындап эле ал балдар анын достору экен. Баардыгы билимдүү, илимдүү эле кыргыз балдары имиш. Кийин Катя эже келгенде эч нерсе айта алган жокпуз. Асел болсо балдар менен жолугушканын токтоткон жок. Ушундай шумдуктуу окуядан кийин да ал күндө жигит алмаштырып жүргөнүн көрүп кээде боорубуз да ачып, жинибиз да келип, эмне дээрибизди да билбей жаттык. 
Арадан үч жарым ай өткөндөн кийин, Аселдин катуу ооруп Казакстанга кеткенин билдик. Ошондо Катя эже анын наркоман болуп кеткенин, ваннага кирип алып, укол сайынып бир нече саат чыкпай эси ооп калган жеринен кармап алып, ата-энесине чалып, алар дароо алып кетишиптир. Ошондон кийин Катя эже жалаң балдарды квартирант кылып калды. 
 
Карылгач

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1364 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 1
1 Yfotll  
0
order lipitor 20mg online cheap <a href="https://lipiws.top/">lipitor buy online</a> atorvastatin 80mg drug

Имя *:
Email *:
Код *: