Главная » 2014 » Март » 8 » Заманбап макалдар
17.20
Заманбап макалдар

Заманбап макалдар

- Чүйдө чүйгүндөп тамак бербейт, айылда калып ата-энеңди бак кыргыз. 
 
- Ботинкесинин боосун байлай албай калгычакты семиргендер жер үстүндө эмне болуп жатканын деле көрбөйт. 
 
- Эх жакшылык, жакшылык, сен үчүн ичип атып соолудук да, какшыдык. 
 
- Карааныңдан кагылайын мекеним, кайсы күнү, качан сага жетемин. (паспортсуз калган атуулуң). 
 
- Эки жүздүү адамдын эки дүйнөдө тең бети кызарбайт. 
 
- Жер тоголок экенине ишенбейм. Карыз алгандар кайрылбай койду. 
 
- Беш бээ сатып, беш жыл окуп, беш жылдан бери жумушсуз жүргөндөр көп. 
 
- Балдарын таштаган аял күкүктөр, чоңойгондо ээсин капкан саясатчы «күчүктөр» көбөйдү. 
 
- Борбордо жарык өчкөндөн кийин, Бостерини айтпай эле кой. 
 
- Кара курсактын тойгонуна каниет кылуу кайдыгерликтин жеткен чеги. 
 
- Ата-энеңдин акчасын коротуп он жыл окуганча, өз эмгегиң менен өтүк тазала. 
 
- Атасы рэкет, апасы ууру болсо, бала банкир болот. 
 
- Кадыры чоң адамды казысынан тааны. 
 
- Таң ата тачкелеринде отурган балдар, тоокканадагы тоокторду элестетет. 
 
- Көлүбүз бар бирок балыгыбыз, үйүбүз бар бирок жарыгыбыз, суубуз бар бирок арыгыбыз жок. 
 
- Акылы көп студенттин акчасы жок, акчасы көп студенттин акылы жок. 
 
- Арамза адам ар күнү аш жесе да семирбейт. 
 
- Эмне үчүн элибиз жарыбайт? Анткени, кубанычын, кайгысын, оорусун арак менен дарылайт. 
 
- Адамга адам дос болгусу келбеген заманда, итке абдан ыраазы болот экенсиң. 
 
- Жамбашы чоң аялга жандоочу көп. 
 
- Аял менен эркек бири-бирисиз жашай албагандай эле, Ак үй менен оппозиция жалгыздап жашай албайт. 
 
- Сөзүбүз жылма, жүзүбүз жылмакай, бирок жолдорубуз одуракай. 
 
- Адамдан маймыл жаралбаганына кудайга шүгүр. Ушунча акылдуу маймылга ким түтмөк.   
 
- Базарда жалаң кытай товарлары, сатуучулар кыргыз. 
 
- Тергөөчү сураганды бербөөчү болбо. Ак болсоң да көпкө келбөөчү сапарга кетесиң. 
 

- Тойгузуш үчүн курсакты, тогуз күндө пикетке чыгып турсакпы. 
 
- Октябрь революциясынан кийин басмачылар азайса, март революциясынан соң жазмачылар азайды. 
 
- Кийгеним кытай кийими, ичкеним кытай тамагы, анан мен байкушта ден соолуктан калабы? 
 
- Мурдакы күн таанышкам, кечээ колун сурап, бүгүн үйлөндүм. Жакпай калды,
эртең ажырашам. (Биздин замандын кишилери) 

Категория: Цитаты кыргызча | Просмотров: 3105 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 2.2/4
Всего комментариев: 2
1 Cwgzyh  
0
atorvastatin buy online <a href="https://lipiws.top/">buy atorvastatin 10mg online</a> brand lipitor 10mg

2 Hoiuqt  
0
lipitor 20mg uk <a href="https://lipiws.top/">buy lipitor 40mg pill</a> atorvastatin 10mg price

Имя *:
Email *:
Код *: