Главная » 2014 » Март » 10 »
07.38








Жер жүзүнүн кыйрашына чоң салым кошкон таракандар





Таракандардын укмуштуудай ааламы

Жийиркеничтүү, кара, күрөң түстүү таракандарды баардыгыбыз билгенибиз
менен алардын ааламы, жашоосу тууралуу эч нерсе билбейбиз. Көрсө алардын
ааламы укмуштуудай таң калыштуу экен.

 

Коркунучтуу таракандар

Биринчиден алардын 4000ден ашык түрү бар жана жалпысынан алганда
баардыгы зыянкечтер аталышат.  Адамдарга ар кандай ооруларды алып
келишет жана биз колдонгон өсүмдүктөрдү жеп жок кылышат.

Экинчиден алардын ургаачысы уруктангандан кийин бир нече жолу боюна бүтүп, үй-бүлөсүн сактап калат.

 

Бир айлап тамаксыз жашай берген таракандар

Алар бир айлап эч кандай тамаксыз, жумалап суусуз жашай
беришет.  Эң  коркунучтуу душмандары адамдар болушат. Бирок кечки
жарыктан коркушпайт. Муну баары менен эле алардын жоруктары жана жашоосу
бүтүп калбайт. Ошондуктан тереңирээк карап көрөлү.

 

Таракандардын дүйнөсү  таң калыштуу

Үйдө дубалда же жерде басып жүргөн таракандарды көргөндө корккондон
кымгуутка түшөбүз. Ал эми учуп жүргөндөрүн көргөндө таптакыр эле
коркунуч пайда болот.  Бирок, табигат бизге боору ооруп, анын бир түрүн
гана жаратыптыр. Ошондуктан 4000 таракандардын ичинен бир түрү гана уча
алат жана алар түндүк Африкада жашашат. Бул таракандардын сүрдүү
канаттары 18-19 сантиметрди түзөт.

 

Жел

Таракандар  ар бир 15 мүнөт сайын жел чыгарып турушат. Өлүп калгандан
кийин деле алар осурганын он сегиз саат (18) ичинде токтотушпайт. Эми
бир эле таракан ушундай жолго барып жатса, калган дүйнө жүзүндөгү
таракандардын баардыгынын кылган жоруктарын элестетүү кыйын. Жалпысынан
алып караганда дүйнөдөгү таракандар жер жүзүндөгү 20% метанды чыгарып
турушат. Ошентип алар  жер жүзүнүн кыйроого учурашына чоң салым кошуп
жатышат.

 

Таракандардын алсыздыгы

Эгер таракандар чалкасынан жатып калса, анда өлүшөт. Анын себеби, ал жөн
гана артка тура албай калышында. Эгер пол тегиз жана жылмакай болсо,
бул туура өлүм.  Эгер  андай эмес болсо, анда аларга жашап кетүүгө
мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң кызыктуусу чымын-чиркейлер менен күрөшчү
каражаттарда биринчи алардын булчуңдарын  жабыркатуучу уулар бар.  

 

Таракандардын ышкырыгы

Таракандардын ышкырыгы дүйнө жүзүндө белгилүү. Алардын бир түрү өтө
тез  кыймылда  катуу ышкырык чыгара алышат. Муну окмуштуулар алардын
ааламын изилдеп жүрүп Мадагаскар деген таракандардан табышкан. Дал ушул
ышкырыктарды тасма жаратуучулары көп колдонушат.

 

Таракандарга  баш маанилүү эмес

Таракандарга башы жок жашай бериш маселе деле жаратпайт. Бул зыянкечтер
мурду менен эмес баардык денесиндеги клеткалар менен дем алышат. Анын
үстүнө аларда кан дагы жок. Демек кан басымы да жок. Ошондуктан алар
үчүн баш маанилүү деле мүчө эмес жана кайсы  бир убактарда башы жок эле
жашап жүрө беришет.    

 

Ден соолукка зыян

Таракандар адамдын организмине зыян алып келип, аллергия чакырышат.
Көбүнчө астма оорусун. Бул нерсе мындан элүү (50) жыл мурун далил
болгон. Орто эсеп менен алганда көп кабаттуу үйлөрдө бул аллрегиялык
ооруну чакырган тогуз жүздөн (900) баштап, 300 000ге чейин
чымын-чиркейлер жашашат.

 

Тездик

Алардын жашоосундагы дагы бир кызыктуу көрүнүш алардын  таң калыштуудай
ылдамдыгы. Америкалык таракан бир секундда 75 сантиметр аралыкта чуркай
алат. Бул алардын дене-мүчөсү үчүн өтө эле тез ылдамдык. Алар чуркап
жатканда көзүнө ишенишпейт. Көздүн ордун антенна сыяктуу иштеген буттары
жана муруттары  алмаштырат.

 

Радиация

Таракандар радиацияларды мыкты көтөрө билишет. Эгер адам 500гө жакын
радиациянын таасирин  көтөрө ала турган болсо,  а таракандар 6500дү.
Көрсө, "ядролук согуштан кийин жалаң гана таракандар аман калышат” деген
сөздөр да бекеринен айтылбайт экен. 

Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 759 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 1
1 Ajuehd  
0
buy generic lipitor over the counter <a href="https://lipiws.top/">lipitor 40mg without prescription</a> atorvastatin 40mg cost

Имя *:
Email *:
Код *: