Главная » 2014 » Март » 8 » Айдай, бул катты окуп калат чыгаарсың» деген үмүттөмүн
17.39
Айдай, бул катты окуп калат чыгаарсың» деген үмүттөмүн

«Айдай, бул катты окуп калат чыгаарсың» деген үмүттөмүн

Кочкордон  Сокулук шаарына  көчүп  келип, мен ал жерде окуп калдым. 3 жылдан кийин окууну аяктап шаарга келип эл катары окууга тапшырып, Славян университетине өтүп кеттим. Атам менен апам мындан 20 жыл мурун эле ажырашып кеткендиктен,  апам,  турмушка чыккан эжем үчөөбүз эле турчубуз. Эжем да шаарда окуусун  бүтүп, турмушка чыгып, үй-бүлөсү менен борбордо  турат. Мен дагы борбордо окуп калгандыктан, башында Сокулуктан каттап окушка туура келди. Андан кийин балдар менен чогуу квартирага чыгып алдым.  Анан  Айдайды жолуктурдум. 
 
Көр оокат
Апам мугалим болуп иштегендиктен, тапкан акчасы тамак-аштан деле чыкчы эмес. Эжем болсо өз оокаты менен алек. Мен болсо эр жетип калгандыктан, ансыз да бизди жалгыз чоңойткон апамдан акча суроо кыйын болчу. Мурда жайкы каникулдарда балдар менен шаарда ар кандай жумуштарда иштеп калчымын. Кийин окуп жүргөндө бир аз кыйналып, сабактан кийин жумушка орношуп алдым. Ошондуктан квартирага да чыгышка туура келди. Анан эски тааныштар менен евро ремонт жасап иштеп жүрдүм. Жумушта баардыгы олуттуу болгондуктан, сабактан да көп калып жаттым.  Ошентип жарым жыл сабак менен жумуштун ортосунда  кыйналып жүрүп, окуумдан которулуп, сырттан окуп калдым. Жумуштан жакшы эле маяна алгандыктан, оюмда акча чогултуп, бизнес ачып алып анан кийин кайра экинчи билим алам дедим. 
 
Студенттик жыргал жашоо
Квартирага студент досторум менен чыгып алгандыктан эки күндүн биринде үйдөн конок кетпей, жыргал жашоо. Мен жумуштан чарчап, кээде кеч келем. Досторум болсо акчалары аз болсо да, көңүл ачып, эки күндүн биринде майрамдап эле жатышат. Мен иштеп жакшы акча тапкандыктан аларга карызга акча бере берип, артында өзүм да чыдабай калдым. Жаш болгондон кийин баары бир деле  азгырыкка алдырып, көбүнчө аларга кошулуп, кээде айлык алганда өзүм  ээрчитип алып, түнкү клубдарга бармай, кыздарды конокко чакырмай. Тапкан акчамдын баары досторумдан, көңүл ачкандан чыкпай, өзүнчө жашоону ойлоп, бирок чыгынбай  жүргөм. Ошентип, бир күнү чогуу жашаган досумдун туулган күнү болуп калып, адатыбызча эле кафеге, андан кийин түнкү клубга барууну туура көрүп,  жөнөп калдык. Кафеге барып, сулуу  кыздар менен тааныша албай (кээде кафеден кыздар менен таанышып калсак, майрамдын уландысын үйдөн  улап түнкү клубга барчы эмеспиз), түнкү клубга жөнөп калдык. Ойлогон оюбуз ишке ашып клубда чүрөк  кыздар толтура экен. Баардыгы эле биринен бири өткөн сулуулар. Анан ал жердеги  туулган күн өткөрүп жаткан 5 кыз менен таанышып, бир дасторкондо чогуу олтуруп калдык. Бир аз кызып калгандыктан мен башында эч кимисине деле көңүл бөлбөгөнүм  менен четте олтурган кара тору, арыкчырай кыз мени өзүмө абдан тартып жатты. Жанына барып жакындан канчалык таанышкым келсе да, бир топ кызып калганымдан тартынып анте алган жокмун. 
Кече да аяктап, клубдан чогуу чыгып калдык. Кеченин уландысын үйдөн улантууну сунуштасак, бири  да созолонуп болбой коюшту. Аларды узатып жатканда  досторумдун номерлер менен алмашып жатканын көрүп, эртеси мага жаккан кыздын номерин алып, таанышууну ичимен чечип койдум. Бирок, үйгө жеткенче чыдамым кетип, досумдан  көзүм  түшкөн кыздын номерин алып, дароо эле чалдым. Анан телефондон баатыр болуп, таттуу сөздөрдү айтып, таанышып калдык. Аты Айдай экен. Мени какпай, сылык сүйлөштү, ал тургай менин да жакканымды жашырган жок. Ичимен сүйүнүп калдым. Арадан 2 жумадай  өткөнчө телефондон баарлашып жүрдүк. Анын назик үнү мени өзүнө арбап алды. Бир күн эле үнүн укпай калсам, кадимкидей сагынчы болдум. Акыры  жолугуштук.
Ортодогу ысык мамиле
Сезимдерим мени алдабаптыр. Жолукканда эле жактырып калгандай болдум. Жай айы эле. Окууңду аяктап жаткансың. Ошол жай дагы бизге бир башкача таасирин бердиби, экөөбүз бат эле сүйүшүп, аз убакыттын ичинде бири-бирибизден арыла албачыдай сүйүшүп калганыбызды түшүндүк, ал тургай сезимдерибизди күчөтүп, өзүбүздү бири-бирибизге арнаганга да жетиштик. Эми экөөбүздүн  ортобуздагы мамиле абдан ысык болуп, такыр ажырашкыс болуп калдык. Сенин ар бир баскан кадамыңа чейин текшерип, жалындаган сүйүүм күчөп эле жатты. Анан сен  окууңду  бүтүп,  көлгө кетмей болуп калдың. Мен болсо жибергим келбей, ичимен кызганып жаттым. Акыры ата-энең чакыртып, айылыңа сапар тарттың. Кеткениңе бир жума болсо да, мен чыдай албай кызганып, телефондон бакырып, ар нерсени айтып урушчу болдум. Айдай,  мен ал кылыктарым үчүн кечирим сурайм сенден. Мен ал кезде араң гана 19 жаштагы  жаш жигит элем. Эч нерсени түшүнбөгөм. Көк беттенип жатып, сенин Бишкекке тез арада келип калууңду алып алган аялымдай эле буйрудум. Ата-энеңе эмне деп айтышыңды да ойлоп койдум. Менин оюмдун баардыгын сен ээлеп алгансың. Ошондуктан өзүм квартираны ижарага алып, экөөбүздүн ортобузда баары болгондон кийин чогуу жашоону туура көрдүм. Сен дагы менин сунушумдан баш тарта алган жоксуң, бат эле мага жетип келдиң. Ошол күндөн баштап экөөбүз эрди катындардай бир үйдө жашап калдык. Мен баягы кызганчаактыгымды дагы деле токтоткон жокмун. Ошондуктан сенин жумушка киришиңе да каршы болдум. Бирок, квартирага да, тамак-ашка, баарына акча жетпей, апама да жардам бере албай калдым. Апам тескерисинче, үйгө барганда чөнтөгүмө акча салып койгонун токтотчу эмес. «Жалгыз балама бербегенде кимге берем» деп калчу.  Эжем да анда-санда үйүнө конокко чакырып, ар кандай белектерди кылып, ичинде акча толгон конвертти карматып койчу адаты бар. Ошентсе деле бир үй-бүлөнү багыш чоң милдет экенин жаш болсом да түшүнүп жаттым. Канча жолу курбу кыздарыңа кошулуп иштейм дегениңе кызганчаактык адатымдын айынан каршы болуп койдум. 
 
Курбуң
«Үйдө олтуруп эригип жатам, курбу кыздарым келип турсунчу» дегениңе каршы болбодум. Акыркы алар  түн  ортосунда чалып, биздин үйгө түнөчү да болушту. Анан бир күнү, «менин кичинекейимден бери чогуу өскөн курбум тайежеси менен урушуп кетип, үйүнөн кууп чыгыптыр, барарга жери жок, биздикинде жашап турсун» деп жалооруп жалдырадың. Ага да макул дедим. Ал күнү курбуң Перизат көчүп келди. Абдан татынакай кыз эле. Мүнөзү да абдан жакшы болчу. Мен ошон үчүн каршы болгон жокмун. Тескерисинче жашообуз мурдагыдан да кызыктуу боло түшкөндөй болду. Ашкана чоң болгондуктан ал жакта түнөп жүрүп, кийин кыйналбай эле биздикинде бекер жашай бер дедик. Эми мен 3 кишини багып калдым. Кийинки күндөрү ишим жакшы болбой, Перизат экөөңөр  кафеге түнкү ишке бириңер бармен, бириңер официантка болуп иштеп алдыңар. Эми айла жок сенин иштешиңе макул болушка туура келди. Анан кызык жашоо башталды. Кээде үйдө Перизат экөөбүз түнөп калабыз. Эркек болгондон кийин баары бир азгырылат экенсиң. Бирок, андай ойлорум болгону менен сени ага алмаштырган жокмун. Перизатка да жагаарымды жакшы билчим. Бирок кыздар сүйүүгө келгенде баарына кайыл болушат экен. Мүмкүн ошондуктан «кыздардын ортосунда чыныгы достук болбойт» деп айтышат. Акыркы күндөрү такыр эле жумушу жок олтуруп калдым. Ошондо апам да мени чакырып, ага жардам берип коюну туура көрүп,  Сокулукта бир жумадай туруп калдым. Сен жакшы эле «мени апаң менен тааныштыр, качанга чейин ушунтип жүрө беребиз, чогуу баралы» дедиң. Мен макул болгон жокмун. «Сабагыңды окуп, ишиңди кыл» деп кетип калдым. Чынында сага абдан ишенип, мурдагыдай кызганбай калгам. Бирок эмнеге сени анда апам менен тааныштыргым келген жок, өзүм да түшүнбөйм. Мүмкүн жашмын деп тартынган чыгаармын. 
 
Көзүмө чөп салдың
Сокулукка бир жумага кеткеним менен дагы 4-5 күндөй кармалып калдым. Шаарга  жакын досум менен кокустан эле чогуу келдим. Мурда экөөбүз чогуу келебиз деп сөз беришип алгандыктан, анын түндө жумуштары чыгып калып, кеч болуп калганына карабай шаарга келдик. Мен аны менен шаарга келгенден кийин дагы 2 сааттай бирге болуп, түн ортосунда үйгө келсем эшикти чоочун жигит ишенимдүү ачты. Биринчи көрүп  чоочуп кеткеним менен оюма ар нерселер келип, башым маң болуп, кыжырым кайнап, эмне дээримди билбей туруп калдым. Ал жигит жылмайып учурашып, «коркпой эле кой дос, мен Айдайдын бир тууган бөлөсү болом, айылдан жаңы келдим, шарт ушундай болуп калды, кир эми тура бербей, ичтен жайма жай сүйлөшөлү» деди. Анын ишенимдүү сүйлөгөнүнө карап, кайра мен ойлуу ичке кирдим. Сен бурчта уктап жатыпсың. Учурашканга да жарабай көк беттенип ары карап жатып алдың. Анан мен көк мээ тиги сүйлөп жаткан бала чын эле сенин бөлөң деп ишенип калдым. Аз убакыт өтпөй өз курбуң ал сенин экинчи жигитиң экенин айтты. Экөөңөр менин көзүмчө тытышып кеткенге чейин барып, Перизат жүгүн көтөрүп алып кетип калды. «Ал сени жакшы көрөт, ошондуктан бузуп жатат, мага ишенесиңби же агабы» деп көк беттенгениңден анда да сага ишенип, Перизаттан кол үздүк. Анан эмне болду, арадан 2 ай өтпөй баягы жигит өзү  келип сени менен мамиле куруп жүргөнүн, экөөңөрдүн ортоңордо баары болгонун айтып берди. Мен шок болуп, ишене албай дагы деле далдырап үйгө келип сенден сурадым. Жигиттик намыс дегенден деле эч нерсе калбады. Сен болсоң башыңды жерге салып шолоктойсуң  мага. «Мени кечир, экинчи андай жолго барбайм, мен ката кетирдим» деп, бутума жабышып алып ыйладың.  Акыры чын экенин түшүнүп, кечире албай, кийимдериңди өзүм салыштырып, эшикке чыгарып салдым. Сен болсо эшикти каккылап дагы деле ыйлайсың. Кошуналардан уялганыман сени жетелеп алып таксиге салып коюуну туура көрүп, көчөгө чыктык. Кыш айы болгондуктан сен үстүңдө курткаң, бутуңда болсо үйдөгү тапичкең боюнча чыгыптырсың. Мен ачууланып, аныңа деле караган жокмун. Такси кармайын десем болбой, жанымды койбой бутума жабышып алып кечирим сурап ыйлап жаттың. Элдин баары бизди карайт. Мен баары бир ачууга  алдырып, сени кечире албай таксиге салып кетирип жибердим. Сага өчөшүп,  дароо эле Перизатты кайра чакырып, аны менен жашап алдым. Ал экөөбүз бактылуу күндөрдү өткөрүп, убактылуу сени унутуп калгандай болгонум менен баары бир тил табыша албай жарым жылдай чогуу жашап, ажырашып кеттик. 
 
Өкүнүч жана сагыныч
Ооба, сенден кийин далай эле кыз алмаштырдым. Бирок бири менен да олуттуу мамиле кура албай 26 жашка чыгып да жалгыз бойдон жүрөм. Бир дагы кыз менен сендей узакка мамиле түзө алган жокмун. Ошончо кыздын арасынан сен гана жүрөгүмдө калып, сени гана эстейм. Сен менин  алгачкы ыйык махабатым элең.   Канчалык жүрөгүмдү ооруткан болсоң да, баары бир деле сен жүрөгүмдө калдың. Ошондо сени апам менен тааныштырып, чогуу жашагандын ордуна баш кошуп албаганыма абдан өкүнөм. Мүмкүн андай учурда сен менин көзүмө чөп салбайт белең. Мүмкүн баш кошпой калганыбыз жакшы болду. Ошентсе да сени түшүнөм, анда абдан жаш элең. Угушумча  турмушка чыга элексиң. Андан бери акыл калчап  иш жасап, көптү көрүп токтолуп калсаң керек. Эгер бул катты окуп калсаң, мен дагы деле (андан бери 7 жыл өттү) ошол квартирада турам. Сенин мени менен жолугуша турган оюң болсо, каяктан издешти билесиң. 
Сени издеген жок деп ойлобо. Кызык экөөбүз 2 жылга жакын жашасак да, сага ишенип «Улуттук университетте окуйт, көлдүк болот» деп жүрө бериптирмин. Көрсө анда да алдаптырсың, эмнеге экенин билгим да келбейт. Акыры 5 жыл  сураштырып жүрүп, көлдүк  эмес таластык, Улуттук университетте эмес, БГУда окуганыңды билдим. Электрондук адресиңди да өзгөртүп,  таба албай кыйналдым. Акыры жөн гана ордуңа коюп, кат жазууну туура көрдүм.  Мүмкүн окуп калсаң ойлонот чыгаарсың. Мен болсо сени кечиргенге даярмын, сени абдан сагындым! Мен эми башкамын. Убагында экөөбүздөн тең ката кеткен, менин асыл жаным.
Сенин бир убактагы Тилегиң

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 997 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 1
1 Fbymjo  
0
atorvastatin 40mg pill <a href="https://lipiws.top/">order atorvastatin 20mg pill</a> buy lipitor 80mg online

Имя *:
Email *:
Код *: