Главная » 2014 » Март » 8 » Чыныгы махабат
17.59
Чыныгы махабат

Чыныгы махабат

Ойлосоң оюңдан, түш көрсөң түшүңдөн кетпей түйшөлткөн, жан дүйнөгө жылуулук берген оо улуу махабат!!! Дүйнөдө махабат бар үчүн баарыбыз бул дүйнөдө өмүр сүрүп жашап келебиз. Сүйүү - Алланын бизге берген эң ыйык белеги. Ал белекти сактап калуу биздин аракеттен. Кээ бирибизге сүйүү кубандырып келсе,  кээ бирибизге  кайгы менен же болбосо дагы толгон токой окуя аркылуу келет экен. Мына ушундай сүйүү мага кубаныч менен жылмайып гана кирип келди. Жылмайып келген сүйүүнү мен да жылмайып кучак жайып тосуп алдым. Бирок аягы кайгы менен бүткөнү азыркыга чейин эсимде. Анда эмесе сөз башынан болсун. 
 
Менин бала чагым 
 
Күн нурунун жерге себилген жанга жагымдуу, көзгө көрүнүктүү алтын нурлары менен жымжырттык ичине көмүлгөн жер жүзү жашыруун терең сыр ичинде термелип, көргөн бир жандын көңүлүн кытыгылап, боюн балкытып, черин таркатып, өчпөс-түгөнбөс шаттык кубаныч туудурат. Суулар, көк мелжиген аска тоолор, жан-жаныбар, канаттуулар, кыскасы керемет болгон жерде туулуп өсүп, ошол жерде жаштыгым өттү. Бала чагыңда башыңдан эмнелер гана өтпөйт. Күлөсүң, ыйлайсың, урушасың-талашасың дегендей. Кайгы-капа жок, оюңда бир гана оюн болгон. Таң аткандан кеч киргенге чейин ойнойсуң да кеч киргенде үйгө келип, кыйраткандай жата калып уйкуга кетесиң. Эрте менен кайра эле ошол көрүнүш. Ата-энеңдин эмне менен алек болуп жатканы менен эч ишиң жок. Ошентип отуруп чоңоюп эс тарткандан кийин кичине болсо да үйгө каралашып, жардам берип, үй иштерине жарай баштайсың. Менин да бала чагым армансыз ойноп күлүү менен өттү. Кыздар менен куурчак талашып уруша кеткен күндөрүм азыркыга чейин эсимде. Кийин убакыт өткөн сайын жүрүш-турушуң өзгөрүп, дүйнөгө болгон көз-карашың өзгөрүп, бала чактан жаш куракка өтөт экенсиң. Жаш курак андан кызык өтөөрү талашсыз. Мен 10-класста окуп жаткан учурум. Анда кызгалдак гүлүндөй ачылып, назик болуп, көз салган жигиттерди көрүп калсаң бир чети уялсаң, бир чети сүйүнөсүң. 
 
                

Сүйүүгө кабылуу
[/b]
Ошондой күндөрдүн биринде мектептер арасында "Кыргыз тилин кылымдарга сактайлы” деген аталышта фестиваль боло турган болуп, ага биз да катышкандыктан аябай катуу даярдык көрдүк. Даярданганыбыз жакшы чыкты көрүнөт, сахнага чыгып өнөрүбүздү тартуулап жатканда баары колдоп-коштоп кыйкырып жатышты. Мен анда ырдап-бийлеп, көркөм окуп сахнага чыктым. Чынын айтканда бир караган жигиттин жүрөгүнө от салгандай абдан татынакай кыз элем. Капкара болгон каш-көздөрүм, ак жуумал келген жүзүм, сымбаттуу келген тулку боюм кимдин болсо да көңүлүн бурдурбай койчу эмес. Ошол сахнага чыккан учурда мени бир жигит жактырып калат. Мага аны классташ балдарым айткан болчу. Ошентип  ал фестиваль ийгиликтүү аяктап,  баарыбыз үйлөрүбүзгө кеттик. Сабактарыбыз өз нугунда уланып жатты. Бир күнү сабактан келе жатсам телефонум шыңгырап калды, алсам коңур үндүү, уялыңкы келген, токтоо сүйлөгөн бейтааныш жигит таанышып алууну өтүндү. Мен макул болуп, экөөбүз тез эле тил табышып кеттик. Көп убакытка чейин телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Ал жигит коңшу айылда жашачу. Бирок ошентсе да жолугушкан эмеспиз. Күн өткөн сайын мамилебиз достукка айлана баштады. Чындыгында мен аны дос катары көрүп, достой мамиле менен жүрсөм анын ою таптакыр башка нерседе экен. Башка дегенимдин себеби ал мени сүйлөшкөн кызым деп жүрчү экен. Ошентип смс аркылуу сүйүү каттары келе баштады. Сүйлөгөндөрү өзгөрүп, мамилеси да таптакыр башкача болуп өзгөрө баштады. Бир күнү күтүлбөгөн жерде өзүнүн сүйүүсүн арнаганда оозума сөз келбей тилден калгандай болуп аябай жаман акыбалда калдым. Анын сунушун четке какпай макул болдум. Себеби аны көптөн бери тааныйм, мүнөзүн да жакшы түшүнөм, кыскасы менде да ага болгон жакшы көрүү сезими боло турган. Эми экөөбүздүн достугубуз калып, чоң сүйүү пайда болду. Азыр эстесем ал жөн гана жакшы көрүү сезими болгон экен. Бирок жаш убагыңда бул нерсени чыныгы сүйүүм деп билет экенсиң. Убакыт өткөн сайын ортобуздагы мамиле жакшырып, бири-бирибизге болгон сүйүү сезими күч ала баштады. Кайсыл убак болбосун ар дайым биргебиз. Эмнегедир ажырашкыбыз келбейт. Кечкисин гана бирге болбойбуз. Сүйүүнүн деми менен ысыкты ысык дебей, суукту суук дебей махабат деңизинде балыктай сүзүп жүрдүк. Анын айткан сөздөрү бүгүнкү күнгө чейин эсимден кетпейт. Экөөбүз кыялыбыз менен дүйнө кыдырып, балалуу болуп, алардын мээримдүү ата-энеси болуп, анан улгайып абышка кемпир болгонубузга чейин элестетип кубанчубуз. Ал учурда бул дүйнөдө экөөбүздөн башка бактылуу адамдар жоктой сезилчү. Бири-бирибизди эч качан таштабайбыз, эч качан капаланбайбыз, сүйүүбүздү терең сактайбыз деп сөз да беришкенбиз. Ар бир күн таң калаарлык жана кызыктуу өтүп жатты. 
 
                                        
Бири- бирибизди түшүнбөй...
[/b]
Күндөн күн өтүп, айдан ай өтүп, ай жылдарга кантип алмашканын байкабадык. Бактылуу көз ирмемдер биринин артынан бири чубап өттүп жатты. Бирок бул бактылуулук көпкө уланбады. Эгерде мындай болоорун билсем ал сүйүүнү убагында сактап калат элем. Эгер ошол учурда сүйүүнүн баркын билсем. Бирок андай болгон жок. Менин телефонум бузулуп калгандыктан көпкө чейин сүйлөшпөй калдык. Ал учурда менин жоктугуман пайдаланып, башка кыз менен мамиле түзүп жүргөнүн билдим. Болгондо да кыз-жигит болуп жүргөн экен. Бир күнү эле бейтааныш кыз телефон чалып, өзүн тааныштырып, мен сүйлөшүп жүргөн жигиттин сүйлөшкөн кызы экенин айтып, бул кызга мени жөн гана бирге бүткөн классташ кызым деп тааныштырганын айтты. Бирок экөөнүн сүйлөшкөнүнө болгону 2 жума гана болгон экен. 2 жума да эле сүйүшкөндөр боло калыптыр. Менин ыза болгондугумдун себеби биздин канча убакыт сүйлөшкөнүбүз эмес, бири-бирибизге сүйүүнүн күчү менен берген убадаларыбыз кай жакка кеткенин билбейм, асманга аба сымал жайылып кетти сыяктанат. Эркек болуп берген убадасын так аткаралбаган эркекти эмне десем болот. Андай адамды жоопкерчиликсиз адам десем болчудай. Ушул себептүү менин ага болгон сүйүүм, сагынычым, көз карашым, мамилем таптакыр түбү менен өзгөрдү. Мындай нерсеге жол берген өзү. Мен аны күндөн-күнгө жек көрүп, өткөн күндөрүбүздү эстесем аябай ызаланчу болдум. Өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, канча жолу келип кечирим сурап, мүмкүнчүлүк берүүнү суранды. ”Мындан кийин сени сөзсүз бактылуу кылам” деп адаттагыдай эле жаттап алган сөздөрүн айтып жатты. Убагында айткан сөздөрүнө жүрөгүм жылып, кубанып "ушул сөзүн дагы бир жолу айтса экен” деп сүйөм деген сөзү кулагыма балдай таттуу угулса, эми ал сөздөрү мен үчүн жаттап алгандай сезилет. Силер айтышыңар мүмкүн "башка кыз менен жүрүп кетсе эле ушундай кылыш керекпи” деп. Ооба башка адамдар кылбаса да мен ушундай кылам. Себеби менин жан дүйнөм башка. Мен аны кызганбайм, бирок ошол эле учурда анын мага айткан жылуу сөздөрү, жылуу мамилеси, кыскасы мага кылган мамилесин башка эле мен сыяктуу кыздарга да ошондой мамиле кылуусун каалабайм. Бул мүнөзүм ушул учурда эле пайда болгон эмес, менин бала чактагы да мүнөзүм ушундай болчу. Өзүм таптакыр бирөөгө окшогум келбейт. Ар дайым элден айрымаланып тургум келет. Азыр да ошондой. Балким менин сүйүүмдү сактап кала албагандыгым ушул мүнөзүмдөн болсо керек деп ойлоп калам. "Үйрөнгөн адат калбайт" дегендей менин бул адатым мени менен кошо оо дүйнөгө кеткенде калат. Ошентип мен үчүн күндө керек болгон адамды жашоомдон таптакыр алып салдым. Аны оюмдан, сезимимден, жүрөгүмдөн чыгардым жана унутууга аракет кылдым. Ал адам жөнүндө сөз уксам жийиркене баштадым. Эптеп андан кутулуунун аргасын кылам.  "Убакыт баардык нерсени дарылайт” демекчи күн өткөн сайын унута баштадым да кийинчерээк таптакыр унутуп, жүрөгүмү чоң кайгыдан бошоттум.
Жаштык кезде эмнелер гана болбойт. Кызыктуусу да, кайгылуусу да бирдей болот экен. Жаштык кезде жан дүйнөңдөгү сезимдериң козголуп ыр жазууга да түрткү болуп, 3-4 сап ыр жазып коёт экенсиң. Мен да мындайда жаштык жөнүндө бирин-экин ыр жазып калаар элем.
                                                            
Жашчылык жалбырттаган оттон күчтүү,
                                                             Кызыл жалын чоктон күчтүү.
                                                             Жашчылыктын жалынын тоскон менен токтото албас,
                                                             Каршы атылган октон күчтүү.
                                                             Жыгылбас күрөшкөндө чалган менен,
                                                             Жашчылык куралданган топтон күчтүү.

Чыныгы сүйүүгө кабылуу 
 
Күндөр өттү. Жалындаган жаштык кез артта калып, келечекте үй-бүлө күтүп, мээримдүү эне, сүйкүмдүү жар болууга да убакыт келди. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырып, студент да болдум. Мындай кызыктуу күндөрдүн биринде менин жашоомдо чоң өзгөрүү болду. Башкача айтканда чоң сүйүүгө кабылдым. Ал башкача сүйүү болчу. Мен аны сөз менен айтып, кыймыл менен түшүндүрө албайм. Тек гана аны чыныгы сүйүү дегенден бшка эч нерсени айта албайм. Жөнөкөй сүйүү менен чыныгы сүйүүнүн айырмасы асман менен жердей. Жөнөкөй сүйүү дегеним, ал убактылуу сүйүү. Убакытты өткөзүү үчүн пайдаланган сүйүү. "Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу” демекчи чын ниетиң менен сүйсөң анын кемчилиги билинбейт. Себеби ортодогу сүйүү сезими күчтүү. Биз да ушундай сүйүүнүн күчү менен баш кошуп, азыркы учурда бактылуу жашап жаткан убагыбыз. Мен болгон аракетимди үй-бүлөмө жумшап жатам. 2 балалуу болуп, аларга мээримдүү ата-эне болуп, татыктуу тарбия бергенге аракет кылып жатабыз. Жаш кезимдеги алгачкы сүйүүмдү эстесем, мен өзүмдү ансыз элестете алчу эмес элем. Азыр болсо аны унутуп, бул дүйнөдө биздей бактылуу адам жоктой болуп эриш-аркак жашап жатабыз.
              Азыркы жаштарга айтаарым, ар дайым сүйгүлө, бактылуу болгула, келечегиңерди ойлоп иш кылгыла жана жакын адамыңардын кадырына жете билгиле.
Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1607 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 1.7/3
Всего комментариев: 1
1 Slmbbd  
0
atorvastatin 80mg uk <a href="https://lipiws.top/">how to buy atorvastatin</a> buy atorvastatin cheap

Имя *:
Email *:
Код *: