Главная » 2014 » Март » 8 » Дөөлөтүн көтөрө албаган айым
17.53
Дөөлөтүн көтөрө албаган айым

Дөөлөтүн көтөрө албаган айым

Таш жааган суроолор 
 
Сен экөөбүз бир эшикте чоңойдук. Анда сен - көздөрү жалжылдаган, жылдыздуу, тили ширин кичинекей кара кыз элең. Мектепте да бирге окудук. Болгону  менден бир жаш улуу болгондуктан, бир жыл менден мурун мектеп босогосун аяктадың.
Мектепте өзгөчөлөнүп тураар элең. Карагаттай көздөрүң ошол бойдон эле дайыма жалын чачып ойноп тураар эле.
Баягы кичинекей кара кыз бат эле татынакай сулуу кызга айланды. Сен мени карап жылмайганда  жүзүңө кадалып  калчумун. Эмнени айтаарымды билбей, бул ааламдын бар экениме да ишенбей кетчүмүн. Сени түбөлүк  бала чагымда эле түбөлүк сүйүп калганымды эбак эле түшүнгөм, туйгам. Жүрөгүм ошондо эле сен деп согуп, сен деп жашап калганын да жакшы билем. Жашоодо меникиндей ширин, мындай таза, мындай күчтүү сезимдер чанда гана болсо керек. Мен ошон үчүн ыраазымын. Бирок, турмуш мени минтип кыйнаарын билбептирмин.  Эмне үчүн? Кайсы күнөөм үчүн? Эмнеге сен минтип жатасың? Эмнеге кыйнайсың? Эмнеге мени кечире албадың? Жакшылап ойлонсоң боло? Ушул суроолорду өзүмө кайра - кайра бере берип жададым. Сен болсо мени уккуң да келбейт.   Мүмкүн гезит бетинен окуп, дагы бир жолу ойлонот чыгаарсың. 
 
Балалык таттуу, таза сезимдер 
 
Баягы эшикте оюнга тойбой ойноп жүрчү кичинекей сүйкүмдүү кара кыз бат эле чүрөккө айланып чоңоё келди. Мектепте сага ашык болгондор толтура болуп кетти. Сен дагы жөн калган жоксуң. Жигиттен жигит тандап шок болуп чыктың. Өзүң жөнөкөй үй бүлөнүн кызы болгонуң менен жалаң мен бай дегендин балдары менен жүрө баштадың. Кошунаң болгондуктан далай кычыраган машинадан түшкөнүңдү көрүп, ичимен өрттөнүп, сезимдерим талкаланып, жүрөгүмөн кан акчу. Мүмкүн алар да сени мендей сүйүшкөндүр.  Ананчы... сени сүйбөй коюу мүмкүн эмес эле.  Жалжылдап жанып турган карагаттай көздөрүңө, жылдыздуу жүзүңө, назик үнүңө ким ашык болбосун. Бирок, алар эмнегедир туруктуу болушкан жок. Балдарды бат-бат эле алмаштырчу болдуң. Далай баланы ыйлаттың. Алардын арасында мен дагы бар элем. Болгону мен сага башкалардай болуп сүйүүмдү арнаган жокмун. Ичимен гана сүйүп жүрө бердим. Арнаган күндө да мени карабайт болчусуң.  Менин жүрөгүмдө чыныгы сезим бар болгону менен, байлык жок эле. Бирок ошол бай балдардай болуп сени менен жүрсөм, колумдан чыгарбайт элем го чиркин. Сени алардын алдында тебелетпейт элем го.. Акыры убагы келип, мунун баарын түшүнөт чыгаарсың деп сабыр кылып, үмүт менен жашап жүрө бердим. Экөөбүз жакшы кошуна боюнча гана калдык. Бирок, бары бир  сени  сүйөөрүмдү жакшы билчүсүң. Ошондуктанбы, дайыма жылуу сүйлөп, жагымдуу жылмаюуңду менден аячу эмессиң. Бирок мен дагы катардагы балдардан жогору элем. Байлыгым болбогону менен, далай өзүн сезген  кыздар артыман ээрчип, сезимдерин арнашты. Болгону мен алар менен жүргөн жокмун. Жүрөгүмдөгү ыйык сезимди таза сактап калгым келди. Сендей болуп аларды колдонуп же алар менен жүргүм келген жок.  Кийин сен үй-бүлөңөр менен борбордун ортосунан үй алып көчүп кеттиңер. 
 
Сени ээрчиген  жигиттер жана ушактар 
 
Убакыт бат эле өтүп, мектепти эмес, чоң окуу жайын да аяктадык. Сен баягы боюнча эле калдың. Жигиттен жигит алмаштырганыңды токтоткон жоксуң. Акыры сенин дарегиңе жаман сөздөр айтылып, жаман ушактарды көп укчу болдум. Классташтарым келип: "билесиңби Жамал бузулуп кетиптир, минтип кетиптир” деп сен жөнүндө сөз кылышканда, башын угуп, аягын укпай, кулагым дүлөй болуп калаар эле. Эмне дээримди билчү эмесмин. Бир нече жолу сага болушканым менен кийин жөн гана ал ушактарды кулагымдан ары өткөрүп калчу болдум. Сен жөнүндө кандай жаман кептер айтылбасын, көздөрүң ошол боюнча сулуу, өзүң татына бойдонсуң. Сенин көздөрүңдү карап, жан дүйнөңдүн да таза, сулуу экенин мен гана жакшы түшүнчүмүн.   
 
Намыс 
 
Чоң окууну аяктаар менен жакшы жумушка кирдим. Жумуштан байкелерге кошулуп бизнес ачканга да жетиштим. Ишим алдыга жылышып, жумушуман көтөрүлгөн сайын, сени "меники болот” деп, үмүтүм өсө берди. Менин жакшы кызматта иштеп, бизнесимдин өсүшүнө да сен себепкер болдуң десем жаңылышпайм. Бала чагымда сен кычыраган машиналардан түшүп, бай жигиттерди жандап жүргөнүңдө өзүмө: "мен дагы ушул акыбалга жетем, анан сен меники болосуң” деп сөз бергем. Эркектик намысым ошондо эле ойгонуп, өзүмө берген сөзүмө турдум. Жакшы окудум, өз күчүм менен  каалаган окуу жайыма өтүп, аны мыкты аяктадым. Акыры мен дагы байыдым. 
 
Көптөн үмүт кылган тилек 
 
Сенин кайсы бир гезитте кабарчы болуп иштеп жүргөнүңдү уккам. Ал жерге издеп барсам: "жеке мектепте мугалим болуп иштеп жатат” деп дарегиңди беришти. Барсам балдар менен эшикте сейилдеп, аларды ойнотуп жүрүптүрсүң. Мурункудан да сулуу, татына, ал эми  иштеп жаткан кесибиң  андан да сулуу, сүйкүмдүү кылып жарашып эле калыпсың. Мени жадырап жайнап, баягы көздөрүң менен тосуп алдың. 25 жашка келип турмушка чыкпапсың, мени күтүп жүргөндөй. Мен дагы сезгендей максатым менен алышып жүрө бергенимди айт. Сени жигиттериңдин бири алып кетсе эмен кылат элем? Элестетүү да кыйын.  Акыры сезимдеримдин бардыгын сага арнап салдым. Менин бул тунук жана ыйык сезимимди таш боор адам гана сезбейт эле. Сен сездиң, жылуу кабыл алдың.  Мени бактылуу кылып, сезимдериңди, жүрөгүңдү, жан дүйнөңдү арнадың. Экөөбүз жомоктогу түгөйлөрдөй бактылуу жашап калдык. Көптү көрүп, көптү билип, көп нерсени түшүнүп калыпсың. Мага бир да жолу өйдө карап сүйлөгөн жоксуң. Дайыма  кийимим таза, курсагым ток жүрдүм. Жакшы жерде иштеп, жакшы акча таап жаттың. Түрлүү кооз кийимдерди күндө которуп, менин көзүмдү сүйүнтүп гана турчусуң. Тамакты да мыкты жасап, үйдү таза кармадың. Сенин фантазияң, сенин сүйүүң, сенин мага күндө кийинип алып бийлеп  берген жоруктарың, белектериң кинодо да болчу эмес. Мендей бактылуу эркек, сендей табышмактуу аял бул дүйнөдө болбосо керек. Бир да жолу таарынышып, чырдашкан жокпуз. Ошентип бактылуу күндөр өтө берип, арадан кантип сегиз жыл өткөнүн байкабай калыптырбыз. 
 
Тагдырдын татаал сынагы 
 
Баары жакшы болгону менен балалуу боло алган жокпуз. Сен дагы билмексен, мен дагы билмексен. Бул теманы козгоп, бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутуп алгандан коркуп жүрдүк. Сенин барбаган жериң калбаганын да билем.  Мага билгизбегениң менен ичиңен өлүп, өрттөнүп, эмнени гана кылган жоксуң. Акыркы күндөрү кадимкидей ойго түшүп, туталанып, аябай арыктап кеткениңди да көрдүм.  Мен дагы сендей болуп кыйналып кеткем. Бирок сүйүүм күчтүү эле. Ыйык сезимим баарынан жогору болчу. Акыры ээрчишип алып дарыгерге барып, болгон чындыкты уктук. Сенин балалуу боло албаганыңды өз кулагым менен уктум. Мага жалдырап: "мени ташта, сага бала, артыңда туяк керек, мен убагында жакшы эле ойнодум, күлдүм, эми жаза көрүп жатам, тагдырга баш ийем, бирок, өзүмдү кечире албайм. Сага бала төрөп бере албаганым үчүн кечире албайм” деп боздодуң. 
"Сенин ансыз да кыйналып жатканыңды көрүп кантип таштамак элем. Эмнени айтып жатасың. Сен менин түбөлүк сүйүүмсүң. Сен үчүн баарына кайылмын! Кааласаң  бала багып алалы” дедим. Көнбөдүң. Ушул күндөн баштап сенин мага мамилең өзгөрдү. Менин сүйүүм талкаланып, ал өчсүн деп атайын кылып жатканыңды да жакшы билчүмүн.  Мен ага алданып калган жокмун. 
 
Адашкан жол же бакытка жол 
 
Досторум мени Айка аттуу кыз менен тааныштырышты. Жашы 29га чыгып калса да турмушка чыкпаптыр. Өзү келишкен татынакай  кыз. Менин жакын досумдун мурунку кызы экен. Досум үйлөнсө да жакшы достордон боюнча калышыптыр. Ал экөөбүз жаратылышка эс алганы барып таанышып калдык да, жакшы баарлашып, жакындашып кеттик. Ал борбордо өзү жалгыз жашагандыктан  мени конокко чакырчу адат таап алды. Мен баш тарткан жокмун. Сенин суз мамилеңден, үйгө көп токтобой ата-энеңдин үйүндө жумалап жашап алганыңдан, өчөшүп акыры ушул жолго бардым. 
Менин акыбалымды ага жакшылап айтып беришиптир. Арадан аз убакыт өтпөй анын боюнда бар экенин билдим. Мен кубанбай койгон жокмун. Бирок сени таштай алган да жокмун. Орто жолдо чайналып, акыры жолун таптым. 
Бир күнү түн ортосунда эшикти каккылашты. Экөөбүз бирге чыктык. Жаңы төрөлгөн баланы таштап кетишиптир. Аябай сүйүнүп, элдин батасын алып багып алдык. Сен мурункудан да жакшы болуп, таттуу сезимдериңди арнап, бактылуу жашообузга кайрылып келдик. Ошентсе да Айкага  кылган мамилем, кылыгым ойлонтпой койчу эмес.   
 
Үзүлбөгөн үмүт, орундалган тилек, көтөрө албаган дөөлөт 
 
Балабыз бат эле чоңоюп,  мектеп босогосун аттап калган учурда, сенин боюңда бар экенин билип, ишенген жокпуз. Андагы  кубанычыбызды жазып бүтүү да мүмкүн эмес эле. Ошентип кырк жашыңда мага Жанара жана Тамара  аттуу кыздарды төрөп бердиң. Кайра төрт жылдан кийин  Алтын аттуу балалуу болдук. Экөөбүз акыры үмүтүбүздү үзбөй, сүйүүбүз күчтүү болгон үчүн гана баарын жеңдик деп ойлойм. 
Улуу балам Аманат мага куюп койгондой окшош болуп чоңойду. Мен  билгеним менен сен эч нерсени билбейт элең. Бирок, ичиңден сезип жүрсөң керек. Болгону гана билмексен болуп койчусуң. Мен дагы батынып айта алган жокмун. Көңүлүңдү ооруткум келген жок. Баары бир мен айтышым, а сен кечиришиң керек эле. Аманатты төрөп берген апасына рахматыңды айтышың керек болчу. Бирок, анткен жоксуң. Картайганда жеткен бактыма, сүйүп келген ыйык сезимиме түкүрүп, тебелеп гана башымды аттап, балдарымды көтөрүп алып, Аманатты мага таштап кетип калдың. Эмнеге? Мүмкүн Аманаттан кийин гана Кудай бизге бала берди. Мүмкүн бул кандайдыр белги чыгар.. Сен ошону ойлонсоң болмок. 
Досторум ичи күйдүлүк кылдыбы, сен Аманатка байланышкан жоругумду угуп алып, анализ тапшырып жатып чындыкты билип алдың. Бутуңа жыгылып, өткөндөгү кетирген катам үчүн жалдырадым. Аманатты төрөп берген кыздын жүрөгүн оорутуп, жаман сөздөрдү айтып, коркутуп-үркүтүп ушул жолго баруусуна "сен” үчүн мажбур  кылганымды  айтсам да түшүнбөй койдуң. Таң калдым. Сенден мындайды күткөн жок элем. Жүрөгүм сыздап, жолуңду тоскон жокмун. 
 
Өткөндү эстеп.. 
 
Күйүтүмө чыдабай Айканы издеп, кечирим сурайын дедим. Ал турмушка чыгып бир эмес беш баланын энеси, жолдошунун кадырлуу жары болуптур. Жолдошу өзүнөн беш жашка да кичүү, шаардык орус мүнөз, ардактуу кесиби бар, үй-бүлөсүн бардык жактан камсыз кылган жөнөкөй эмес жигит экен. Көрүп алып аябай сүйүндүм. Шаардагы кафелердин биринен Айка экөөбүз жолугуп сүйлөштүк. Абдан бактылуу. Мени кечиргенин айтты.  Ал мага бала төрөп бергенден кийин өз бактысын тааптыр. 
"Сага  тийбей азыркы жолдошума тийгениме ыраазымын. Эми да болсо бала төрөй берем, анын кадырына жетем. Кудай өткөндөгү  күнөөмдү кечирээр. Менин башка айлам калган эмес. Анын үстүнө сен балалуу боло албай куурап жүргөнсүң, сооп болду да. Андан кийин балалуу болуптурсуңар. Мунун баарын  Жараткан бешенебизге жазды да” дейт. Мен болсо эч нерсе дей алган жокмун. Сени менен бактылуу жашап жатканымды айттым. Жүрөгүм тынч болуп кайттым.   
 
Сагыныч 
 
Арадан бир жыл өтсө да, сен мени кечирбейсиң. Жиним келет. Мен дагы өз убагында сени кечирбедим беле. Анын баарын унутуп калдыңбы? Эмне деген гана ушактар айтылган эмес. Анын жарымы чын экенин мен өзүм чындап билгем. Ошондо да сүйүүм үчүн көңүл бурган эмесмин. Өзүң да "кылган кылыгым үчүн Кудай мени жазалап жатат” деп боздогонсуң.  Бала чактан сактап келген ыйык сезимим, сүйүүм үчүн мага бала төрөп берген адамдын жүрөгүн сенин айыңдан  ооруттум. Чоң күнөө кылдым. Өз баласын башка адамга беришине мажбур кылдым. Сенин көңүлүң, бактылуу болушуң үчүн эмне гана кылган жокмун. Жакшылап ойлонуп көрсөм, менде кыпындай да күнөө жок экен. Менин ал жолго барышыма өзүң мажбур кылгансың. Эми минтип олуттуу жашка келгенде акыры үмүт үзүлбөй балалуу болуп олтурганда, сен башымды аттап кеткениң кандай. Аманатты өз балаңдай бакканың менен азыр аны  бөлүп-жарып "сенин балаң” деп бөлгөнүң кандай.  Чындап эле мага тартуулаган, мени бактылуу кылган сезимдериң жалган беле? Же болбосо сен минтип картайганда башымды аттабайт элең. Мени минтип бир жыл бою жазалаганың кандай? Түбөлүк сага байланып калганымды билип туруп, ушуну кыласың. Жек көрөм сени, сүйөм сени. Баары бир сүйөм сени. Эч нерсеге ишенбейм. Азыр Аманат экөөбүз бактылуу жашап жатабыз. Биздин бактыбызды толуктап силер дагы бир күнү үйүбүздүн ак босогосун аттап келет деп күтүп жатабыз.  
Жамал -  сен менин периштемсиң, жашоомсуң, жарымымсың! Акыл калчап, жакшылап ойлонуп акыры  менин туура айтып жатканымды  түшүнөөрсүң. Олуттуу куракка келип ушул жолго барганыңды ким туура көрөт деп ойлойсуң. Кандай болгон күндө да ушунча сактап келген үмүтүбүзгө, сүйүүбүзгө, балдарыбыздын келечегине  кайдыгер карабашыңа ишенем жана силерди  күтөм! 
 
Жалик

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1431 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 2.0/2
Всего комментариев: 2
1 Yhepbm  
0
order lipitor 10mg generic <a href="https://lipiws.top/">purchase lipitor sale</a> atorvastatin 20mg uk

2 Qeqdhe  
0
atorvastatin 40mg price <a href="https://lipiws.top/">atorvastatin for sale online</a> buy atorvastatin 80mg sale

Имя *:
Email *:
Код *: