Главная » 2013 » Июнь » 10 » Дайыр Исмадияров "Досторум"
17.53
Дайыр Исмадияров "Досторум"

Сөзү: Акылбек Жумаевдики 
Обону: Акылбек Жумаевдики 

Досторумду капа кылып албайын,
Досторума бир сап ырды арнайын.
Бирге көрүп бул жашоонун жыргалын,
Ден-соолукта жүролүчү ар дайым.

Жүрөктөрдү биз оорутуп албайлы,
Тамашаны чындай кабыл албайлы. 
Бирөөлөрдүн кирип жаман тилине, 
Досторум эй, жүз карашпай калбайлы.

Кайырма:

Эй, досторум, досторум,
Жаштык гүлү соолбосун.
Жараткан соң силерди, 
Кудай өзү колдосун.


Жаштык өтсө келбейт кайра кайрылып,
Калгым келбейт мен достордон айрылып.
Ойноп-күлүп өткөрөлү жаштыкты,
Калбагыдай болуп кийин кайгырып.

Жүзүңөрдөн күлкү нуру кетпесин,
Кырсык куусун, бирок, такыр жетпесин.
Арнап жазган ушул бир сап ырымды,
Ар бир досум угуп мени эстесин.

Кайырма:
Категория: Сүйүктүү ырлардын тексттери | Просмотров: 1620 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 1
1 Dwplvf  
0
buy lipitor 10mg pills <a href="https://lipiws.top/">generic lipitor</a> lipitor 40mg oral

Имя *:
Email *:
Код *: