Главная » 2014 » Март » 10 » ЭМИ МАГА ЖАШООНУН КЫЗЫГЫ ЖОК
05.38
ЭМИ МАГА ЖАШООНУН КЫЗЫГЫ ЖОК
«Адамдын жакшысын адам бузат» деген чын белем. Анын мага кылган мамилелеринен улам ал менден эч кайда кетпейт деп толук ишенчүмүн. Сүйүктүүмдүн күтүүсүз кадамы жан дүйнөмө бүлүк түшүрүп, жаз дүйнөмө бороон салды». Маектешим оор үшкүрүп башынан өткөнүн баян кылды.

«БААРЫ ДОСТУКТАН БАШТАЛДЫ»
– Аны менен таанышканыма көп болду. «Бардыгы достуктан башталат» десе капарыма алчу эмесмин. Талгат экөөбүз досторубуз аркылуу таанышып, майрамдык кечелерде чогуу отуруп калчубуз. Менин үйүм алыс болгондуктан, мындай майрамдарда эрте кетчүмүн. Ал дайым мени ошол ызы-чуулуу дүйнөдөн сууруп кетип үйүмө жеткирип койчу. Мен мындай мамиленин бардыгын достук деп эсептеп, аны адамгерчиликтүү жан катары сезчүмүн.
Бир күнү арабыздан биринин туулган күнү болуп, жайдын толуп турган мезгили болгондуктан, табияттын коюнуна чыгып эс алып келмей болдук. Чөйрөмдө көбүнчөсү өзүмө окшогон бардар кишилердин балдар-кыздары. Кайда барбайлы акча деген көйгөй жок, кете берчүбүз.

«АЛ – БУЗУЛГАН КЫЗ»
– Шаардын четине чыгып, чакан дасторкон жая салып, кыздар тамак даярдап өзүнчө жүргөнбүз. Бир маалда карта ойноп отурушкан балдар тараптан ызы-чуу чыгып калды. Чуркап барсак, Талгатка бир бала жулунуп, урушуп жатышкан экен. Баарыбыздын маанайыбыз түшүп отуруп калдык. Тамагыбызды жеп алып, шаарды көздөй жөнөдүк. Адатынча Талгат баарын жеткирип, эң аягында мени машинасында жалгыз калтырды. Үйгө айдайбы десем, жолго токтоп сөз баштады.
– Улан экөөбүздүн урушуп кетишибизге ким себеп деп ойлойсуң?
– Билбейм, ким экен?- ийинимди куушуруп койдум.
– Сен да. Ал сен жөнүндө жаман сөздөрдү айтты. Сени «бузулган кыз, жүрбөгөн адамы калган жок» деп кыжырымды келтирди. Мен сен үчүн аны менен мушташа кеттим, себеби... себебин эмне деп түшүндүрсөм?.. Менин сага деген сезимдерим бар. Сага аны көптөн бери айта албай жүргөм. Дос кыздарыбыз менен мамиле түзбөйбүз, жөн гана дос болобуз дегенбиз. Бирок мен сени сүйүп калганымды айтсам, Улан мени менен уруша кетти.

«ТАЛГАТ ӨЗГӨРҮП КЕТТИ...»
– Мен унчукпай акырына чейин угуп отурдум. Кайсы басыгыман улам айланамдагылар ушуну ойлоп алышты экен, ак жеринен кепке калтырган кайсы күнөөм болду экен? Чаржайыт ойлор мээме толуп кетти. Башымда бул эле эмес, Талгаттын билгизген сезимдери да калкып турат. Ойлонуп көрүүмдү жана жооп күтөрүн айтты.
Ошентип, кыз-жигит болуп калдык. Бирок ал кийин өзгөрө баштады. Дайым баскан-турганымды тескейт, баягыдай көзүмдү карап турган мамилеси да жок. Мен болсо ансыз жашай албай калгам. Эчен ирет аны унутуп, башка жашоо баштоону ойлодум, бирок аракетимди таш каап, андан башка адам көзүмө көрүнбөйт. Баарынан жиндендиргени – ар кайсы кыз-келиндер менен мамиле түзгөнү болду. Айтсам, эч нерсе болбогондой «эркекчилик да» деп моюнуна алып койгонучу. Чыдамым жетпей, бир күнү баарына чекит коюуну чечтим. Анын мага болгон суз мамилесинин себебин түшүндүрүп бер дедим. Көрсө, баягы жаратылышка эс алганы чыкканда Улан айткандын баарын жүрөгүнө түйүп жүргөн экен. «Мен сени жакшы көрөм, бирок сага ишене албай калдым. Балдарымдын энеси катары элестете албайм»,- деди. Жашка толгон көзүмдү болгон аракетимди жумшап көрсөтпөдүм. «Ушунун баарын ичиңе катып жүрө бербей айтпайт белең? Эркексиңби? Эркектей болуп ачык айт да, ар кимдин айткан ушагына ишене бербей!» дедим.

«ЭРТЕҢ ҮЙЛӨНӨТ ЭКЕН»
– «Эркексиңби?» деген сөз анын талуу жерине тийди окшойт. Талгат ошол сүйлөшүүдөн кийин жок болду. Кийин уксам, досуна барып, экөө ичип отурганда мага аябай капа болгонун айтып ыйлаптыр. Ошол боюнча жолуккан жокпуз. Талгат мага ачыла элек сыр боюнча кала берди. Мен аны адам катары абдан баалаар элем. Ишенчээк, ак көңүл, бирөөгө жамандыгы жок болчу.
Бүгүн жумушта отурсам, курбу кызым келип калды. «Уктуңбу? Эртең Талгат үйлөнөт экен» деди. Жер астын-үстүн болуп, жан дүйнөмө кыямат салды бул кабар. Биздин мамиленин бузулушуна кимди күнөөлөштү билбей койдум. Жаманатты кыла турган деле басыгым жок, бирок ич күйдүлөр көп. Менин жашоомо баары кызыгышат. «Ата-энең бай, жашоо шартың жомоктогудай» дешкендерин көп угам. Балким, көрө албай, ич күйдүлүк кылып ортобузга от жаккандар болгондур. Эми мага жашоонун кызыгы деле жок...
Маектешимдин төгүлгөн кирпиктеринен жаш тамып турду. Чынында, ал абдан чырайлуу экен. Жакшынакай, бай, бирок бактысыз. «Сулуу болуп эмес, бактылуу болуп туулуш керек» деген орустардын кебин ойлоп отурдум...
Категория: Жан дүйнө | Просмотров: 1029 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 1.7/10
Всего комментариев: 2
1 Yknmvg  
0
buy atorvastatin tablets <a href="https://lipiws.top/">atorvastatin 10mg cost</a> buy lipitor 10mg online cheap

2 Anwiqe  
0
atorvastatin 20mg us <a href="https://lipiws.top/">atorvastatin 20mg cheap</a> buy atorvastatin 10mg without prescription

Имя *:
Email *:
Код *: