Главная » 2014 » Март » 8 » Гейди сүйүп калып...
18.07
Гейди сүйүп калып...

Гейди сүйүп калып...

Бизде сексуалдук каалоосу салттык эмес багыттагы (гей,  трансвестит, транссексуал, лезбиянка) адамдарды башкача көз карашта кабыл алышат. Мен дагы башкалар сыяктуу эле аларга ушундай көз карашта элем. Бирок, "көгүштү” жакшы көрүп калгандан кийин оюм өзгөрдү. 
 
Курбу кыздар менен түнкү клубда эс алып олтурганбыз. Жаныбыздагы столдо балдар-кыздар олтурушуптур. Алардын арасынан бир баланы жактырып калдым. Байкасам жанында сүйлөшкөн кызы жоктой. Бирок сүйгөн адамы бар экенине ишендим. Себеби, ал ошол клубдагы эң жагымдуу жигит экен. «Сүйлөшкөн кыз дубал эмес, жылдырып, түртүп койсо болот» деген үмүттө, ал жигит менен таанышууга аракет кыла баштадым. Алгач эле алар бийлеп жатканда жанына барып бийледим. Жай ыргактагы музыка болсо бийге тартабы дегем. Эмнегедир жай ыргактагы музыка болсо, ал олтуруп алат. Жөн эле бийлегиси келбей жатса керек деп койдум. Акырында кагазга телефон номурумду жазып, олтурган жерине барып жөн эле столдун үстүнө коюп койдум дагы, басып кеттим. Өзүбүздүн столго жете бергенде телефонум шыңгырап калды. Жай ыргактагы музыка болуп жаткандыктан, сүйлөшкөнүбүз угулат деп ошол эле жерден сүйлөшүүнү чечип, телефонду алсам, мырзанын жагымдуу үнү мени менен учурашты. Дароо тигил баланы карасам, телефонду кулагында кармап, мени карап жылмайып сүйлөшүп, жаныма келди. Айтор, ошентип таанышып калдык. Аты Бахтияр экен. Аябай маданияттуу, түшүнүктүү, тамашакөй адам болуп чыкты. Ошондон тартып экөөбүз дос катары мамиле кура баштадык. Канча жолу жолугуп, эс алсак дагы, учурашканда жана коштошуп жатканда бетимден эле өөп койбосо, андан ары жакындай алган жокпуз. Негизи жигиттер 2-жолугушууда эле достуктан сүйүүгө өтүшчү эле го дедим. Бир жолу дагы сейилдеп жүрүп мен Бахтиярдын оозунан өбүүгө аракет кылсам эмнегедир качып койду. Таң калдым. Эмнеге минтип жатканын сурасам, анан телефондон айтам деди. Үйгө келип ойлонуп, сүйлөшкөн кызы бар окшойт деп ойлодум. Кечинде Бахтиярдан СМС келип калды. Окусам, «Мен көгүшмүн… Туура түшүнөсүң деген ойдомун» деп жазыптыр. Түнкү клубда вальс бийлебей жатканында да бир аз күмөн санадым эле, бирок мындай болушу мүмкүн эмес деп койгом. Аңгыча экинчи СМС да келип калды. «Билем, сен эми мен менен сүйлөшпөйсүң» деген билдирүү экен. Албетте мындай болуп калганы өкүнүчтүү, бирок мен бул нерсе үчүн достук мамилени бузгум келбеди. Себеби, ал мени кыздардын ою менен жакшы түшүнөт. Экөөбүз чогуу кийим тандайбыз (косметика дагы), чогуу ар кандай мода көргөзмөлөрүнө барабыз. Мени туура түшүнөт. Биздин кызыкчылыктарыбыз бир. 
 
Бир убакта эркектин да, кыздын да сезими менен жашаган адам менен мамиле куруу – мен үчүн кызыктуу… Жөн эле дос болууга адамдык сапаттар гана өбөлгө боло алат экен…

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1380 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 1.8/4
Всего комментариев: 2
1 Cwowld  
0
order generic lipitor 80mg <a href="https://lipiws.top/">lipitor 80mg pill</a> lipitor 10mg price

2 Vcpxoo  
0
buy generic lipitor online <a href="https://lipiws.top/">buy atorvastatin 20mg generic</a> buy atorvastatin 40mg for sale

Имя *:
Email *:
Код *: