Главная » 2013 » Сентябрь » 5 » КҮЙӨӨМ СИҢДИМДИ ОЙНОШ КЫЛЫП АЛЫПТЫР
15.45
КҮЙӨӨМ СИҢДИМДИ ОЙНОШ КЫЛЫП АЛЫПТЫР

Менин тагдырымды уккан ар бир үйдүн кожоюну, жашоонун ачуу-таттуусун сезе элек секелек кыздар эсине келишер» деп сөз баштады Дамира (Айрым себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу айым. Макала кимдир бирөөлөр үчүн сабак болор деген максатта гезит бетине жарыялоону туура көрдүк.

– Биз үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, иним жана сиңдим бар. Ата-энем автокырсыктан каза таап, чоң энем бизди багып чоңойтту. Мен мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарында тамак-аш сатуучу жайларда идиш жуугуч, кийин нан жасаган ишканада иштедим. Чоң энемдин көзү өткөндөн кийин үчөөбүз Караколдон батир алып күн өткөрүп жүрдүк. Иним эстүү чыгып, ар кайсы жумуштардан иштеп, тапканын мага алып келет. Экөөбүз акча чогултуп Караколдон бир бөлмөлүү үй сатып алдык. «Биз окубай калдык, эми Чолпонду окуталы» деп сиңдимди медициналык окуу жайга тапшырттык.

Жашообуз бир аз өз нугуна түшүп калганда Кыялбек аттуу жигитке жолуктум. Буйрук экен, Кыялбек экөөбүз баш кошуп, уул-кыздын ата-энеси болдук. Иним үйлөнүп, сиңдим болсо турмушка чыгып, ажырашып кетти. Мен көр турмуш менен алышып базардан товар алып, Бишкекте калып калган күндөрүм да болчу. 

Ошол күнү Бишкектен товар алып, чарчап такси менен келе бергем. Түнкү саат үчтөрдө үйгө жетип, балдарды ойготпоюн деп эшик какпастан ачкыч менен ачып кирдим. Балдар уктап жатыптыр, өз бөлмөмө өтсөм, күйөөмдүн жанында бир аял жатат. Менин киргенимди байкашпады. Жарыкты күйгүзүп, күйөөмдүн жанындагы аял менин бир тууган сиңдим Чолпон экенин көргөнүмдө өзүмдү жоготуп коюптурмун. Спирт жыттатып, бетиме суу чачса да өзүмө келе албай, мени ооруканага жеткиришкен экен. Бир күндөн соң эсиме келдим. Көрсө, мындай окуя көп кайталанып жүрүптүр. Балам «Сиз жокто Чолпон эжем үйгө келет, атам болсо бизди жаткыла деп урушат. Экөөбүз коркуп, уктап калабыз» дегенде тегеренип кеттим. Ошондо экөөнү тең өлтүрүп салсамбы деп да ойлодум. Бул кадамдан балдарым гана сактап калды. Аларды да жетим кылгым келген жок. Ооруканада жатсам күйөөм келип, «Чолпон экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз, тоскоол болбо» деп күйгүздү. Башкалардай болуп ичимдик ичсе да мастыгы менен айтып жатат дейт элем, бирок Кыялбек ичпейт. Чолпонду болсо ошол боюнча көргөн жокмун. Жолдошум кийим-кечегин алып үйдөн чыгып кеткен. Мен тирүүнүн өлүгү болуп жашап келем. Эч кимден деле жардам күтпөйм. Болгону арманымды айтып жеңилдеп алгым келди.


Дамира

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1973 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 1.7/10
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: