Главная » 2014 » Март » 8 » Кайын атасынан уул төрөгөн Алина
17.56
Кайын атасынан уул төрөгөн Алина

Кайын атасынан уул төрөгөн Алина

Биринчи махабат
Адаттагыдай эле сабак бүткөндөн кийин  курбу кыздарым менен сейил багына жөнөп калдык. Шаңдуу олтурганбыз. Бир маалда биздин жаныбызга  чоочун жигиттер келип,  таанышып калдык. Чындыгында минтип жигиттердин далайы менен эле таанышчубуз. Ошондуктан көңүл деле бөлгөн эмесмин. Алардын арасынан бир келишимдүү жигит ошол күнү мени үйгө чейин жеткирди. Жолдо көпкө баарлаштык. Бири-бирибизге жакканыбызды бат эле байкап калдык. Аз убакыт өтпөй жигит-кызга айландык.   Ал ИИМ кызматкери болгондуктан ата-энем көп көңүлдөнбөй, башынан эле каршы болушту, өзүн да эмнегедир жактырышпай, аны  менен мамилемди үзүшүмдү суранышты. Анын үстүнө мен биринчи гана курста окугандыктан, али жашсың, эрте дешти. Мен болсо Анварды абдан жактырып калгандыктан, ата-энемдин тилин алалган жокмун. Ошентип ата-энемдин каршы болгонуна карабай ага турмушка чыгып алдым. 
 
Үй-бүлөгө алгачкы кадам 
Башында бардыгы жомоктогудай башталды. Анын ата-энеси бөлөк жашашат экен. Биз атасы менен эки кабат кычыраган үйүндө жашап калдык.  Апасы каалаганда келип турат. Эжелери бардыгы турмушка чыгып кетишкен. Анвар кичүү баласы. Биз кайын атам менен чогуу жашап калдык. 
Биринчи күндөн баштап эле Анвардын атасына кылган мамилесинен улам мүнөзү чорт экенин түшүндүм. Иштеп жүрүп мүнөзү оор болуп калса керек деп ойлоп койдум. Биз бир жылга жакын  жашадык. Эмнегедир ушул бир жылдын ичинде менин боюма бүткөн жок. Жолдошум экөөбүз кайра-кайра анализ  тапшырып жаттык.  Анализдер таза чыгып жатты. 
 
Биринчи уруш
Бир күнү көңүлүм айнып, машинеде бара жатып кусуп жибердим. Анвар абдан сүйүндү. Экөөбүз ээрчишип алып доктурга барсак, "ашказаныңа жел тургузуп алыпсың, боюңда жок экен” деп коюшту. Ошол күнү кечинде Анвар экөөбүз себеби жок урушуп кеттик.  Ал күнү ал мага кол көтөрдү. Мындайды күтпөгөн жаным, катуу бакырып жибердим. Урушубузду байкап калган кайын атам дароо эле жетип келип, менин жерде жатканымды көрүп, баласын  муштап жиберди. Жолдошум атасына: "менин  жашоомо кийлигишпе, өзүңдүн жашооңду оңдоп алчы” деп бакырды. Кайын атам назик киши болгондуктан, көзүнөн жаш тегеренип эч нерсе дебей эшикти катуу жаап чыгып кетти. Эмнегедир ал күнү кайын атам мага сырдуу да, аянычтуу да көрүндү. Эртеси көзүм шишип калгандыктан сабакка барган жокмун. Кайын атам да жумушуна барбаптыр. Ал көбүнчө үйдө болоор эле. Өзү журналист болгондуктан үйдөгү бөлмөсүндө олтуруп алып макалаларды жазчу. 
 
Биринчи мамиле
Бүгүн мен көңүлүмдү көтөрөйүн деп таттуу печенье, тамак  жасадым. Кайын атам экөөбүз көпкө сүйлөшүп олтуруп чай ичтик. Аны менен мурда учурашып, чайын гана берип койгондуктан, аны абдан олуттуу    адам деп ойлочумун. Көрсө кайын атам абдан шайыр, тамашакөй, сылык , жагымдуу киши экен. Жашы 52ге чыкса да 35теги кишилердей көрүнөт. Ал  күнү экөөбүз бат эле тил табышып, тең  туштардай эле сүйлөшүп олтурдук.  Анварга болгон таарынычымды да бат эле унутуп койдум. Ушул күндөн баштап кайын атам экөөбүз абдан жакшы мамиледе болуп кеттик.   
Анвар башынан эле үйгө көп токточу эмес. Кааласа келет, кааласа келбейт. Каалаган учурда жумушунан чакырса чыгып кетет.  Мен анысына капа деле болчу эмесмин, анткени мага  ага турмушка чыгаарда жумушун жакшылап түшүндүргөн болчу. Мен дагы окуумду таштабайм дегем. Ал мени көп кызганчу, бирок ишенчү. Сабагыма өзү алып барып, өзү алып келчү. 
 
Өчүп калган сүйүү жана жаңырган сезим
Акыркы күндөрү урушуп, чырдашуу адатка айланып кетти. "Сен сабагымды таштап коём деп коркуп, атайын балалуу болгуң келбей жатат” деп жемеледи. Абдан ызаланып катуу урушуп кеттик. Ал дагы адатынча үйдөн чыгып кетти.  Эртең менен кайын атам окуума жеткизип койду. Ошол күнү сабакта олтурсам телефонума смс келди. "Менин Анвардан боюмда бар, мен анын кызы болом, ал сени эмес мени сүйөт” деп жазыптыр. Башым айланып, эмнени ойлоноорумду билбей, суранып эшикке чыгып кеттим. Таза абада бир сааттай олтуруп, эмнегедир Анварга эмес, кайын атама чалдым. Ал бат эле жетип келип, үйгө жеткирди. Ага смсти көрсөттүм. Ал дароо эле ал кызга чалып, тилдеп кирди. Кыз дагы жөн турган жок чындап эле Анвардан боюнда бар экенин, ал мага үйлөнгөнгө чейин эле чогуу жашап жүргөндөрүн айтты. Кайын атам да, мен дагы ишенген жокпуз. "Анвар менен өзүм  сүйлөшөм” деди. Мен кийимдеримди жыйнап алып кетип калгым келди. Анын үстүнө аны сүйбөй калгам. Бирок, артымды ойлондум. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай, жаштыкка салып тийип алганыма өкүндүм. Эми аларга эмне дейм? Кайсы бетим менен бармак элем, алардын жүрөгүн оорутамбы деп шолоктоп ыйладым. Кайын атам мени сооротуп, мага тамак даярдап дагы чогуу кобурашып олтуруп, тамак жедик. Ал күнү ал кишинин тамак жасоочу эң сонун жөндөмү бар экенин байкадым. Жасаган тамагын суктанып жедим. Ага аябай жакын болуп калганымды түшүндүм. Менин көңүлүмдү бат эле көтөрүп, тамашалашып каткырып, олтурдук. Тиги кызды да унутуп койдук. Мен ага абдан тартылып жаттым. Ичимде сезимдер пайда болгонун туюп, аны башкара албай жаттым. Анвардын кылыгына да жиним келдиби, айтор, ага болгон сезим  күчөп кеткенин байкадым. Жолдошума болгон сезимдерим өчүп калганын эчак эле байкасам да, ал кайра минтип кайын атама жанаарын билген эмесмин. Ага абдан жакындагым келди. Ошол убакта өзүмдү унутуп коюптурмун. Шайтан мени азгырып, ага байланып, жаман оюман чыга алган жокмун. 
Тамактан кийин чай ичели деп, ал киши чай куюп калды. Мен таттуу нерсе жегим келип жатат дедим. Ал сыртка дүкөнгө кетти, мен болсо ваннага барып эсиме келейин деп чайканып чыктым. Кайра шайтандын азгырыгына ого бетер азгырылып кооз халатымды кийип алдым. Кайын атам дайыма тамакты вино менен иччү адаты бар эле. Ал мага чай куюп өзүнө вино куюп калды. Мен дагы шылтоолоп вино ичип алдым. Канча ичкенимди, кантип кайын атама асылып сезимдеримди айтып, аны менен болгонумду эң сонун билсем дагы, билмексенге салып, эч нерсе болбогон кишидей сыр билгизбей кечке жуук Анварды жакшы маанайым менен тосуп алдым. Ал мени таң калып карап койду. Тиги кызы тууралуу кайын атам да, мен дагы күнөөлүү кишилердей эч нерсе айткан жокпуз. Албетте, Анвар ал кыздын боюнда бар экенин жакшы билген, ошол үчүн өзүн күнөөлүүдөй алып жүрдү. Ойго батып кетти. Ал кызды сүйбөгөнүн дароо эле түшүндүм. Бирок, жашап жүргөнү чын экен. Ал кыз менен таанышкым да келген жок. Анварды мурдагыдан да жек көрүп жүрө бердим. Бирок, кеткен жокмун. Тескерисинче акыркы күндөрү көңүлүм ток, шайыр боло түштүм. Жолдошум таң калып жатты. Тиги кыздын мага чалганын да жакшы билет экен. Менин ага эч нерсе дебегениме да таң калып жатты окшойт. Анан менден акыры кеткиси келбей жатат деп да ойлоду, мүмкүн чындап эле мени сүйөт ким билет? Бирок андай болсо эмнеге жапжаш болуп туруп ойнош күтөт. Жок, кайра  ишенбей кетем. 
 
Биринчи ойнош
Ошентип күндөр өтө берди. Кайын атам экөөбүз болсо ойнош болуп алдык. Бири-бирибиз менен көңүл эле ачып эмес, сүйүшүп калганыбызды түшүндүк. Мага кымбат кийимдерди алып берип, түрлүү тамактарды жасап берип, айтор, жаш жигиттердей менин көзүмдү карачу болду.  Ал киши да, мен дагы Анварды аяган жокпуз. Анткени, ал ага арзыбайт эле. Анвар болсо эч нерсени байкаган жок. 
Окшош күндөр өтүп жатып, эки айдан кийин боюмда бар экенин билдим. Анварга айткан жокмун. Жаркын (кайын атам) экөөбүз аябай сүйүндүк. Ал мени кадимкидей баласынан кызганчу болду.  Ээрчишип алып качып кетип калалы дедик. Жаш балдардай сүйүшүп, түбөлүк бирге болгубуз келди. Бирок кантип? Элдин бетин кантип карайбыз. Ата-энем эмне дейт? Мен араң гана жыйырмада ал болсо, элүү үчтө. Ортобузда отуз үч жаш айырма бар. Буга окшогон суроолор бизди ойлонтуп, жооп таба албай жүргөндө Анвар мени боюмда бар экенин билип калды. Абдан сүйүндү. Мени куттуктап алтын сөйкө сатып алыптыр. Кечинде  өзүнчө олтуруп алып: "мага эмнеге айта элексиң, эки ай болуп калган турбайбы” деп ичимен өөп белегин берди. Анын кубанычы койнуна батпай турганын сезип турдум. Эмне дээримди билбей ыйлап жибердим. Ал мени түшүнбөй эркелетип, сооротуп кирди. Күнөөлүү мени карап: "мени кечир, акмакчылык кылдым, ал кыз мага эч ким эмес. Же болбосо мен ага үйлөнөт элем да. Өзү артыман калбай жабышып, дайыма шайтандай болуп азгырат. Эркек болгондон кийин азгырылбай койбойт экенсиң. Анын үстүнө анын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип чакырса эле бара берчү болдум. Эми экинчи ага жолобой калайын, сени, келечектеги балдарыбызды көкөлөтүп багам. Экинчи ашыкча баспайм. Дайыма сени менен болом. Сени сүйөм. Кечир мени, сенсиз мага жашоо жок” деп жалдырап ыйлап кирди. Мындайды күтпөгөн жаным, өз күйүтүмдү ойлонуп жатып уккан кулагыма, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Аны аяп, эмне дээримди билбей кечирдим. Бирок, ал мени кечиреби, бул дагы чоң суроо эле. Көпкө ойлонуп жатып, бардыгы ушул боюнча калсын дедим. Кайын атамдын да башка жолу жок эле. Бирок ал көпкө чыдай алган жок. Куржунун көтөрүп алып үйдөн кетип калды. Кайсыл жакка кеткенин да айткан жок. Биз болсо өткөндү унутуп бактылуу жашап калдык.
Жети айдан кийин көз жардым. Уулдуу болдук. Кубанычыбызды айтып бүтүү кыйын эле. Мурдагыдай бактылуу жашап жаттык. Балабыз бирге чыкканча кайын атам басып келген жок. 
 
Бакыт үчүн күрөш
Балабыз Арген бирге чыгып тамтуң басып калган чагы. Анын туулган күнүн өткөрүп, жаңы эле конокторду узатканбыз. Мен кайын энемден, эжелеримден кайын атамды, чыныгы сүйүүмдү, баламдын атасын сурагым келди. Бирок, сурай алган жокмун. Алар дагы эч нерсе дешкен жок. Мүмкүн Анвар билет чыгаар. Бирок мен күнөөлүү кишидей андан  ооз ачып сурай албай жүрө бердим.
Арадан он күндөй өткөн. Балама ботко жасап берип жаткам. Бир маалда Жаркын кирип келди. Күтүүсүздөн кирип келген кайын атамды кантип тосуп алышты билбей көпкө карап туруп калдым. Ал дагы бизди карап, көзүнөн жаш тегеренип кетти. 
Кайын атам күйүтүнө чыдабай мени унутуш үчүн Россиядагы досуна кетип калыптыр. Ал жакта бир жылдай иштеп, баласын көргүсү келип кайра кайтып келиптир. Мен дагы, ал дагы мени унутпаптыр. Сезимдерибиз ошол бойдон калган экен. Тескерисинче күчөп кеткендей. Баласын кучактап алып аябай ыйлады. "Мен силерди алып кетем. Ал жакта баары даяр. Досторум да жардамдашып турушат. Чогултуп койгон акчам жетет. Эптеп айласын таап Анвар менен ажыраш. Чындыгында мен жөн гана силерди көргөнү келгем. Баламдын бактылуу болушун каалайм, бирок сенсиз жашай албай күнүм куурады” деп жаш баладай мени кучактап алып ыйлап жатты. Мен дагы эмне дээримди билбей кучактап алып ыйлап жаттым. Мындай нерсе кинодо да, жомокто да болбошу мүмкүн, бирок менин башымдан ушундай оор нерсе өтүп жатканына өзүм да ишенген жокмун. 
"Кыңыр иш кырк жылда  билинет”  дегендей аз убакыт өтпөй Анвар кайын атам экөөбүздү кармап алды. Эми ал баарын билет. Баласы дагы бир тууганы экенин билет. Ал үчүн бул нерсе катуу сокку болду. Күйүтүнө чыдабай атасынан өч алам деп, бычак менен сайып салды. Мени болсо эч жеримди калтырбай сабап, баламды өлтүрөм деди. Бирок өз баласындай чоңойткон бир тууганына кол көтөрө алган жок.
Мен дагы, Жаркын дагы аны сотко берген жокпуз. Тескерисинче  эч ким билбей калсын деп, эч кимге айткан жокпуз. Жаркындын жаракаты оор болбой бат эле айыгып кетти. Менин дагы денемдин көк аласы бат эле кетти. Анвар дагы эрдик кылып эч кимге айтпаптыр. Эркек болгон үчүн мынча ыплас нерсени ичине сыр боюнча калтырып, тагдырга баш ийсе керек. Кийинчерээк ал мурдагы чогуу жашап жүргөн ойношуна үйлөнгөнүн уктум. Көрсө ал кызы да ага эгиз кыз төрөп бериптир. Анысын таштабай дайыма жардам кылып жүрүптүр. Мүмкүн өзүнүн кылыгы бар үчүн да бизди кечирсе керек. Кийин анын баркын билип акыры баш кошуптур. Биз балам экөөбүз Жаркындын артынан эки айдан кийин кеттик. Эч ким шектенбесин дедик. Эч ким менен катташпай, өзүбүзчө жашап калдык. Бирок, беш жылдан кийин баары бир деле ал экөөбүздүн чогуу жашап жатканыбызды билип калышыптыр. Бир чети алардын версиясы башка болду. Анткени, мен ата-энеме биринчи убакта кайнатам жардам берип, ошол бойдон ал жакта  туруп калдык деп айттым. Эл болсо Анварды күнөөлөп, мени аяшты. Анткени, ал бир убакта эки  аялдын башын айлантып, экөөнөн тең балалуу болгонун билишти. Аз убакыт өтпөй аялы менен ажырашып кийин ойношуна үйлөндү атка конду. Ошентсе да ал аялынын баркын көбүрөөк билип бактылуу жашап жатышыптыр. Кийин дагы эки эркек балалуу болушуптур. Азыр жалпы 4 неберелүү экенбиз. Ошентип мурдагы биринчи сүйүүм,  жолдошум азыр өгөй балам болуп отурат. 
Анвар экөөбүз тең күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып, бардыгы сыр боюнча калсын дедик. Бирок "эл оозунда элек жок” демекчи кайын журтумда мен тууралуу  ар кандай ушактар таркап кетиптир. Менин туугандарым болсо  жөн гана кайын атасы жардам берип жатат деп ушактарга көңүл деле бөлүшпөйт экен. 
Жаркын 60ты аркалап калды. Мен болсо араң гана 27ге чыктым. Жаркын: "Сенин ойноп, күлө турган убагың, каалаганыңды кыл, кааласаң мени таштап жаш күйөө тап” дей берет. Бирок, менин баркыма андан башка ким жетмек эле. Мен аны менен бактылуумун жана ал өзүн абдан жакшы алып жүргөндүктөн анын 60та экенин эч ким билбейт. Биз ал жактан досторду күтүп алганбыз. Бактылуу жашап жатабыз. Кийин кандай болот турмуш өзү көрсөтөөр... 
 
Алина

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 7057 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 2.0/8
Всего комментариев: 1
1 Coywmw  
0
buy lipitor 10mg online <a href="https://lipiws.top/">lipitor buy online</a> cost lipitor

Имя *:
Email *:
Код *: