Главная » 2013 » Май » 24 » «КУРБУМДУН БУЮРБАГАН МАХАБАТЫ»
02.15
«КУРБУМДУН БУЮРБАГАН МАХАБАТЫ»


Көпчүлүгүбүз «адам туура жолду тандап жашашы керек» деген принципти колдонобуз. Ал эми туура эмес жолду тандап жашагандарчы? Аларды туш тараптан сынга алып, жеригендер толтура. Ушундай мамиле кылганыбыздын өзү туурабы? Балким, бул ар бир адамдын өзүнүн каалоосу, тандоосу болуп жүрбөсүн?..

«КУРБУМ ЭКӨӨБҮЗГӨ БИР ЖИГИТ»
Кыздар ортосундагы достук убактылуу гана нерсе экенин мен мурун эле билгем. Курбум Алина экөөбүз бир мектепте окуп, кошумча сабактарга чогуу барчубуз. Канчалык сыр чечишип дос болбойлу, анын да, менин да бири-бирибизге билдирбеген көрө албастыгыбыз бар эле. Ал бардар үй-бүлөнүн эрке кызы, өзү да акыл-эстүү, алдыңкы окуучулардан. Андан артта калбайын деп мен да тырышып окуп, эжемдин кийимдерин сурап кийип убарамын.  
Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош болгону менен, курбумдун жини кеч тарачу, көк бет болчу. Кээде «Алинанын мындай кыялына жигити Азиз кантип чыдайт?» деп таң кала берчүмүн. Курбум жигитине таарынып телефонду албай койду дегиче Азиз мага чалып, кеңеш сурап арманын айтып баштайт. Кээде экөөбүз түнкү 1-2ге чейин сырдашып отуруп калабыз. Бул жоругубузду Алина да билчү. Ага Азиз менен сүйлөшкөнүмдү төкпөй-чачпай айтып берер элем. Бир ай өткөндөн кийин мен:
– Элдешпейсиңерби эртерээк. Жүрө беремби, ортоңордо жуучу жеңедей болуп?..- дедим.
– Дагы убакыт өтсүн, мени катуу сагынсын, анан өзүм чалам,- деп койду Алина кебелбей.
Менин кабатырланганым, Азиз күн өткөн сайын Алина жөнүндө аз сураганы. Жашырганда не, мырза катары Азиз мага жагат. Акыркы күндөрү курбумдан Азиз менен эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканымды жашырчу болдум. Алинаны сурабаса деле «сени сагынып, абдан кыйналып жатат» деп көңүлүн алыш үчүн айтар элем. 
Кайдан-жайдан билбейм, Азиздин таттуу сөздөрүнө жибидимби же сылык мамилесинеби, айтор, аны катуу сүйүп калдым. Кантсе да курбум эмеспи, Алина менин ичимде эмне болуп жатканын туйгандай... Чыдабай мен ага Азиз экөөбүздүн жашыруун мамилебизди ачыкка чыгардым. Бирок мен күткөндөй реакция болбоду. «Бети жок, башка жигитти таппай калдыңбы?!» деп түкүрүп басып кетет го деп ойлогом. Ал болсо унчукпай гана тим болгон.

«ДОСТУК МАМИЛЕБИЗГЕ ЧЕКИТ КОЮЛДУ»
Алинанын майрамдарда ичимдик ууртап коймой жайы бар эле. Бир классташыбыздын туулган күнүндө ичип алып достордун көзүнчө ашатып сөгүп кирди: 
– Кудай бешенеңе бакыт жазбаса, ошентип бирөөнүкүнө көз артасың, бирөөнүкүн талашасың!
– Алина, ачууга алдырба, бул нерсени башка жерден чечишип алалычы...
– Эмнени чечишебиз?! Баарын Азиз экөөңөр чечип коюпсуңар. Саткындар!
Чынында, ага каяша айтып, мас адамга теңелгим келген жок. Эртеси эч нерсе болбогондой, кечирим да сураган жок. Жөн койдум. Мен үчүн башкысы жан дүйнөмдүн тынчтыгы эле. Ошондон кийин экөөбүздүн достук мамилебизге чекит коюлду.

«СҮЙҮҮНҮН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУМ»
Алина Азизден кийин директордун  Айдар деген баласы менен сүйүшүп жүргөнүн уктум. Бир күнү акыркы экзамендерди тапшырып бүтүп ашканага кирсем, Айдар отуруптур. Ойлонбой туруп жанына барып таанышууга далалат кылдым. Тилегим орундалып, анын номери колго тийди. Ага күндө СМС жазып, сүйүп калган кыздын түрүн көрсөтүп, кыскасы, Айдарды ишендирдим. Максатым Алинадан өч алып, анын ичин күйдүрүш керек эле. Бирок тилегим таш капты, Айдарды катуу сүйүп калдым. Чыныгы сүйүү келгенде өч алганды да унутуп калат экенсиң. Оюмдун баары Айдар болуп, ошол деп гана жашап калдым. Соңку күндөрү Айдар менден көп нерсени талап кыла баштады. Сүйгөнүмдөн баарына макул болдум. Өзүмдү ага арнадым. Жарым жыл чогуу жашаган соң «мен башка батир тапкыча туугандарыңдыкында жашап тур» деген бойдон таптырбай кетти. Бир жолу аялдамада турсам тааныш үн угулду, артымды карасам Алина:
– Кандай, досум? Жүдөп алыпсың да..
– Ишиң болбосун!
– Айдар экөөңөрдүн жомогуңарды уктум. Ал азыр Орусияда турбайбы, сен не жүрөсүң? Аа, токто, токто, өзүм табам. Ал алчусун алды, башка бере турган эч нерсең калбай калганда куйрукту түйүп кетти да... Байкушум десе. Менин уурдалган махабаттарым сага деле буюрбаптыр да, көрсө.
Көкүрөгүм өрттөнүп кетти, колдорум түйүлүп, өзүмдү жоготуп бараттым. Айла жок чыдадым, чыдабаска аргам жок эле. Ошол кезде окууну жаңы бүтүп, ак менен караны айырмалай албаган экенмин. Айдардан кийин бир топ жигиттер менен жүрдүм. Балким, Айдарды жолуктурбаганда мындай жолго барбайт белем деп ойлойм. А балким, курбумдун каргышы тийгендир, ким билсин?.. Турмуш мени көп нерсеге үйрөттү, жаңылдым-жаздым, бирок оңолгон жокмун. Ошол эле жолдомун, көп жолу турмуштун агымына каршы сүздүм. Туугандар «жашың келип калды, турмушка чык» дешет. А мен күйөөгө чыккым келбейт, анткени мага ушундай жашоо жагат. Ар бир адам тандоо укугуна ээ. Мен ушул жолду тандадым.

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 903 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: