Главная » 2014 » Март » 8 » Мас болуп келген сүйүктүү келин
17.57
Мас болуп келген сүйүктүү келин

Мас болуп келген сүйүктүү келин

Эч нерсени билбейм… Эсиме келсем, ак көшөгө артында олтуруптурмун…. Бактылуумун, балам бар… 
 
Машинадан жолуккан болочок жар 
 
Ал кезде мен 19 жашта элем. Окууну бүтүп эле, жогорку окуу жайга сырттан окууга тапшырдым. Өзүм болсо кафеде официант болуп иштеп жүрдүм. Классташ кыздарыбыздын көбү мектепти аяктаар менен турмушка чыгып кетишкен. Менин болсо турмушка чыгуу такыр оюмда жок эле. Болжол менен 23-24 жаштарымда турмушка чыгам деп ойлочумун. Ошол учурда бир жигит менен сүйлөшүп жүргөм. Ал экөөбүздүн ортобуздагы жылуу мамиле эки жылдан бери уланып келген. Жигитимдин аты Дөөлөтбек. Мен аны эркелетип Дөкү дейм, а ал мени Самиш (толук атым Самара) дейт. Экөөбүздүн ортодогу мамилебиз көбүнчө кыз-жигиттикине деле окшошпочу. Тактап айтканда, Дөкү экөөбүздүн ортобуздагы мамиле достукка жакын эле. Ошентип арадан күндөр өтө берди. Бир күнү мен жумуштан кеч чыгып такси кармоону чечтим. Бирок карасам эч бир такси жок. Эмне кылаарымды билбей, жолдун боюнда турсам бир машина келип жаныма токтоп калды. Негизи мен бейтааныш адамдардын машинасына түшпөйм, корком. Ал машина жаныма келип токтогондо эле: 
- Чоң кыз, кайсыл жакка барасыз, жеткирип коёлу, - деди бир жигит.
- Жок, рахмат, азыр маршрутка келет, - деп койдум мен. Түнкү саат бирде кайсыл маршрутканы айттым, өзүм дагы билбейм. Коркконуман оозуман автоматтык түрдө чыгып кетсе керек.
- Ал кайсыл маршрутка экен, түнү менен каттаган? – деп күлдү машинадагы жигит. 
- Атайын түндө калып калгандарды жеткирет, - деп тамашага салып айтып койдум. Аңгыча эле машинанын арткы жагынан бир эже чыгып:
- Кызым жүр, жеткирип коёлу, коркпо, - деди.
- Аа, мейли, - деп мен олтуруп алдым. Көрсө апасы менен баласы коноктон үйүнө бара жатышкан экен. 
Жолдо бара жатып кенен тааныштык. Баланын аты Сапар, апасы Айым экен. Жолдо баратып эле Айым эже кечке мени карап, «балам бойдок, сендей келиндүү болсом жакшы эле» деп «намёк» таштап барды. Мен болсо жигитим бар экендигин айтып сыр бербейм. Ошентип жетчү жерибизге жете бергенде, мен рахматымды айтып, Сапарга акча сунсам, албай койду. Тигил жактан Айым эже: 
- Андан көрө телефон номуруңду ташта, айланайын, - деди. Улуу киши сурап жаткандан кийин жок дей албайт экенсиң, номурумду бердим. 
 
Виного арак кошушуп… 
 
Арадан эки жума өттү. Жумушта жүрсөм түшкү саат экилерде бирөө чалып калды. Телефонду алсам, Сапар экен. Дароо тааныдым, учураштым, Айым эжени сурадым дегендей. Сапар мени кафеге тамактанууга чакырды. Мейли дедим дагы, кечки саат алтыда чакырылган кафеге бардым. Барсам эле толтура достору менен келиптир. Мен жалгыз кыз, алты эркектин курчоосунда олтурдум. Өзүмдү ыңгайсыз сезип, мен дагы эки курбу кызымды чакырдым. Баарыбыз бака-шака болуп олтурдук. Спирт ичимдиктеринен вино эле ичип жаттык. Бир маалда менин башым айланып, мас болуп калыптырмын. Көрсө алар виного арак кошуп бере беришиптир. Сапардын достору мага тамашалап, «сени бүгүн ала качабыз» деп жатышкан. Мен дагы алар менен кошо «алыңар жетеби» деп тамашалашып жаткам. Ошол бойдон эч нерсе эсимде жок. Бир убакта курбу кызым эшикке чыгып кусуп жатканын билем. Дагы бир учурда үйдүн коридорунда мени балдар кармап бир бөлмөгө киргизип жатышканын билем, башка эч нерсе эсимде жок.
Эсиме келгенимде ак көшөгөнүн ичинде олтуруптурмун. Жанымда кичинекей балдар-кыздар мени карап олтурушуптур. Алар үчүн мас адам кызыктуу көрүнөт да. Терезени карасам, эшикте музыка, ыр-бий болуп жатыптыр. Түшүнбөй калдым. Баса, башымда ак жоолук… Аңгыча Сапар келип:
- Эмне болду, ойгондуңбу? – дейт. Көрсө мен олтуруп алып эле мас болуп уктап калыптырмын. Алар мени кафеден ала качып келишкенде кадимкидей эле кыйкырып, «Боз салкындагы» Асема сыяктуу болуптурмун. Бирок, көшөгөгө киргенде, ыйлап олтуруп уктап калыптырмын. Бетииим… Уялганымды кантейин… Же кете албайм, же олтура албайм… Мас болуп келген келин тарыхта да болгон эмес болуш керек…. 
Айым эже келди, бетимден өптү, «ак жолтой келин бол» деди. Мен бетим кызарып, «макул, апа» дедим. Дөкү мен күйөөгө тийгенден кийин бир кызга үйлөндү.
Андан бери арадан эки жыл өттү, бир уулубуз бар, бактылуубуз… 
 

Жолдошум өзү мас кылып,
Арак-вино алдырып.
Мени алдап ичирип,
Крышамдан койгон тайдырып. 
 
Эч нерсе билбейм, мунарык,
Элестейт ал кез тунарып.
Мас кылып ала качышса,
Экенсиң калат уялып… 
 
Мас болуп келген келинмин,
Мас болуп таптып теңимди.
Помидор болгон ошондо,
Көрбөсүн эч ким бетимди.

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1714 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 3.0/3
Всего комментариев: 1
1 Zeetib  
0
buy generic atorvastatin <a href="https://lipiws.top/">how to get lipitor without a prescription</a> buy lipitor paypal

Имя *:
Email *:
Код *: