Главная » 2014 » Март » 8 » Мен үчүн 8-март азаптуу күнгө айланды
17.41
Мен үчүн 8-март азаптуу күнгө айланды

Мен үчүн 8-март азаптуу күнгө айланды

Жалгыздык тууралуу ойлонгондо жаныңды коёрго жер таппай калгандыгың, жан дүйнөңдү жаралаган ойлорду эч ким менен бөлүшө албагандыгың, жеңилиңди жерден, ооруңду колдон алып берген жакын адамың жок болгону кандай өкүнүчтүү. Биз билбеген канчалаган мекендештерибиз ар кандай жүрөккө так калуудан жалгыз өмүр кечирип келишет болду экен. Бизге Зарина эже, өзүнүн башынан өткөргөн кубанычтуу да, кайгылуу да күндөрүн айтып берди. Анда сөз башынан болсун. 

 
Ата мээримин көрбөй чоңойдум
Ак көнүл, боорукер, жароокер кыз болуп чоңойдум. Атам үч жашка чыкканымда капысынан жол кырсыгынан каза болуптур. Ата мээримин көрбөй чоңойдум. Апам мектепте орус тил, адабияттан сабак берчү. Беш бир тууган болгондуктан, апам байкуш бизди жалгыз тарбиялап чоңойтту. Үйдүн кичүү кызы болгондуктан өз оюмду башкага жеңдирбеген эрке кыз болуп чоңойдум. "Эркенин жашы кургабайт” дегендей бирөөлөр катуу сүйлөп койсо эле ыйлай берчүмүн. Эркелигимдин айынан мектепти эптеп-септеп, апамдын арты менен аяктадым. 
Убакыт зымырык куш дегендей бат эле алтындай болгон уядан учуп, жогорку окуу жайлардын бирине  тапшырдым. Бирок, өз күчүм менен тапшырып өтө албай апамды кыйнап жатып контракка тилчи жагына тапшырып алдым. Алгачкы студенттик күндөрүм көңүлдүү, мен каалагандай өтүп жатты. Өзүм теңдүү курбуларды таптым. Курбу кыздарымдын арасынан экөө сабакты мыкты билишчү. Экөөнө таянып калгандарыбыз лекция, семинарды жазмай жок. Кыйратып окуп койгонсуп келип, сабактын акырына чейин отурбай качып кеткен учурларыбыз көп болду. Алысыраак байкемдин үйүндө турчумун. Курбу кыздарымдын баардыгы жатаканада чогуу жашашчу. Ошентип, жайкы сынакты акча берип атып тапшырып, айылга баргым келбегенин, бул жакта жакшы иш таап иштей турганымды катка катыра жазып салып жибердим. Ал кезде айылда уюлдук телефон да тартчу эмес. 
 
Бир учурда эки жигит жандап… 
Ошентип, жайкы каникулда белгилүү бир кытай кафесинде идиш жууп иштей башдадым. Башында кичине кыйналып, бирок бат эле көнүп кеттим. 1-сентябрга чейин өзүмдүн кийимиме жетээрлик акча таптым. Күндөрдүн биринде адаттагыдай эле жумуштан келе жатсам, алдымдан сулуучумак бала таанышуу тууралуу сунушун айтып, артымдан ээрчип алды. Экөөбүз таанышып, күндө жолугуп жүрдүк. Бара-бара сезимибиз сүйүүгө айланып баратканын билбей да калыптырбыз. Ошентип, ансыз менин жашоом жок болуп, күндө аны көрбөй калсам жаман абалда калып ыйлагым келе берчү. Бул тууралуу жакын курбу кызыма айттым. Ал дароо Максатты көрсөтсөң дей  баштады. Курбу кызымдын бул сунушун четке какпастан Максатка телефон чалып, биз окуган окуу жайдын жанына келип калуусун өтүндүм. Арадан  бир саат өтпөй мен күткөн Максат да келип калды. Курбу кызым менен тааныштырдым. Бирок, Максат курбу кызыма жакпай калды. Курбу кызым Максаттын жакпай калганы туурасында айтканда ушунчалык жиним келип, "сага жакканда эмне, мага жакса болду да” деп сүйлөшкөндү уланта бердим. 
Бир күнү курбу кызымдын туулган күнү болуп кафеге бармай болдук. Ал жерге курбу кызымдын классташтары да барышыптыр. Негедир ал кечеде Асан экөөбүз ынак болуп кеттик. Ошондой кийин Асан мага көп келчү болду. Эми менден өткөн бактылуу кыз жоктой сезилип жатты. Бир жигит эмес, эки жигитти бирдей жандап жүрдүм. Экөө да бирин-бири билбейт. Менин мындай кылыктарымдан негедир жеңем шек санай баштады. Бир күнү жеңем:
- Зарина, сен эмнегедир кийинчерээк өзгөрүп баратасың. Күндө эле ар кайсы шылтоону айтып кетесиң. Көп басканыңды токтотчу, - деди.
- Жеңе, мен андай кыз эмесмин. Мени жаман жолго барат деп ойлойсузбу? – деп жеңемди жооткотум койдум. 
Дал ушул жаз мезгилинин алгачкы күнү эле. Жеңемди дагы алдап, жатаканада курбу кыздарым чакырып жатканын айтып, үйдөн чыгып кеттим. Ал күнү курбуларымдыкына келип аябай жасанып, Максаттын достору менен кафеге бармай болдум.
Негедир жеңем менден шек санап, телефонумдан курбу кызымдын номерин алып, ага чалып көрүптүр. 
"Сен Заринанын курбу кызысыңбы? Силердин жатаканага бардыбы?” деп сураптыр.
Сөздүн төркүнүн түшүнгөн курбу кызым:
- Ооба, Зарина келген. Бирок, мен эшикке чыгып кеттим эле, - деген шылтоону айтып коюптур. Курбу кызым мени жаман көрүп, "бир башыңа эки жигит менен сүйлөшөсүң. Азабын кийин тартып калбасаң эле болду”, деп мага жини келип сүйлөдү. Негедир курбу кызым сүйлөсө эле мени табалап жаткандай сезиле берчү. Анын айткан сөздөрүнө көңүл бурган да жокмун. Өзүм менен өзүм болуп сүйүү кумарына балкып жүрө бердим. Ал күнү Максат экөөбүз жакшынакай кечеге барып келдик. 
 
Максат көксөгөн оюн ишке ашырды
Ошентип, көптөн күткөн 8-март майрамы да жакындап калгандыктан, 7-март күнү Асанга жолугуп, 8-март күнү Максатка жолугам деп пландаштырып койдум. Дал ушул 8- март күнү менин жүрөгүмдө өчпөс так калды. "Сени сүйөм, сенсиз жашай албайм, сен дегенде бул жашоодогу баардык нерселерге даярмын”  деген Максат мени алдап кетти. Ал күнү адатынча Максат баардыгын пландаштырып мени чакырган экен. Максат эжеси менен Ак-Өргө конушунда батирде жашачу. Ал күнү эжеси жоктугунан пайдаланып үйүнө чакырды. Негидир баргым келбей, жүрөгүм башкача болуп жатты. Бирок, аны сүйүп калгандыгым үчүн баарына даяр элем. Ошентип, дос баласы жана сүйлөшкөн кызы болуп үйүнө бардык. Дасторкон даярдап, ар кандай ичимдиктерди да алып коюптур. Ошентип отуруп түндүн бир оокуму болуп калгандыктан түнөп калмай болдук. Бирок, дос баласын байкеси чакырып, алар кетип калышты. 
Ал учурда Максат кызуу болуп калган. Бир кезде менин ой-боюма койбой, көксөгөн максатын ишке ашырды. Кыйратып койгонсуп кош коңурукту тартып уктап калды. Ошондо байкуш апамдын айткан сөздөрү кулагыма кайра-кайра жаңырып турду. Апам мага:
- Кызым алакандай жериңди сакта. Кыздардын алакандай жери баалуу жана нарктуу. Эгер турмушуңдан жаңылып калсаң өмүр бою өзүңө жаман болот деп көп айтчу. Ошол сөздөрү кулагыма жаңырып, апамдын элеси көз алдыма тартылып турду. 
Буркурап ыйлап жатсам Максат ойгонуп калды. Эч нерсе болбогондой, билбегендей мага кайрылып, мындай деди:
- Зарина, мен сени алам. Мындан ары сен менин аялым болосуң. Болоор иш болгондон кийин ыйлагандын эмне кереги бар. Андан көрө баардыгын унутуп, мурункудай жүзүңдөгү жылмаюуну кетирбечи, - деп мени сооротту. 
Байкуш айымдар аябай боорукер, ак көңүл жан эмеспизби. Максаттын калп сөздөрүнө ишенип калдым. 
 
Кош бойлуу экенимди билдим
Эми мен үчүн Асанга жолугушуу азапка турду. Себеби, анын алдында кечирилгис күнөө кетирдим. Ал нерсени мойнума алам дечи. Бирок, сыр бербей Асан менен да сүйлөшүп жүрө бердим. Күндөр өз нугунда өтө берди. Бир күнү Максат Асан тууралуу билип калды. Буга чейин Асан тууралуу эч нерсе айткан эмесмин. Эптеп менден кутулуштун айласын тапкан Максатка эми шылтоо табылды. Бир нерсе болсо эле Асанды айтып, урушту андан ары уланта берчү адат таап алды. Ошондой күндөрдүн биринде Максат экөөбүз катуу урушуп кеттик. Арадан бир жума өттү. Бирок, Максаттан дайын жок. Акыры өзү жашаган батирине издеп бардым. Тилекке каршы ал жерде жашабай калганына бир айдын жүзү болуптур. Ошентип, сүйүү азабына малынып, кайгы тартып жүргөн күндөрүмдө кош бойлуу экенимди билдим. 
Эч нерсеге көңүлүм тартпай сабакка анда-санда барып жаттым. Бир күнү курбу кызым телефон чалып, жатаканага чакырды. Үйдөн чыгып курбу кызыма келдим. Экөөбүз өткөн кеткен жаңылыктарды сүйлөшүп отуруп, Максат менден кетип калгандыгы тууралуу айттым. Курбу кызым:
- Билесиңби, Максат мага башында эле жаккан эмес. Сага айтсам макул болбой койгонсуң, -деди. 
- Ооба, мен дагы эми түшүнүп жатам. Андан көрө мага жардам бер. Максаттан боюмда болуп калган. Эмне кылаарымды билбейм, Максат болсо мени таштап кетти, - деп арманымды айтып баштадым. 
Экөөбүз сүйлөшүп жатып, күндүн кандай кеч киргенин дагы байкабай калыптырбыз. Мен кетпей жатаканага жатып калдым. Эртеси Айдай сабакка барган жок. Экөөбүз таң атпай туруп алып, гинекологго барып баарын түшүндүрүп айттык.   
 
Боюмдан алдырдым
Боюмдагы баланы алдырыш үчүн көп акча талап кылды. Бирок, менде анчалык акча жок болгондуктан эмне кылаарымды билбей калдым. Мени түшүнгөн жалгыз курбу кызым Айдай эле. Ал мага боору оорудубу, айтор контракка төлөйм деген  акчасы бар экен. "Ошону берип турам” деп мени алаксытты. Аябай сүйүнүп кетип курбу кызымды кучактап өөп жибергенимди да байкабай калдым. Ошентип, 3 жумалык боюмдагы баланы алдырып салдым. Андан кийин жакшылап дарыланып, кафеде иштей баштадым. Айдайдын акчасын берип кутулдум. Ошол күндөн баштап мүнөзүм мурункудай болбой таптакыр өзгөрүп кетти. Менин боюмдан алдырганымды курбу кызымдан башка эч ким билген жок.  Ошентип, жогорку окуу жайын аяктап, курбу кыздарымдын баардыгы турмушка чыгып кетишти. Баардыгы өз алдынча болуп, бара-бара мамилебиз сууп, катышпай да калдык. Учурда борбордогу мектепте иштейм. Менин тагдырыма, турмушума, жүрөгүмө так калтырган Максатты ошол бойдон көргөн жокмун. Асан көпкө чейин үйлөнүү тууралуу сунушун айтып жүрдү. Бирок, эркек аттуулардан көңүлүм калып калган жаным таптакыр жүрөгүм жылыбай койду. Жалгыз өмүр кечирип  келем. 
Мейли жашооңдо нечендеген ийгиликке жет, нечендеген бийиктиктерди багындыр, эгер максатыңа жетип бакытка балкып турганда жаныңда бир жакының жок болсо, анын эмнеси бакыт экенин эми түшүндүм. Учурунда Асанга турмушка чыгып алсам болмок же боюмдан алдырбай эле төрөп алсам болмок деп ойлоном.  
Жалгыз туруп кубансаң да, бул кубаныч жарым-жартылай кубаныч экен, деп сөзүн аяктады Зарина эже.

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1228 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 1
1 Nmffew  
0
buy atorvastatin online <a href="https://lipiws.top/">buy atorvastatin 10mg online cheap</a> lipitor 40mg tablet

Имя *:
Email *:
Код *: