Главная » 2014 » Март » 8 » Өз баласын өлтүргөн мыкаачы ата
17.52
Өз баласын өлтүргөн мыкаачы ата

Өз баласын өлтүргөн мыкаачы ата

Айылдагы ызы-чуу
Айылдын четинде таштандылар ташталган жерде таң заардан эл чогулуп алып эле бир нерсени карап алышып, катуу талкуу  болуп жатты. Кичинекей айылдын  башында жайгашкан бул таштанды ошол көчөнүн  элдерин бир заматтта ызы-чууга салып жиберди. Аз убакыт өтпөй  чогулуп калган таштандыдагы топко милиция дагы жетип келди. Алар топтун арасына кирип эле бир нерсени көтөрүп алып машинаны катуу айдаган боюнча кетип калышты. Эл көпкө аны муну сүйлөшүп, кыжу-кужу болуп жатышып,  бир аздан кийин үйлөрүнө таркашты.  Ызуу-чуу болуп жатканынан мен дагы бүгүн таң заардан эрте ойгонуп алып, аларга көз салып турган элем. Эл таркаганда апам менен атамдын үйдү карай келе жатканын көрүп алып коркуп үйгө кирип кеттим. Алар үйгө келгенден кийин деле сыр билгизбей эч нерсе деп айтышкан жок. Эртең мененки чайды атам бат ичип эшикке чыгып кеткенде, мен апама  кайрылып, "эмне болуптур, эмне ызуу-чуу болуп жаттыңар, милициялар эмнеге келишти?” дедим. 
Апам, "атаңдын көзүнчө мындай сөз кылган уят, ошондуктан экөөбүз тең унчуккан жокпуз.  Таң заардан  атаң уйларды кезүүгө кошокону баратып, кошуналар менен кошо жаңы төрөлгөн ымыракай баланын муздалып жатканын көрүп коркуп кетишиптир. Анан биз дагы бардык. Милиция чакырдык. Эми ал районго барып, анан бир нерсе кылышат го” деди. Мен дароо эле коркуп кеттим. Эмнегедир жүрөгүм бир жаман нерсени туйгандай ыйлап жибердим. Апам мени сооротту.
"Ким ойлоптур. Муну биздин эле айылдын кыздары кылды да. Заман эмне болуп баратат. Айылда да ушундай бузулгандар бар тура, шерменде. Кудай аны кечирсин, ыйман берсин, эми ал ким болду экен?” деп кайгырып көзүнө жаш алаганын байкадым.  Ошентип айыл ызы – чууга батып эле бир көтөрүлүп жатып калды. 
Эртеси мектепке милициялар, анан ак халатчан дарыгерлер келип чоң чогулуш өткөрүштү. 
"Баланы төрөп, мууздап  өлтүрүп, таштап кеткен кызды табышыбыз керек! Бардыгыңарды текшеребиз. Шермендеңерди чыгарабыз же болбосо өзүңөр айткыла. Мойнуңарга алгыла!” деп коркутуп-үркүтүп башташты. Кыздардын бардыгы эле ызы-чуу болуп эле жатып калышты. Эмнегедир ал күнү ак халатчан кыздар бизди текшербей, чогулуш бүткөндөн кийин кетип калышкан. Көрсө, бир кыз коркуп кетип, кимдир бирөөдөн шектенип жүргөнүн, кылса ошол кылды болуш керек деп айтып салыптыр. Чындап эле ал кызды барып текшеришсе, ошол кыз төрөп, жаңы төрөлгөн  баласын өлтүрүп таштандыга таштап койгон экен. Ал кыздын ким экенин угуп алып аябай ыйладым. Аны жакшы тааныйт элем .
Экөөбүз кичине кезибизде көп дагы ойнойт элек. Бирок байкуштун тагдыры оңой болгон эмес. Анын кичине кезинде эле атасы каза болуп калды. Апасы болсо ичип кетти. Акыры ал арагынан баш тарта албай ооруп, ал дагы каза болду. Кыз томолой жетим калып, аны тайэжесиникине берип коюшкан болчу. Ошол менен экөөбүз мурдагыдай көп сүйлөшпөй ойнобой калганбыз. Бирок, кийин мектептен учурашып, жакшы достордой көпкө баарлашып да калчыубуз. Ал өзү нышан төрөлгөндүктөн акыл эси жагынан да кичине катардагы кыздардан артта болчу. Башкача айтканда ал көп нерсени жакшылап оюндагысындай түшүндүрө алчу эмес, ошонусу бир аз аны аксатып коёр эле. Же болбосо абдан татынакай, тапшырманы убагында аткарган, класста тынч отурган, тартиби жакшы, ыймандуу эле кыз болчу. Бирок, математика, химия, айтор, оор сабактарды жакшы окуй албай тогузду бүтөөрү менен эле окуудан чыгарып коюшкан. Аны тай эжеси да көп кордоорун угуп калчумун. "Анан жетим болсо эмне кылсын байкуш”  деп айтып калышчу. Алар менин чоң атамдардын кошунасы болгондуктан, мен алардыкына сүт, айранга барганда ал кызга сөзсүз кайрылып, ал менен баарлашканды жакшы көрчүмүн. Чоң апамдарга жардам берээрде сөзсүз сууга мен барчумун. Анткени, сууга баратып дайыма аны ээрчитип алып экөөбүз, сууга барып көп баарлашчыбыз. Экөөбүз баарлашканда, анын көзүнөн кандайдыр бир кайгы жатканын билчүмүн. Бирок, ичимден "байкуш атасы менен апасын сагынып жатса керек” деп гана ойлоп коёр элем. Бир жолу ал экөөбүз дагы сууга чогуу барып калдык.  Мен эмнегедир анын ичи чоңоюп калганын байкадым. "Сен толуп кеткенсиңби” деп сурагам. Ал мага жооп бербестен көзүнөн жашын төгүп ыйлап гана кутулган. Ошондо эмнеге шектенген жокмун десең деп азыр кейип отурам. Эгер андан такып сурап, чындыгын билип алсам, азыр мындай болбойт эле деп башымды мыкчып калам.  Мен ал ыйлап жатса коркуп кетип, эмне дешимди билбей, унчукпай калгам. Кечирим сурап, сооротумуш болуп аны тыштап үйгө качып кеткен элем. Анын боюнда бар деп он ойлонсом да башыма келмек эмес. Анткени ал мага эч бир күнөөсү жок периштедей эле сезиле берчү. Өзү нышан болгону менен бети тунук, көздөрү карагаттай, чачы белинен ашкан, арыкчырай абдан сулуу кыз эле. Оңою  менен сырын айтчу эмес. Мектепке ал  көзү башы көгөрүп келип калганда "сени тай эжең уруп жатабы” деп жанын койбой сурасак да эч нерсе айтчу эмес. Ошондуктан ал анда деле боюнда бар экенин  мага деле айтат беле ким билет? 
 
Атасы ким эле?
Ошентип анын бала төрөп, баласын муздап өлтүрүп таштандыга ыргытып жибергени элди аябай таң калтырып, айылды бир сыйра жарып жиберди. Бардыгыбыз эле эмне болгонун түшүнбөй, ар ким өзү ойлогондой жоруп жатты. Мектепте да сүйлөшкөнүбүз ошол кыз (аты Нурзада) болуп калды. Бардыгыбызды кызыктырганы ал  кимден боюна бүтүп, төрөп койду? - деген суроо эле. Нурзаданын тартиби жакшы болгондуктан ал эч жакка чыкчу эмес, бейчеки да басчу эмес. Анан кантип эле мындай болуп кетти? Кызык? Чындап эле баарыбызга кызык болду. Айылда биринчи жолу мындай каргашалуу, коркунучтуу окуя болуп жатса.. 
 
Темир тордун артына 12 жыл камалды
Ошентип сот болуп Нурзада 12 жылга кесилип кетти. Ал бизден  2 жашка улуу болгондуктан 18 жашка чыгып калыптыр. Эч кандай териштирүү, изилдөө, маалыматы жок эле аны камап салышты.  Сот ушундай жыйынтык чыгарды. Ал тургай кимден төрөгөнүн, ким менен жүргөнүн да толук биле албай башыбыз катып олтуруп калдык. 
Нурзаданы айыл боюнча жакшы кыз деп билет элек. Аны бирөө жарым гана зөөкүрлөнүп бул жолго алып барбаса ал өзү мындай жаман иш жасабайт болчу.  Ошондуктан эч ким ишенбей жатты. Ага бир чети боорубуз ооруганы менен, бир чети кылган кылыгы үчүн жооп берсин деп айла жоктон айтып жаттык. Мен ичимден  такыр ишенген жокмун. Апама да кайра-кайра” ал антпейт эле, бир жолу ичинин чоңоюп калганын байкап, кокустан сурап жиберсем  аябай ыйлаган, мен качып кеткем” деп айтып жаттым. Апам болсо "мен дагы ишенген жокмун, кандай болгон күндө да  күнөөсү жок наристеге жаман болду. Эмне кылалы эми  колубуздан эч нерсе келбесе”  деп  койду. Эмне үчүн баланы жасаган зөөкүр күнөөсүн тартпаш керек? Ушул суроо башымды оорутуп, аны тааныбасам да жек көрүп каргап жаттым. Байкуш Нурзаданын тагдыры эми кандай болот? Эми ал кантип жашайт? 12 жыл түрмөдө сыздап бүтөт го... Мунун баарын билип өзүм да коркуп кетээр элем. Анын темир тордун артындагы жашоосун элестеткенде, эмне кылаарымды билбей, өз башымда болуп жаткандай, киреге жер таппай Кудайга абдан наразы болуп алчумун. Ошентип арадан эки күн өтүп анын кимден төрөгөнү тууралуу маалыматтар, ушактар таркап, тынчып калган эл кайра ызы-чуу боло түштү. 
 
Темирдин жоругу
Угуп алып, такыр ишенген жокпуз. Кантип? Анда эмнеге аны жазалашкан  жок. Бул иш ушул бойдон жабылып калабы? Кайра ишти жаңыдан козгоп чыгышсын? – деп башында  баланын атасы тиги имиш  дегенди угуп алып эле кыйкыра бериптирмин. Бирок, ким экенин укканда оозум ачылып, башымды кара туман басып эле олтуруп калыпмын. 
Эч кимибиз ишенген жокпуз. Бирок, ишенишке тура келди. Көрсө Нурзаданы зордуктап салган киши чоң атамдын кичүү баласы, атамдын иниси Темир атам экен. Ошентип бизди айылдагы эки жакшы адам деп эсептеп жүргөн кишилер абдан таң калтырышты. 
 
Күтүлбөгөн окуя 
Чындыгында бардыгы башкача болуптур. Оңою менен эч нерсени айтпаган Нурзада  боюнда бар экенин эч кимге айтпай жашырып жүрө берген. Анан эмне кылсын  байкуш, сыр айта турган апасы, арыздана турган атасы, достошо турган курбусу жок болсо. 
Нурзаданын тай эжеси ичкиликке жакын болгондуктан, көп ичээр эле. Ошондуктан аны үйүнөн табуу да кыйын болчу. Ичкиликтин айынан  ал үй-бүлөсүнөн да ажыраган. Сиңдиси да так ушул арактын айынан каза болгон болчу. Темир байкебиз дагы 2 аял алып кетиргендиктен ичкиликке бир аз жакын болуп кеткен эле. Ал акыркы күндөрү ушул Нурзаданын тай эжесине кошулуп алып көп иччү. Анын үйүнө көп барып жүргөн Темирдин  көзү ушул Нурзадага түшүптүр. Өзү сулуу чырай, шайыр, келбеттүү киши болгондуктан  Нурзаданын башын бат эле айлантып алганбы же кыйнап эле зордуктап салганбы, анысы ушул күнгө чейин  белгисиз боюнча калды. Бирок, Нурзаданын айтышы боюнча ал дайыма анын үйүнө эч ким жокто келип алып зордуктай берчү экен. Бирөө жарымга айтсаң өлтүрөм деп, арам оюн ишке ашырыптыр. Ал тургай сүйөм-күйөм, алам деп  алдап да жүрүптүр. Тай эжесине арактан көп берип коюп, аны төркү үйүнө алып кирип эле зордоп жүрө берген. Ошентип анын боюнда бар экенин да билген. Качан толгоосу башталганда ал Темирге чалып айткан. Анан Темир бат эле жетип келип, эч ким билбеш керек деп, аны коркутуп-үркүтүп, айылдын четиндеги тегирменге алып барып, Нурзаданы төрөтүп, аны дароо муздап өлтүрүп: "бул баланын сага да мага да кереги жок” деп кыздын башын айлантып, үйүнө алып барып жаткызып, баланы болсо "өзүм жок” кылам деп таштандыга ыргытып жиберген. Ошентип Темирден корккон Нурзада башында абдан коркуп милицияларга кимден төрөгөнүн айткан эмес. Мүмкүн башында эле айтып берген чыгаар. Ким билет? Темир алар менен башкача сүйлөшүп тайэжесин да жайгарып койду. Кандай болгон күндө да байкуш кыздын укугун, намысын коргогонго киши жок болчу. Биз болсо болгон иштин баарын  качан гана Нурзада камалып кеткенден кийин билдик. Ал эми Темир болсо ошондо эле Россияга кетип калган. Ал азыр ал жактан бир келинге үйлөнүп, анысы менен кайра айылга келип бактылуу эле жашап жатат. Ал эми  Нурзада менин билишимче дагы деле түрмөдө. Ошол боюнча ал жөнүндө эч кимдин эч кандай деле маалыматы жок. 
 
Тахмина

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 1114 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 1
1 Zntsjb  
0
order atorvastatin pills <a href="https://lipiws.top/">where to buy atorvastatin without a prescription</a> brand atorvastatin 40mg

Имя *:
Email *:
Код *: