Главная » 2014 » Март » 10 » ЖОЛДОШУМДУН ЧЕЧКИНСИЗДИГИ ТУРМУШУМДУ БУЗДУ
05.17
ЖОЛДОШУМДУН ЧЕЧКИНСИЗДИГИ ТУРМУШУМДУ БУЗДУ
Күчтүү адамдарга сыноо көп берилет дешет. Бирок

ашыкча сыноодон сынып каламбы деп коркуп турам» деген Самара тагдыр
таржымалын айта баштады...


«ЖОЛДОШУМА ЭМЕС, КАЙНЕНЕМЕ ЖАГЫП ҮЙЛӨНГӨНБҮЗ»
– 19 жашымда кайненем мени көрүп калып, «жакшы келин болчудайсың, кагылайын. Балам менен таанышчы»
деп отуруп үйгө куда түшүп барышкан. Уулу Адыл менен тааныштырып,
ата-энелерибиз сүйлөшүп, 2 жумадан кийин эле үйлөнтүп коюшту. Жолдошум
түшүнүктүү, иштеген иши, үстүндө үйү бар. Мени дароо кесибим боюнча
мектепке жумушка киргизип койду. Алгач жашообуз ойдогудай өтүп жатты.
Ата-энемдин «кайын журтуңду сыйла, кечиримдүү, кичи пейил бол. Эми
башкага бүлө болдуң. Алардын сырын ачпай, сырттан сынабай, үлгүлүү келин
бол»
дегени кулагыма куюлуп калган экен, кайындарымдын кареги менен тең айланып жүрдүм.
Уулдуу
болдук. Турмуш дайыма түз болбойт тура... Жолдошумдун айлыгы менен гана
жашоо шаарда кыйынчылык жаратты. Уулумду 1 жашка чыккандан кийин апама
каратып, тигүүчү болуп жумушка орноштум. Адыл насыяга акча да алган,
кыскасы, турмуштун арабасын кошо тартып, далай кыйынчылыктарды баштан
өткөрдүк. Төрөттүк өргүүм бүтүп, кайрадан мектепке жумушка чыктым.


«БАРА-БАРА ЖАЛДАНМА ЖУМУШЧУГА АЙЛАНДЫМ»

2012-жылы кыздуу болдук, кубанычыбызда чек жок. Жолдошум экөөбүздүн
турмушубуз жакшырып, мамилебиз ысыганы менен, кайындарым жактан
түшүнүксүз кийлигишүүлөр башталды. «Кантсе да ата-эне, жакшы болсун дешет да» деген жакшы оюм менен башымды ийип, кыңк этпейм.
Баягы
кыз мезгилдеги ачык-айрым мүнөзүмдөн дайын жок, өтө эле жалтак болуп
кеттим. Мен Адылдын аялы эмес, анын бир туугандарына, ата-энесине күң
болуп келгендеймин. Үй-бүлөмдөгү шайыр маанай, жылуу мамиле суугандан
сууй берди. Өзүмдү актабайм, менде да күнөө бардыр... 
Убакыт өтө берди. Башкасы калып, кайним башкарып кирди. Отургузуп алып акыл-насаатын айтып:
Менин айтканым менен болушуң керек,-
дегенде кайним менен айтыша кеттим. Кайненем баласына болушуп, кечирим
суратты... Адылга буулугуп ыйласам, баарын көрүп туруп үн катпай койду.
Аны иниси менен урушсун дебейм, бирок мени сооротуп койсо көңүлүм жылый
түшмөк да. Кайненемдин: – Көп болсо төркүнүңө кетерсиң, айылда келиндер таяк жесе да кечинде кетип, эртең менен келип тирилигин кыла берет,- дегени сөөгүмө жетти. Мындай уруштун аягы тыйылбас болду.


«ЖОЛДОШУМДУН ӨЗ ОЮН АЙТА АЛБАГАНЫ ЖАНГА БАТТЫ»

Бир күнү үйдө дагы чоң чыр чыкты. Себеби мен өзгөрүп кетиптирмин.
Кайындарым, жолдошум кошулуп түнт болуп кеткеним үчүн жемелешти.
Урушарга шылтоо калбаганда кайненем:
– Сен бирөөнү таап алгансың, ошондуктан бизди теңиңе албай калдың,- дебеспи. «Аягы суюк кайнене келининен шек санайт» дегендин дал өзү болду. Бүлөм деп тапканымдын баарын ташыган, «атаке», «апаке»
деп сыйлаган адамдардын кылган иши ушул болду. Түн ичинде барар жерим
жок, арданганымдан эки баламды ээрчитип үйдөн чыгып кеттим. Балдарымдын
атасы, таянар тоом үн катпады. Адам ушунчалык да чечкинсиз болобу? Мени
ойлобосо эки наристени ойлобойбу? Баары бир үмүттөнүп турдум. «Эч кимге керегибиз жок болсо да, Адылга керекпиз, ал бизди сөзсүз алып калат» деген үмүтүмдү таш капты. Бир топ убакыттан кийин кайындарым артымдан айылга келишип, алып кетишмей болушту.
Бирок баары бир өзүң күнөөлүүсүң,- дегендери дале кулагымда жаңырат.


«КАЙРЫЛЫП КЕЛ ДЕЙТ»
– Эми Адыл тынчымды алып СМС жазууда, «Апам күндө өзүн жемелейт, кечир бизди. Кайра кайрыл. Эми баарын өзүм чечем, башка менен сендей жашай албайм» деп. Бир туруп «балдарымдын атасы, мага сөзү гана тийбесе, колу тийген жок го, кайтып барайын»
дейм. Бирок кайненемдин, кайнатамдын мага айткан сөздөрү, Адылдын
чечкинсиздиги жүрөгүмдү муздай кылып койду. Кайра ошол туңгуюкка түшкүм
келген жок... Эмне үчүн, кайсы жамандыгым үчүн? Түшүнбөй калдым.
Мына-мына диссертациямды жактайм деп отурганда:
Билимдүү болуп кеттиңби? Эмнени кыйратып жибермек элең?- дешип тыюу салып коюшту.
Силерге
бул катты жазып жатып, көз жашым дарыядай акты. Жолдошумдун
чечкинсиздигинен 2 балам атасыз калды. Менин жылуу уям бузулду.
Өкүнүчтүүсү, азыр мындай өз оюн ачык айта албаган эркектер толтура.
Алардын баары же апасынын же жубайынын айтканынан чыкпай калышкан.
Жаш
кыздарга айтар элем, турмуш жолуна аттанардан мурда ата-эненин гана
чечими эмес, өз каалооңор да абдан маанилүү экенин ойлогула.


Самара, Нарын.

Категория: Жан дүйнө | Просмотров: 943 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 4.0/2
Всего комментариев: 1
1 Rfoqst  
0
brand lipitor 10mg <a href="https://lipiws.top/">order atorvastatin</a> lipitor canada

Имя *:
Email *:
Код *: