Главная » 2013 » Май » 24 » ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (20-майдан 26-майга чейин)
02.08
ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (20-майдан 26-майга чейин)


КОЙ (21.03-20.04)
Романтикалуу жолугушууну кыялданбай туруңуз. Сиз баалаган адам кыялын көрсөтүп, тил табышуу кыйындайт. Үйдө жумуш жасап жатып абайлабасаңыз, тарамыштар чоюлуп, ооруксунат. Иште демилгелүү иштеп, айлыгыңыз көтөрүлүшү мүмкүн. Досуңуздун бири сизге бир буюм сатып жатып абдан соодалашып, көңүлүңүздү калтырышы ыктымал.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада жумушта иш көп болуп, жеке жашооңуз экинчи планга жылат. Ошондой эле баш оору бейпайга салат. Дарыдан басылбаса, врачка кайрылыңыз. Сизге жаңы тааныш адамдар жолугуп, баарлашууга чакырышат. Бир нерселерди сатып албай туруңуз, анткени эмки аптада акча көп керек болот. Апта аягында ортомчу болуп, жакындарыңыздын бир ишин бүтүрүп бересиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сүйүктүүңүз экөөңүз жалпы хобби табууга аракет кылыңыз. Анткени бир жумушту экөөлөп жасоо абдан жагымдуу. Бел, моюн омурткадагы оорутуудан кутулуу үчүн массажисттин кызматына кайрылыңыз. Чакырган жерге унутпай барсаңыз, керектүү тааныштарды таба аласыз. Лотерея билеттерин сатып алгандардын утушка ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жакшы көргөн адамыңызга өз пикириңизди таңуулагандан качсаңыз, чырдын алдын аласыз. Маселенин көптүгү нервге күч келтирет. Бирок айтылгандардын баарын жүрөккө кабыл албоо керек.Иште чырдашкан адамдарды табыштыруу менен убара болосуз. Бирөөлөр үчүн карыз сурап бербеңиз, болбосо азабын өзүңүз тартасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жүрөгүңүзгө жакын адамга сунуш айтып, аны аткарууга шаштырбаңыз. Ал кысым көрсөтүү катары кабыл алып, ортодогу гармония бузулат. Көз доктурга жазылып коюңуз. Көрүүңүздү текшертүүңүз зарыл. Керектүү маалыматтан куру калбайын десеңиз, белгиленген жолугушууга кечикпей барыңыз. Ашыкча баш ооруга чалдыкпоо үчүн аптада коммуналдык төлөмдөрдү төлөп кутулуу кажет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жаңы тааныштарыңыз менен сиздин ортодо жылуу мамиле түзүлөт. Балким, ал сүйүүгө өсүп жетиши мүмкүн. Суук тийүүдөн дары чөптөрдү ичүү менен айыга аласыз дешет жылдыздар. Жумушта чогулуп калган иштердин кайсынысын бүтүрөрүңүздү билбей башыңыз катат. Каржы жаатына келсек, акча жетиштүү болуп, кенен жумшайсыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке жашоодо мамилелер жогорку деңгээлге чыгып, келечекке пландарды түзөсүз. Жаңы ишке өтүүгө, жаңы долбоор менен иштөөгө жылдыздар жол ачып беришет. Өзүңүздү начар сезгенден улам апта ортосунда дарыгердин кеңешине кайрылууңуз мүмкүн. Апта аягында досторго чай берип, алар сиздин марттыгыңызды баалап калышат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада дарылануу сиз каалагандай жыйынтык бербейт, андыктан күтө туруңуз. Кеңешмеде чечкиндүү аракет кылып, өз пикириңизге бекем туруп, коргоо зарыл. Болбосо бир иштерге күнөөлүү болуп кала бересиз. Күндөлүк керектөөлөрдөн акча артат, аларды тиричилик техникасын сатып алууга топтоңуз. Жеке жашоо калыбынан өзгөрбөйт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кайсы досуңуз менен мамилелер жакшы уланбай калды десеңиз, аптада андан кол үзүңүз. Дүйшөмбүдө тойго чакыруу алууңуз мүмкүн. Шаршемби, бейшемби – оор күн. Майда жаракаттарга да кабылуу коркунучу бар. Жума күнү уккан маалыматтарды тактаңыз, жаңылыш болушу мүмкүн. Апта аягында жакындарыңыз сизге кам көрүп, керектүүлөрүңүздү алып берип кубантышат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада сүйүктүүңүздү көп кызгана бербей, кечелерге жалгыз жөнөтүү менен ага ишенгениңизди билдириңиз. Чарчоону жазып, сергек болуу үчүн контрасттык душ кабыл алуу кажет. Даяр болуңуз, иште кадрлар алмашып, кеңсе да жаңырышы күтүлүүдө. Акча тартыштыгынан абдан үнөмдөөгө мажбур болосуз. Апта аягында китеп окуп же жакшы фильм көрүп, жекече эс алуу сунушталат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жеке жашоодо компромисске барып, эски таарынычтарды унутуу керектелет. Ушинтсеңиз гана мамилени улоого жетишесиз. Тамактануу режимин бузуудан улам ашказан-ичеги жаатында маселе жаралышы мүмкүн. Алдын алыңыз. Иште башкалар ич күйдүлүк кылып, сөз чыгарбасын десеңиз, айлыгыңызды ооздон чыгарбаңыз. Жакшы буюмга акча жетпей, карыз алууңуз ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Арыктайм дегендерге кара күч эмгеги менен алектенип, диета кармоого ылайыктуу апта. Ошондой эле жашоо шартты жакшыртуу үчүн эмерек сатып алууга ыңгайлуу убак. Ойлогон нерселерди ишке ашыруудан талбаңыз. Новатордук идеяңыз кечирээк болсо да бааланат. Үй-бүлөлүүлөрдө үй жумушунун көптүгүнөн майда чырлар чыгат. Бойдоктор эски мамилени үзүү же үзбөө маселесине кептелишет.


Категория: ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ | Просмотров: 2092 | Добавил: abdiev | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 4
1 abdiev  
0

2 Hgupzk  
0
order lipitor pills <a href="https://lipiws.top/">order lipitor 80mg online</a> atorvastatin 10mg without prescription

3 Abqmih  
0
buy atorvastatin 20mg pill <a href="https://lipiws.top/">order atorvastatin 40mg for sale</a> order lipitor 40mg for sale

4 KaylaKep  
0
Hello, did you receive my offer?
from2325214cv https://google.com

Имя *:
Email *:
Код *: