Главная » Статьи » Сагынуу

СЕН МЕНИ ИЗДЕ... ТАП...
Узак жолдо учу, түбү карарган,
Каргыш тийгир, кадам сайын жаңы адам.
Оо, мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде, тааны, көп ичинен, жан аргам.

Тааны дагы сурай көрбө атымды,
Аяй көрбө аарчылбаган жашымды.
Деңиз жыттуу шамалды ырда сен мага,
Аралды ырда, жайын, кышын жашылдуу.

Сага чейин жашыл арал, деңизсиз,
Азы арзыды, көбү мени жеңишти.
Атым сурап, аарчыгандар көз жашым,
Кайра мага көз жаш болуп беришти.

Узак жолдо учу, түбү карарган,
Каргыш тийгир, кадам сайын жаңы адам.
Оо, мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде, тааны, сен мени тап, жан аргам.



Категория: Сагынуу | Добавил: kubaaika88 (10.Марта.2014) | Автор: Нарсулуу Гургубаева
Просмотров: 2035 | Комментарии: 7 | Рейтинг: 2.5/4
Всего комментариев: 4
4 Ydxvzt  
0
order lipitor 40mg pill <a href="https://lipiws.top/">lipitor drug</a> how to buy lipitor

3 Cgoisu  
0
lipitor pill <a href="https://lipiws.top/">lipitor 80mg brand</a> order generic lipitor 20mg

2 Lfqtwb  
0
lipitor 40mg pill <a href="https://lipiws.top/">atorvastatin 40mg price</a> atorvastatin over the counter

1 нуриза  
0
издесем издейинчи садагам,куттум менда калбады го жан аргам,эгер тапсан журогумдун ачкычын,мен сен учун жанымды да бере алам,

Имя *:
Email *:
Код *: