Главная » 2014 » Март » 8 » КОШ БОЙЛУУМУН, БИРОК ТӨРӨБӨШҮМ КЕРЕК!
17.51
КОШ БОЙЛУУМУН, БИРОК ТӨРӨБӨШҮМ КЕРЕК!

КОШ БОЙЛУУМУН, БИРОК ТӨРӨБӨШҮМ КЕРЕК!

31-декабрь ар бир үйдө салаттын түрү жасалып, кооздолгон балатынын айланасына белектер коюлуп, шаардыктар Жаңы жылга кызуу даярданышууда. Айжан апасына кол кабыш этип, кыймылдап жүргөнү эле болбосо, оюнун баары сүйлөшүп жүргөн жигити Асланда. Сүйүктүүсүнө оргиналдуу белек берип, кубантуу. Жүрөгү кабына батпай, сааттын жебеси  12ни кагышын күтүп жатты. Баса, бүгүн Аслан менен досторунун үйүнө баруу планы да макулдашылган. Айжан үчүн бул жолку Жаңы жыл өзгөчө. Өткөн жылдагыдан кызыктуу, анан калса бош жүрөгүнүн орду толукталган. Апасынын айткан сөздөрүнүн  айрымдарын укса, калгандарына маани бербей,  кечки чач жасалгасын ойлонуп жатты. 
Шаңга бөлөнгөн шаар ичи жаңырган жылды тосуп, салют  менен шампандын үнүнө кошул-ташыл, бактылуу каткырыктар... бир заматта, жашообуз гүлгө айлангандай кызыл-тазыл жарыктар Бишкекти курчап калды. 
 
12ден 15 мүнөт өттү. Телефонуна келген чалуудан жүрөгү жарыла жаздады. Туура, караса "Жаным” деген жазуу. Сыртка чыгып эле маңдайында турган ашыгынын моюнуна асыла кетти. Негедир бүгүн Асланды мурункудан да көбүрөөк сүйгөнүн байкап, жашоосу жалгыз ошол адамга байланып калгандай сезилди.   
 
Жанындагы суйкайган сулуунун келбетине суктанган жигит Айжанга бул түндү чогуу көңул ачуучу жайларда өткөрүү планынан кеп салды. Көңүлү эч жакка чаппай турган бийкеч, чыйрыгып кеткенине карабай, үйүнүн алдындагы отургучка бир аз отуруп турууну сунуш кылды. Сулуунун сунушун четке какпай, эркелешкен эки жаш кучакташа отура кетишти. Аслан менен Айжандын ушул таптагы сүйүүсү миң жылдык муз болсо да, эритип жиберчү күчкө ээ эле. Айжан шаардык төрөт үйүнүн маңдайындагы көп кабаттуу батирде турат. Аңгыча терезеден ачуу кыйкырык менен кошо кандайдыр бир караан, кулап жерге түшкөндөй болду. Ооба, бирөө боюн таштады. Кайсыл кабаттан экени белгисиз, бирок, төрөт үйүнүн терезеси. Дароо жетип барууга болбойт. Анткени тегереги тор менен курчалган. Имаратты айланып барганча арадан беш мүнөт убакыт өтүп кетти өңдөнөт. Көргөн көзүнө ишене албай, тык токтошту. Айжанды коркуп калбасын деген ойдо Аслан жанына жетип барды. Суналган жансыз дененин жайылган узун чачы жүзүн жаап, бетин көрүүгө мүмкүн эмес. Тез жардамга телефон чалып, төрөт үйүнө ызы-чуу салып, арадан жарым саат убакыт өтүп кетти. Доктурлар келиндин жансыз денесин машинеге салып кетти. Айжан менен Аслан караан узата карап кала беришти. Ошол тапта Айжан арт жагынан ак баракка көзү түшүп, мычкылган баракты алып, окуганга аракет кылды. Бирок караңгыдан окуй албай чөнтөгүнө салып койду. Аны Аслан да байкабады өңдөнөт. Эмне экенин да сураган жок. 
               
Мына сага тамаша!  Кимдир бирөө майрамдап, жаңы жашоого кадам таштап, жыл тосуп жатса, айрымдары дал ушинтип жашоодон тажап өз өмүрүн кыйып жатышат. Демек баары эле Айжан эмес тура. Баары эле бүгүн Жаңы жыл тоспойт.  Баса, боюндагы баласын аман алып калды бекен, врачтар?! Он гүлүнөн бир гүлү ачылбай жатып, жаш өмүрүн кыйган кандай жан болду экен? Өмүр тартуулап,  боюндагы наристени жарыкка алып келсе болбойт беле?! Аны  неге ойлободу? Мына ушундай туңгуюк ойлор Айжанды чырмап алды. Бүткөн бою чымырап, Асланды үйүнө жеткирип коюусун өтүнүп баштады. Кыйылып турса да, сулуунун көңүлүн кыя албай, үйүн көздөй алып жөнөдү. Көз ачып жумганча эмнелер гана болбойт. Дүйнөнү өзгөртүү секундага да татыбайт тура.  Бүгүнкү пландарынын баары ойрон болду... Аслан менен коштошуп үйүгө кирээр замат, чөнтөгүндөгү баракты ачып окууга ашыкты.
                
"Апа, "Кош бойлуумун, бирок төрөбөшүм керек!”. Акылсыз кызыңды кечир. Берген ак сүтүндү актай албадым. Менден күткөн жакшылык, үмүттөрүңдүн баарын бир заматта жок кылдым. Мүмкүн төрөбөй койсоң, мынчалык сени азапка салмак эместирмин. Билем, "ЭНЕ” кымбат экенин. Бирок анын кымбатын баары сезе беришпейт. Өзгөчө мага окшош, маңкурттар. Туура. Мен маңкуртмун. Энемди өлтүрбөсөм да, тирүүлөй тозокко таштадым. Билем, мен үчүн кыйнала турган жалгыз адам - Сиз. Мунун  баарын эң жакшы түшүнүп турсам да, айла жок акылсыз эркиме баш ийүүмө туура келди. Айткан акыл кептериңди убагында укпаган экемин. Жаштыкка салып, жашоомду талкалап алдым. Бүгүн баары Жаңы жылды тосууга камданып жатат. Бир жыл мурда мен да Жаңы жыл деп  дегдеп, элден кем калбай бактылуу, ары кызыктуу күн өткөргүм келген. Бирок, ошондо түбөлүк тозокко түшүүгө даярданып атканымды билбепмин. "Атаңдын досу уулуна сени алып беребиз деп куда түшүп келип жатышат. Улан жаман бала эмес, ойлонуп көр. Бизге да жакшы болоор эле, жаныбызда көз сала жүрмөкпүз” деп айткан сөздөр эмдигиче кулагыма жаңырат. Ошондо, ойлонуп көрөйүн дегендин ордуна, так секирип, сүйлөшкөнүм бар. Андан башкага тийбейм деп теманы жаап салгам. Тимурсуз жашоо жоктой сезилчүү. Андан ажырасам өлүп калам го дечүмүн. Көрсө бул жөн гана жел ойлор тура, заматта учуп кетчү.  Так мындан бир жыл мурда, ушул күнү Тимурга өзүмдү арнадым. Мен аны келечектеги жолдошум деп элестеттим. Көзүмө Тимурдан башка эч ким көрүнбөй, 1-январдан тартып экөөбүз бирге жашап алдык. Бизди эч ким билбечү. Кыш бүтүп, жаз келди. Ата-энелерибиздин алдынан өтөлү деген сунушумду четке кагып, шашылба деп койчу. Мен деле убагы келээр деп үндөбөй жүрө бердим. Июнда өзүмдү алсыз сезип, ооруп калдым. Доктурга барып, анализ тапшырсак 2 айлык  боюңда бар деп жыйынтык чыгарып коюшту. Айлам куруп турса да, балалуу болобуз деген сүйүнүчүмдө чек жок эле. Бирок, анализдеримдин калганы начар чыгып, СПИД борборуна жөнөтүштү. Чынында эле, мен СПИД деген айыккыс илдет менен ооруп калыптырмын. Дароо оюма Тимур келди. Ага кантип айтам? Демек, ал да ооруп калды. Мен куруюн. Оорумду жугуздум. Бирок, Тимурдан мага жуккандыгы акылыма келбептир. Кечинде көңүлсүз тамак ичип отурсам Тимур кирип келди. Окуянын болгонун айтып бердим.  Көзүмдүн жашын аарчып, баарына өзүнүн күнөөлүү экенин, СПИД менен ооруп калганын ал мындан бир ай мурун билгенин жашырбады. Жашоом астын-үстүн болуп, курсагымдагы баланын тагдырын ойлоп баштадым. Бейкүнөө наристенин өмүрүн кыйгым келген жок. Ага жарык жашоо тартуулагым келди. Бирок, кантип?! Менден СПИД бала төрөлөт да! Эртеси врачка барсам, наристенин оорулуу же оорулуу эместиги төрөлгөндөн кийин билинет деп үмүт берип коюшту. Демек төрөсөм болот. Врачтар көзөмөлдөп турат. Ошол күндөн бери, Тимурду көргөн жокмун. Кезегинде айды алып берүүгө даяр турган адам, эми кайда? Болоор иш болду, боесу канды. Бирок наристеми жарык дүйнөгө алып келүүгө эрким жетпеди. Анын алдында адамдык, энелик милдетимди түшүндүм. Узак деле жашай албайт. Андан көрө азыр эле төрөлбөй койгону оң. Күнөөсү жок таптаза бойдон калсын. Моралдык укугум баламды төрөөгө жол бербеди. Менин артымдан эч кимди күнөөлөбөгүлө, суранам! Ар ким өз жазасын алсын! Апа, кечир мени! Артымдан азап тартпа, унут! Көп баламдын бири деп кой. Кош жарыктык... биз уулум экөөбүз, түбөлүк жашоого кеттик... Рахмат, сизге апаке... Арсыз кызыңыз Жамал...”
                  
Эх, Жамал  мынча акылың тайкы дейин десем, бул да маңдайыңа жазылган тагдыр. Турмуштун сыноосуна чыдай албадың” деп шыбыраган Айжан,  жаздыгын сууга чылап ыйлап жатты... 1-январь СПИД борборуна барса, иштебей тургандарын айтышты. Эртеси күнү  Айжан, таң атпай эрте туруп, республикалык СПИД борборунан Жамалдын дарегин, туулган жылын таап айылга ата-энесине катты жеткирип берүүгө жөнөп калды. Врачына жолугуп, Жамалдын ата-энесинин дарегине катты жеткирди. Эх, эненин көз жашы. Кудай башка салбасын, муун-жүүндү калтыратып, ыйы сай сөөктү сыздатат. Ошондогу бир мүнөт, бир кылым менен тете эле... 
 
Арадан бир ай өтпөй Айжанды соттун залына көрсөтмө берүүгө чакыртышты. Жан дүйнөсү эңшерилген неме, анчалык азапка малынган  жерге баргысы келбегени менен баруусу керек болчу. Катты кайдан таап, кантип жеткиргенин сурашат да...
     Залдын ортосунда "ботосун жоготкон боз ингендей” боздогон эне, Тимур, Жаңы жылда  түнкү нөөмөттө калган төрөт үйүнүн кызматкерлери, врач, өкүм үнүн чыгарган сот, адвокат баардыгы отурат. Айыпталуучу Тимурбу? 
- Айыпталуучу Тимур Асанбекович! Айтсаныз, СПИД менен ооруганынызды качан билдиниз?  Үн сөз жок. Бир топко ооз ачалбай турган Тимур:
- Биз Жамал менен кыз жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Мен деле өзүмдүн ооруп калганымды билген эмесмин. Күтүүсүздөн тапшырылган анализден улам билдим. Жамалга айта албай жүрдүм. Аны өзүмдөн алыстаткым келди. Бирок, баары кеч эле... Боюнда бар экенин айткан күндөн тарта биз эки жолго кеттик. Өзүмдүн канымдан жаралган баланын азапка, кыйноого төрөлүшүн каалабадым. Жамал болсо көк беттигине салып, төрөймүн деп туруп алды. Эмне кылышымды билбей, бүт нерсени унутуп жер кезип кетким келди. 
- Ошол боюнча кайра жолуктуңарбы?
- Жок. 
- Айтынызчы, Назира айым! Ошол күнү төрөт үйүндө сиз менен бирге мээрман айым Сагын күзөттө экенсиңер. Жамалдын абалынан бат-бат кабар алып турдуңар беле?
- Ооба, кабар алып турганбыз.  Жаңы жылга он мүнөт калганда бөлмөлөргө кирип, куттуктап чыкканбыз. Жамалдын көңүлү ачык эле болчу. Ошол күнү өңү кер сары тартып калгынан толгоосу жакындаган го деген ойдо калгам.
- Демек, Жаңы жылды өзгөчө тосконсуздар?
- Жоо. Өзгөчө деле эмес, болгону эл катары. 
- Ар бир аялга көз салып туруу - милдетиңер беле?
- Туура. Бирок, биз мындай болоорун күтөн эмеспиз... Жаздыгынын башында бул сүрөт калыптыр. 
Эне кургур кызынын күлүмсүрөгөн сүрөтүнөн көзүн албай, буркурайт. Ал эми Айжандын ою оңго бөлүндү. 
- Айжан, катты кайдан таап алдыныз?
Сотто көрсөтмө берип жаткан Айжан эч нерсе деп үн ката албай, көзүнөн мончок жаш кулады. Табиятынан боорукер жаралган кыз, буркурап ыйлап көргөн билгенин сот залында айтып берип жатты...  
Арадан жарым саат өтпөй соттун өкүмү чыгып, Тимур менен кошо  нөөмөттө калган төрөт үйүнүн эки кызматкери эки жылга эркинен ажыратылды.
Жалгыз гана каттагы "Кош бойлуумун, бирок төрөбөшүм керек” деген сөз кулагына жаңырып, чуулдап туруп алды. Эх, Жаңы жыл. Кимдир бирөөлөр үчүн майрам болгону менен, айрымдарына армансың... 1-январды күлүп эмес, күйүнүп тоскондор көп тура. Чындап эле, ушул күнү акча эң көп сарпталып, ичкилик эң көп ичилет экен. Аа ичкилик болгон жерде, эмне гана болбойт. Жамалга окшоп абийиринен ажыраган кыздар канча?! Тагдырга шылтай салганыбыз менен, оюн-күлкүнүн чеги бар  да. Ата- эненин тилин уксак, балким мындай болмок эмес. Мен да апамды аяп кеттим. Эне эмеспи. Мен үчүн канчалык толгонот. А менин оюм башкада... Балким, бул окуя болбогондо Аслан менен Жаңы жыл тосмокмун. Кудай сактасын, айтып болбойт... андан аркысын ойлогум келбейт. "Жашоо алгач сынак салып, анан сабак берет”. Бул жылкы Жаңы жыл мага кө-өп сабак берди... деген ойлор менен сот залынан чыккан Айжан, көзүнүн жашын сүртүп, шаардын кыйма-чийме жашоосуна сүңгүп кетти...

Категория: Журоктон чыкан сырлар!!! | Просмотров: 785 | Добавил: kubaaika88 | Рейтинг: 2.5/2
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *: