Главная » Жан дүйнө
«Адамдын жакшысын адам бузат» деген чын белем. Анын мага кылган мамилелеринен улам ал менден эч кайда кетпейт деп толук ишенчүмүн. Сүйүктүүмдүн күтүүсүз кадамы жан дүйнөмө бүлүк түшүрүп, жаз дүйнөмө бороон салды». Маектешим оор үшкүрүп башынан өткөнүн баян кылды.

«БААРЫ ДОСТУКТАН БАШТАЛДЫ»
– Аны менен таанышканыма көп болду. «Бардыгы достуктан башталат» десе капарыма алчу эмесмин. Талгат экөөбүз досторубуз аркылуу таанышып, майрамдык кечелерде чогуу отуруп калчубуз. Менин үйүм алыс болгондуктан, мындай майрамдарда эрте кетчүмүн. Ал дайым мени ошол ызы-чуулуу дүйнөдөн сууруп кетип үйүмө жеткирип койчу. Мен мындай мамиленин бардыгын достук деп эсептеп, аны адамгерчиликтүү жан катары сезчүмүн.
Бир күнү арабыздан биринин туулган күнү болуп, жайдын толуп турган мезгили болгондуктан, табияттын коюнуна чыгып эс алып келмей болдук. Чөйрөмдө көбүнчөсү өзүмө окшогон бардар кишилердин балдар-кыздары. Кайда барбайлы акча деген көйгөй жок, кете берчүбүз.

«АЛ – БУЗ ... Читать дальше »
Категория: Жан дүйнө | Просмотров: 1024 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 10.Марта.2014 | Комментарии (2)

«Кантип эле ушундай болсун, болсо да эркек кишинин моминтип коомго айтып отурушу жигитчиликпи?» дебеңиз, окурман. Жигиттерде да жүрөк, сезим, арман болот. Тагдыр оюндарын көрүп отуруп жашоого бир жактуу баа берүүдөн да коркосуң. Атын жашыруун калтыргысы келген алайлык жигиттин арманына гезитибизден орун бердик.

«КЕЛИНЧЕГИМ БАШКАЛАРГА КӨҢҮЛДӨШ БОЛУП КЕТИПТИР»
– Жашоодо ойго келбеген окуялар көп болот экен. Өзүң менен бирге жатып, бирге турган адамың да көзүңө чөп салып кетиши оңой болуп калыптыр. Аялдардын жеңил ойлуулукка берилип кеткендерин көрүп, кулагым менен угуп жүрсөм да, менин аялым ушундай жолго түшүп кетет деген нерсе үч уктасам түшүмө кирбеген.
Келинчегим менен турмуш курганыма 10 жылдан ашты. 2 уул, 1 кызыбыз бар. Тун уулубуз 5-класста окуйт, кенже кызыбыз 2 жашта. Үй-бүлө багуу – эркек кишинин милдети, эрте кетип, кеч келем. Акыркы күндөрү аялымдын мага болгон мамилеси өзгөрө баштады. Мени көргүсү келбей, кичинекей нерседен күндө ... Читать дальше »
Категория: Жан дүйнө | Просмотров: 1655 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 10.Марта.2014 | Комментарии (1)

Күчтүү адамдарга сыноо көп берилет дешет. Бирок

ашыкча сыноодон сынып каламбы деп коркуп турам» деген Самара тагдыр
таржымалын айта баштады...


«ЖОЛДОШУМА ЭМЕС, КАЙНЕНЕМЕ ЖАГЫП ҮЙЛӨНГӨНБҮЗ»
– 19 жашымда кайненем мени көрүп калып, «жакшы келин болчудайсың, кагылайын. Балам менен таанышчы»
деп отуруп үйгө куда түшүп барышкан. Уулу Адыл менен тааныштырып,
ата-энелерибиз сүйлөшүп, 2 жумадан кийин эле үйлөнтүп коюшту. Жолдошум
түшүнүктүү, иштеген иши, үстүндө үйү бар. Мени дароо кесибим боюнча
мектепке жумушка киргизип койду. Алгач жашообуз ойдогудай өтүп жатты.
Ата-энемдин «кайын журтуңду сыйла ... Читать дальше »

Категория: Жан дүйнө | Просмотров: 937 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 10.Марта.2014 | Комментарии (1)

Мен түшүнбөй калдым. Сени түшүнүп турам, өзүмдү да
түшүнөм, жылтылдап жаныбыздан өтүп бараткан абал да дайын. Бирок сени
менен кантип күрөшүүнү билбейм. Мен ал үйгө жаңы жашоо башташ үчүн
кайткам. Эскилерди унутуп, таарынычтарды түртүп таштап, cага деген
сезимге баш ийип барган элем. А бирок cенин үйүң жаңы жашоо баштоого
даяр эмес экен. Дубалдар келип-кеткен белгисиз, көп сандаган аялдардын
жыттарын сиңирип алыптыр. Күзгүнү тиктөөдөн корктум. Ар бир аялдын элеси
кезектешип көрүнө калчудай сезилип, ансыз да эзилип турган жүрөгүмдү
кыйнабасын дедим. Көрбөйүн, билбейин, мага белгисиз бойдон калсын...

Кайдан,
шыпыргыны колума аларым менен дивандын, столдун, отургучтун алдынан,
жуунуучу жайдан, укто ... Читать дальше »

Категория: Жан дүйнө | Просмотров: 1029 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 10.Марта.2014 | Комментарии (2)

БАКТЫМДЫН БАРКЫН БИЛБЕПТИРМИН
– Өзүм жөнөкөй болгонум менен, ичимде өжөрлүк, тайманбастык күчтүү эле. Дал ошол мүнөзүмдүн айынан турмушумда жетпей калган максатым болгон жок. Кызматымдан бир тепкичтен бирине өйдөлөп отурдум, үй-бүлө күттүм, бала-чакалуу да болдум. Мамлекеттин эң күчтүү тармагын башкарып калдым. Бизнесим да жакшы жүрүшүп жатты. Чындыгын айтканда, чечилбей турган маселе мен үчүн жок эле, өзүмө болгон ишеничим өтө чоң болгондуктан, бул дүйнөнү толук багындырдым деп ойлогом.
Көрсө, бул жарыкта байлыкка сатып алгыс, бийликтин да алы жеткис баалуулуктар бар экен. Алар – өз каныңдан жаралган балдарың жана үй-бүлөң. Көбүнчөсү булар жаныңда жүргөн учурда кол жеткис экени билинбейт тура. Жашым элүүдөн ашканча жумуш деп жүрүп, аялым менен балдарымды айлап көрбөй калган күндөрүм көп болду. Алар менен чогуу отуруп баарлашуу, эс алуу деген нерсе жокко эсе болчу. Жубайым тектүү жердин кызы, мүнөзү токтоо, акылдуу жан эле, мен баркын билбепмин. Бул ... Читать дальше »
Категория: Жан дүйнө | Просмотров: 1361 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 10.Марта.2014 | Комментарии (1)