Главная » Түркүн дүйнө
Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 911 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 15.Марта.2014 | Комментарии (4)



Кытайлык
63 жаштагы Не Юнбин бир учурда автоунаанын төрт дөңгөлөгүнүн камерасын
жел менен мурду аркылуу үйлөп толтурду. Мындан да кызыгы, ар бир
камеранын үстүнө экиден киши салмагын салып турганына карабай, ал буга
болгону 21 мүнөт убакыт короткон. Үч жыл мурда дарыгер ден соолугун
жакшыртуу үчүн Юнбинге мурду менен шар үйлөп турууну сунуштаган экен.
Шарларга алымсынбай калганбы, айтор, кайран кытай эми минтип
дөңгөлөктөрдүн желин толтурууга өттү.


Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 663 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 10.Марта.2014 | Комментарии (1)


Гонконгдук
миллиардер Сесил Чао 33 жаштагы Гиги аттуу кызына күйөө таппай убара
болууда. Ал кызынын жүрөгүн багынтып, аялдыкка алган күйөө баласына 130
миллион доллар берүүгө даяр. Сесил буга чейин 2012-жылы да кызына
үйлөнгөн эркекке 65 миллион доллар бере турганын жар салган. Анда 20
миңге жакын жигиттер сунуш боюнча кайрылып, бирок бирөөсү да кыздын
жүрөгүн жылыта алган эмес. Себеби Гиги эркек менен эмес, Шон Ив аттуу
айым менен 9 жылдан бери бирге жашап, 2012-жылы Францияда баш кошкон.
Бирок атасы кызынын бул жоругун таштап, кайсы бир күнү аял катары бала
төрөп, түз жолго кайтуусунан үмүт үзбөй келет.
Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 851 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 10.Марта.2014 | Комментарии (2)


Лейпциг-Халле
аэропортундагы ташылып бараткан килемдердин арасынан 45 килограмм
героин табылды. Учак аркылуу Ирандан жөнөтүлгөн ар бир килемде 5
килограммдан баңгизат катылган. Баңгизат катылган 9 килем Германияга
келип, андан ары Польша, Франция, Бельгия жана Конго мамлекеттерине
жеткирилмек. Бирок немистердин кыраакы бажы кызматкерлери баңгизат сатуу
менен алектенгендердин тилегин таш каптырды. Алар килемдердин салмагы
оор болгондугунан улам шек санап, текшерүүгө алганда кездемеге оролгон
ичинде героин катылган ичке пакет түтүкчөлөрдү табышкан. Орто эсеп менен
алганда, кармалган героиндин Европадагы жалпы баасы 2 миллион еврону
түзөт.



... Читать дальше »

Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 817 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 10.Марта.2014 | Комментарии (1)

Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 1449 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 15.Марта.2014 | Комментарии (1)

Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 887 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 15.Марта.2014 | Комментарии (1)

Категория: Түркүн дүйнө | Просмотров: 755 | Добавил: kubaaika88 | Дата: 10.Марта.2014 | Комментарии (1)